Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы токтомуна)
3-тиркеме
Адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө жекече мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугу тууралуу типтүү нускама
1. Адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө жекече мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугу тууралуу типтүү нускама (мындан ары – Нускама) «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө», «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизминин курамдык бөлүгү болуп саналат.
2. Ушул Нускама адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары жана адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө жекече мүнөздөгү маалыматтарды коргоо тартибин белгилейт.
3. Ушул Нускаманын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы – адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо жол-жоболорунан өткөнгө чейин адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы катары Кыргыз Республикасынын/чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан аныкталган же өзүн адамдарды сатуунун курмандыгы деп жарыялаган адам;
2) алгачкы байланышкан адам – адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы менен биринчи болуп байланыш түзгөн, адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоого ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлү;
3) алгачкы маектешүү – алгачкы байланышкан адам тарабынан адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоого чейин токтоосуз жардам берүү максатында адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын кечиктирилгис муктаждыктарын аныктай турган маектешүү;
4. Ушул Нускама төмөнкү принциптерге негизденет:
1) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары менен адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктары менен кызыкчылыктарынын артыкчылыгы;
2) адамдарды сатуунун жашы жете элек курмандыктарынын укуктарын мыкты камсыздоо;
3) адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо;
4) жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий же башка ынанымдарына, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан адамдын абийирин жана ар-намысын коргоо;
5) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары менен адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоого жана социалдык жактан жардам көрсөтүүгө байланышкан маалыматтын, анын ичинде адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары менен адамдарды сатуунун курмандыктарынын жекече мүнөздөгү маалыматтарынын купуялуулугу;
6) коргоонун жана социалдык жардам көрсөтүүнүн колдонуудагы механизмдери тууралуу маалыматка адамдарды сатуунун курмандыгынын жетүүсү.
5. Ушул Нускаманы жүзөгө ашыруунун субъектилери болуп төмөнкүлөр саналат (мындан ары - Субъектилер):
1) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктарын аныктоо жана алгачкы маектешүү процессине, адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого, кайра жиберүүгө жана социалдык жактан жардам көрсөтүүгө катышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;
2) коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча);
3) эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча);
4) жеке менчик формасына карабай адистештирилген мекемелер.
6. Субъектилер адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары менен адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө жекече мүнөздөгү маалыматтардын купуялуулугун ушундай адам менен алгачкы байланышкан учурдан тартып камсыздайт.
Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого катышкан субъектилерде купуялуу маалыматка жетүү деңгээлине ээ болгон адамдардын чөйрөсүн аныктаган купуялуу маалыматты коргоо жөнүндө ведомстволук акты, ошондой эле кызматкерлердин купуялуу маалыматты ачыктабоо жөнүндө милдеттенмелери болушу керек.
7. Маалыматтардын талаптагыдай купуялуулугун камсыздоо максатында субъектилер адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктарынын жана адамдарды сатуунун курмандыктарынын жекече мүнөздөгү маалыматтары менен иштөөдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) «берилген маалыматка ээ болуу зарылдыгынын даражасына шайкеш келүү» принциби боюнча, б.а. адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары жана адамдарды сатуунун курмандыктары менен иштөө үчүн түздөн-түз зарыл болгон маалыматты топтоого;
2) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктарын жана адамдарды сатуунун курмандыктарын алар жөнүндө маалымат топтоонун себептери жана максаттары жөнүндө маалымдоого;
3) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары жана адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө маалыматты конкреттүү максатта жана белгилүү бир жагдайда алардын жеке маалыматтарды пайдаланууга уруксат берген жазуу жүзүндөгү жана маалымдалган макулдугу болмоюнча эч кандай жеке маалыматтарды өткөрүп бербөөгө;
4) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары менен адамдарды сатуунун курмандыктарынын аларга байланыштуу маалыматка жетүүсүн камсыздоого;
5) эл алдында чыгып сүйлөө учурунда же жалпыга маалымдоо каражаттарында ал адамдын макулдугусуз маалыматтарды ачыктабоого;
6) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары жана адамдарды сатуунун курмандыктары алардын ким экенине байланышкан маалыматтарды ачыктоого макулдугун берген учурда, аларга мындай ачыктоонун ыктымалдуу тобокелдиктери жөнүндө түшүндүрүп берүүгө;
7) адамдарды сатуунун курмандыктарынын сүрөтү бар графикалык образдарды жана/же видеоматериалдарды пайдалануу учурунда алардын жүзүн көрсөтпөөнү жана үнүнүн тембрин өзгөртүүнү камсыздоого;
8) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары жана адамдарды сатуунун курмандыктары менен ушул Нускаманын тиркемесине ылайык купуялуулук жөнүндө келишимге кол коюуга;
3) туруктуу негизде маалыматтардын купуялуулугун камсыздоого жана аларды ачыктоонун кесепеттерине байланышкан маселелер боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууну камсыздоого.
8. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жекече мүнөздөгү маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жана/же ушундай маалыматты алууга ыйгарым укуктары жок болгон үчүнчү адамдарга колдонууга жана өткөрүп берүүгө;
2) адамдарды сатуунун курмандыгынын ким экенин идентификациялоого мүмкүн болгон графикалык образдарды жана/же видеоматериалдарды жарыялоого;
3) адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоого мүмкүндүк берген конкреттүү иштин жагдайлары же чыгарган өлкө жөнүндө маалыматты ачыктоого;
4) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары жана адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө купуялуу маалыматтарды камтыган басып чыгарылуучу материалдарды башка адамдарга жеткиликтүү болгон жерлерге калтырып коюуга.
9. Жекече мүнөздөгү маалыматтарды өткөрүп берүүдө маалыматтарды алуучуга маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо милдети жүктөлөт.
10. Жекече мүнөздөгү маалыматтарды транс чек ара аркылуу өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын юрисдикциясынын алдында болгон жана маалыматтарды өткөрүп жаткан Субъект тараптардын ортосунда эл аралык келишимдин бар экендигине жана ага ылайык маалыматты алып жаткан тарап адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун шайкеш деңгээлин камсыздай турганына таянат.
11. Субъект адамдарды сатуунун курмандыктарынын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөрүлүп жаткан жекече мүнөздөгү маалыматтарынын бурмаланышына жана уруксатсыз пайдаланышына жол бербей тургандай коргоо чараларын камсыздайт.
12. Адамдарды сатуунун курмандыктарынын жекече мүнөздөгү маалыматтарын, алардын укуктары менен эркиндиктери шайкеш деңгээлде корголбогон өлкөлөргө берүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат:
1) адамдарды сатуунун курмандыгы жекече мүнөздөгү маалыматтарын берүүгө макулдугун берсе;
2) эгер маалыматты берүү адамдарды сатуунун курмандыгынын өтө маанилүү кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо;
3) эгер жекече мүнөздөгү маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү жыйындысында жекече мүнөздөгү маалыматтар сакталса.
13. Адамдарды сатуунун курмандыктарынын жекече мүнөздөгү маалыматтарын глобалдуу маалымат түйүнү (Интернет) аркылуу берүүдө ушул маалыматтарды берип жаткан Субъект маалыматтын купуялуулугун сактоо менен алардын зарыл болгон коргоо каражаттары аркылуу берилишин камсыздоого милдеттүү.
14. адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктарынын же адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө маалыматты кабарлоо же таратуу мындай адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурганда ачыкталбайт.
15. Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары жана адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө купуя маалыматтар жана коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтарды ачыктоо, ошондой эле тергөөнүн маалыматтарын жана жазык процессинин катышуучуларына карата колдонулган коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык куугунтукталат.
16. Субъектилер ушул Нускамага ылайык купуя маалыматты ачыктагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жазык жана эмгек мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Адамдарды сатуунун курмандыктары
жөнүндө жекече мүнөздөгү маалыматтын
купуялуулугу тууралуу типтүү нускамага
тиркеме
Купуялуу маалыматты ачыктабоо жөнүндө келишим
Мен____________________________________________________________,
(аты-жөнү)
________________________________________________________________,
(ээлеген кызматы жана мекеменин аталышы)
______________________________________________________________
(аты-жөнү)
жөнүндө топтолгон жекече мүнөздөгү маалыматтарды алдын ала берилген жазуу жүзүндөгү анын макулдугусуз ачыктабоого милдеттенем.
________________________ _____________________
(аты-жөнү) (колу)
_________________
(датасы)