Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы токтомуна)
4-тиркеме
Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан
реабилитациялоого жардам көрсөтүү боюнча нускама
1-глава. Жалпы жоболор
1. Адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жактан реабилитациялоого жардам көрсөтүү боюнча ушул нускама «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жактан жардам көрсөтүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Нускамада пайдаланылган негизги түшүнүктөр:
1) адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоого жардам көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) – аткаруу бийлигинин эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү органы;
2) адис – адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча ишке жооптуу ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
3) социалдык жактан реабилитациялоо – адамдарды сатуунун курмандыктарына толук кандуу жашоого жана укуктары менен болжолдуу мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруусуна мүмкүндүк берген өзүн-өзү тейлөө, кесиптик иштин ар кандай түрлөрү менен алектенүү боюнча бузулган же жоготкон жөндөмдөрүн калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого) багытталган иш-чаралар комплекси;
4) реинтеграция – адамдарды сатуунун курмандыгынын үй-бүлөдөгү жана коомдогу психологиялык, социалдык-экономикалык, социалдык-маданий мамилелерин камтуу жана калыбына келтирүү процесси;
5) иштин жекече планы – бул адамдарды сатуунун курмандыгын социалдык жактан реабилитациялоого жардам көрсөтүү үчүн иштеп чыгуу зарыл болгон тыкыр иш-чаралар планы.
3. Социалдык жактан реабилитациялоонун негизги максаты болуп адамдарды сатуудан жапа чеккен адамдарга өз укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүү эсептелинет.
4. Социалдык жактан реабилитациялоо өзүнө төмөнкү аспектилерди камтыган «зыян келтирбе» принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) купуялуулук;
2) коопсуздук;
3) жекече мүнөздө мамиле кылуу;
4) гумандуу мамиле;
5) айыптабаган мамиле;
6) кесипкөйлүк.
5. Социалдык жактан реабилитациялоонун негизги милдеттери төмөнкүлөр:
адамдарды сатуунун курмандыктарынын адамды көз карандысыз аракеттенип, жашоосунда болуп жаткан нерселер үчүн өзүнө жоопкерчиликти алуу үчүн шыктандырууга багытталган шык-жөндөмдөрү менен моралдык-эрктүү сапаттарын болушунча өнүктүрүү;
адамдарды сатуунун курмандыгы менен аны курчап турган социалдык чөйрөнүн ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүү;
адамдарды сатууга байланышкан жагдайлардын алдын алуу.
2-глава. Адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жардам көрсөтүү тартиби
6. Адамдарды сатуунун курмандыгы ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүгүнө кайрылган учурда адис аны идентификациялагандан кийин адамдарды сатуунун курмандыктарын эсепке алуу журналына каттап, төмөнкү иш-аракеттерди жасайт:
тобокелдикти баалоону жүргүзөт;
коопсуздук планын түзөт (зарыл болгон учурларда);
муктаждыктарынын тизмегин аныктайт;
жеке иш планын түзөт;
жеке иш планын жүзөгө ашырууда адамдарды сатуунун курмандыгын коштоп жүрөт;
зарыл болгон учурларда адамдарды сатуунун курмандыгын башка уюмдарга жана мекемелерге жөнөтөт;
жеке иш планынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине адамдарды сатуунун курмандыгы болгон чет элдик жаранды идентификациялоо жана мекенине кайтаруу зарылдыгы жөнүндө кабарлайт;
адамдарды сатуунун курмандыгын социалдык жактан реабилитациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан коштоону камсыздайт.
7. Адис адамдарды сатуунун курмандыгы менен байланышып, биринчи жолугушуу учурунда төмөнкүдөй маалыматты берет:
1) социалдык жактан реабилитациялоо боюнча берилген жардамдын түрлөрү, аны алуунун шарттары менен тартиби жөнүндө;
2) жардам көрсөтүлгөн учурда адамдарды сатуунун курмандыгы жөнүндө маалыматты пайдалануу жана сактоо тууралуу.
8. Маалымат берилгенден кийин, жардам алууга макул болгон учурда, адамдарды сатуунун курмандыгы ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча социалдык жактан реабилитациялоо жардамын алууга макулдук берүү жөнүндө арызга кол коёт.
9. Адамдарды сатуунун курмандыгын социалдык жактан реабилитациялоого жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан туруктуу негизде иштеген адамдарды сатуунун курмандыгын социалдык жактан реабилитациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиялар түзүлөт.
Адамдарды сатуунун курмандыгын социалдык жактан реабилитациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – Комиссия) өз ишин ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык Адамдарды сатуунун курмандыгын социалдык жактан реабилитациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө типтүү жобого ылайык жүзөгө ашырат.
10. Адис адамдарды сатуунун курмандыгын коштоп баштаган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча тобокелдикти баалайт.
11. Тобокелдикти баалоонун алдында адис адамдарды сатуунун курмандыгына төмөнкүлөрдү түшүндүрүп берет:
1) баалоону өткөрүүнүн максатын жана аны пайдаланууну;
2) ушул маалыматка жетүүгө укуктуу субъектилердин тизмегин.
12. Тобокелдикти баалоо төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:
ден соолугунун абалы (дене бойлук жана психологиялык абалы);
зомбулук коркунучтун болушу;
адамдарды сатуунун курмандыгынын үй-бүлөсүнө байланыштуу маселелер;
адам сатуучуларды жазыктык куугунтукка алуу мүмкүндүгү;
чет мамлекеттин жараны болгон адамдарды сатуунун курмандыгын мекенине кайтаруу тартиби;
адамдарды сатуунун жашы жете элек курмандыгын балдар мекемелерине жайгаштыруу зарылдыгы.
13. Зарыл болгон учурларда адис адамдарды сатуунун курмандыгы менен биргеликте ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык форма боюнча коопсуздук планын иштеп чыгат.
Адамдарды сатуунун курмандыгынын өмүрү менен ден соолугун коргоону камсыздоого байланышкан коопсуздук планынын айрым иш-чаралары күбөлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгат.
14. Адамдарды сатуунун жашы жете элек курмандыгына тобокелдикти баалаганда, анын мыйзамдуу өкүлү менен психолог катышуусу зарыл. Тобокелдикти баалоо жашы жете электин курагын жана жынысын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
15. Тобокелдикти баалоонун жана коопсуздук планын түзүүнүн жыйынтыгы боюнча адис адамдарды сатуунун курмандыгы менен биргеликте бир күндүк мөөнөттө ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык форма боюнча муктаждыктардын тизмегин иштеп чыгат.
16. Муктаждыктарды баалоонун алдында адис адамдарды сатуунун курмандыгына төмөнкүлөрдү түшүндүрүп берет:
1) баалоонун максатын жана аны пайдаланууну;
2) ушул маалыматка жетүүгө укуктуу субъектилердин тизмегин.
17. Муктаждыктарды баалоо өзүнө адамдарды сатуунун курмандыгынын социалдык, медициналык, психологиялык, укуктук, билим алуу, турмуш-тиричилик жана башка муктаждыктарын баалоону камтыйт.
18. Адамдарды сатуунун жашы жете элек курмандыгынын муктаждыктарын баалоодо анын мыйзамдуу өкүлү менен психолог катышуусу зарыл. Муктаждыктарды баалоо жашы жете электин курагын жана жынысын эске алуу менен өткөрүлүшү керек.
19. Адамдарды сатуунун муктаждыктарын баалоо аяктагандан кийин адис беш жумуш күндүн ичинде Комиссиянын төрагасына иштелип чыккан документтерди макулдашуу жана бекитүү, ошондой эле иштин жеке планын түзүү жана бекитүү үчүн комиссияны чакыруу жөнүндө сунуш киргизет.
Адамдарды сатуунун курмандыгы психологиялык жабырланууга дуушар болбошу үчүн Комиссия документтерди жабырлануучуну катыштырбастан карап чыгат.
20. Комиссия адис тарабынан иштелип чыккан документтерди талкуулайт. Зарыл болгон учурларда Комиссиянын конкреттүү чөйрөдөгү атайын билимге ээ болгон мүчөсү каралып жаткан документтердин айрым жоболорун оңдоп-түзөө бонча сунуштарды киргизет.
21. Тобокелдиктерди баалоо, коопсуздук планы жана муктаждыктардын тизмеги Комиссиянын чечими менен бекитилет.
3-глава. Адамдарды сатуунун курмандыгы менен иштөөнүн жекече планы
22. Адамдарды сатуунун курмандыгы менен иштөөнүн жекече планы (мындан ары – жекече иш планы) Комиссия тарабынан тобокелдикти баалоонун жана муктаждыктардын тизмегинин негизинде адамдарды сатуунун курмандыгы жок кезде түзүлөт жана өзүнө адамдарды сатуунун курмандыгы укуктук, медициналык жардам алууга, башпаанек кызмат көрсөтүүлөрүнө жана башка жардам көрсөтүүнүн түрлөрүнө ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык форма боюнча жетүүсүн камсыздоо үчүн иш-чараларды камтыйт.
23. Көрсөтүлүүчү жардамдын түрлөрү:
1) башпаанек берүү;
2) укуктук жардам;
3) документтерди калыбына келтирүү;
4) медициналык жардам;
5) психологиялык жардам;
6) жашы жете электердин үй-бүлөлөрүн же камкорчуларын аныктоо;
7) акысыз билим берүү курстарын сунуштоо;
8) ишке орношуусуна көмөктөшүү.
24. Жекече иш планында адамдарды сатуунун курмандыгы жардам алуу үчүн кайсы мекемелерге жөнөтүлө тургандыгы көрсөтүлөт. Комиссия жекече иш планын андан ары аткаруу үчүн бекитет.
25. Адис жекече иш планында кандай жардам алынгандыгы жөнүндө белги коёт. Жекече иш планы адамдарды сатуунун курмандыктарынын жеке муктаждыктарын эске алуу менен аны аткаруу үчүн зарыл болгон мөөнөткө түзүлөт.
26. Адис жекече иш планын жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзөт жана аны аткаруунун мөөнөттөрүнүн сакталышына көзөмөл кылат.
27. Жекече иш планын жүзөгө ашырууга мониторинг кылуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл бурууну талап кылган учурларда адис зарылдыгына жараша Комиссиянын төрагасына үч жумуш күндүн ичинде комиссияны чакыруу жөнүндө сунуш киргизет.
Комиссиянын жыйынында адис жекече иш планын жүзөгө ашырууда келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө маалымдайт. Комиссиянын чечими боюнча жекече иш планы оңдолуп-түзөтүлсө болот.
28. Адамдарды сатуунун курмандыгын социалдык жактан реабилитациялоо чаралары төмөнкү учурларда токтотулат:
1) социалдык жактан реабилитациялоо максаттарына жеткен учурда;
2) адамдарды сатуунун курмандыгы социалдык жактан реабилитациялануудан баш тарткан учурда.
29. Социалдык жактан реабилитациялоо чаралары ушул адамга карата адамдарды сатууга байланышкан иш-аракеттер жасалбагандыгы жөнүндө маалыматтар алынган учурда токтотулушу мүмкүн.
30. Адис адамдарды сатуунун курмандыгы менен иштөөнүн жеке планында себептерин көрсөтүү менен социалдык жактан реабилитациялоо чаралары токтотулгандыгы жөнүндө белги коёт жана жекече иш планынын көчүрмөсүн Комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтөт.
4-глава. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон балдарды аныктоо жана социалдык коштоо тартиби
31. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон балдарды аныктоо ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен биргеликте жүзөгө ашырылат.
32. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон балдарды аныктоого төмөнкүлөр көмөктөшөт:
1) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандары;
3) оор турмуштук жагдайга дуушар болгон балдар менен үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча);
4) эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча).
33. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдар аныкталган учурда ушул Нускаманын 32-пунктунда аталган органдар эки күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалымдоого милдеттүү.
34. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон бала аныкталган учурда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тез арада укук коргоо органдарына кабарлайт.
35. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон бала аныкталган учурда адис жагдайды ар тараптан баалайт жана адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы коргоонун жекече иш планынын долбоорун иштеп чыгат. Жекече иш планында психологиялык, медициналык, укуктук жана реабилитациялоо жардамын көрсөтүү боюнча чаралар каралышы керек.
36. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы коргоонун жекече планынын долбоору Балдардын иши боюнча комиссиянын кароосуна жана жактыруусуна коюлат.
Адамдарды сатуунун
курмандыктарын социалдык
жактан реабилитациялоого
жардам көрсөтүү боюнча
типтүү нускамага 1-тиркеме
1-форма
Социалдык жактан реабилитациялоо жардамын алууга макулдук берүү жөнүндө арыз
Мен, ___________________________________________________________,
(арыз берүүчүнүн аты-жөнү)
өз ыктыярым менен социалдык жактан реабилитациялоо жардамын алууга макулдук берем.
Ушуну менен бирге эле төмөнкүлөр тууралуу ырастайм:
1) жардам алуунун жол-жоболору жөнүндө маалыматым бар;
2) жардам көрсөтүүнүн шарттарын кабыл алам.
_______________________________ ________________
Арыз берүүчүнүн колу Датасы
_______________________________ _________________
Адистин колу Датасы
Адамдарды сатуунун
курмандыктарын социалдык
жактан реабилитациялоого
жардам көрсөтүү боюнча
типтүү нускамага 2-тиркеме
Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө типтүү жобо
1. Ушул Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө типтүү жобо адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин укуктук жана уюштуруучулук маселелерин жөнгө салууга багытталат (мындан ары - Комиссия).
2. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын максаты - берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоо маселелери боюнча коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын ишин координациялоо болуп саналат.
4. Комиссиянын негизги милдети болуп адамдарды сатуунун курмандыктары кадимки жашоого коопсуз, татыктуу жана туруктуу мүнөздө кайтып келүүсү үчүн алардын социалдык жактан реабилитациялануусуна жардам көрсөтүү болуп саналат. Комиссия адамдарды сатуунун курмандыгы социалдык жактан реабилитацияланууга жардам сурап кайрылган ар бир учурду карайт.
5. Комиссиянын негизги функциялары:
1) адамдарды сатуунун курмандыктарынын тобокелдиктерин жана коопсуздугун баалоо пландарын бекитүү;
2) адамдарды сатуунун курмандыктарынын муктаждыктар тизмегин бекитүү;
3) жекече иш планын түзүү жана бекитүү;
4) Комиссиянын мүчөсүнүн компетенциясына таандык болгон учурда жекече планды ыкчам аткарууга көмөк көрсөтүү (зарыл болгон учурларда);
5) жекече иш планын аткарууга мониторинг жүргүзүү учурунда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү.
6. Коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) адамдарды сатуунун курмандыктарынын тобокелдиктерин баалоону, коопсуздук планын жана муктаждыктарынын тизмегин тактоо жана оңдоп-түзөө боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
2) зарыл болгон учурларда өз ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүн, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагында коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн, эксперттерди тартууга;
3) өзүнүн жыйындарында адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жактан реабилитацияланууга жардам көрсөтүү боюнча адистерди угууга;
4) Комиссиянын иш тартибин өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды сурап алууга;
6) маалыматтардын купуялуулугун сактоого;
7) Комиссиянын максатына жетүү үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга.
7. Комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын чечими менен түзүлөт.
8. Комиссиянын курамы эмгек жана социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын, берилген ыйгарым укуктардын алкагында коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүнөн түзүлөт.
9. Коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келиши керек:
1) акыркы үч жылдан кем эмес мезгилде ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүшү;
2) уюмдун уставында белгиленген максаттарда адамдарды сатуунун курмандыктары, оор турмуштук жагдайга дуушар болгондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иш жүргүзүшү;
3) адамдарды сатуунун курмандыктарына жана/же оор турмуштук жагдайга дуушар болгон адамдарга жардам көрсөтүү жана социалдык жактан реабилитациялоо боюнча ийгиликтүү тажрыйбасынын болушу;
4) жоюлуп кетүү же кайра уюштуруу процессинде болбошу;
5) мамлекеттик органдар менен иштешүү тажрыйбасынын болушу.
10. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын ишине жетекчилик кылат жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жооптуу болот.
11. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын жыйынын чакырат жана жыйынга киргизилген материалдарды кароо боюнча ишти уюштурат;
2) Комиссиянын жыйынында талкуулоо үчүн маселелерди киргизет;
3) кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыздайт;
4) күнүмдүк уюштуруу маселелерин чечет;
5) Комиссиянын жыйындарынын протоколдоруна кол коёт.
12. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда, анын ыйгарым укуктары Комиссиянын чечими боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
13. Комиссиянын мүчөсү:
1) Комиссиянын жыйындарына катышат;
2) эскертмелер менен сунуштарды киргизет, макул болбогон учурда өзүнүн өзгөчө пикирин билдирет;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча консультация берет;
4) Комиссиянын жыйындарынын протоколдоруна кол коёт;
5) Комиссиянын кезексиз жыйындарын чакыруу боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
14. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияда туруктуу негизде иштеген кызматкер Комиссиянын катчысы болуп саналат. Ал:
1) Комиссиянын жыйындарын уюштурат;
2) Комиссиянын жыйындарынын протоколун жазат;
3) Комиссиянын чечимдерин тариздейт;
4) Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча Комиссиянын жыйындарын чакырат, уюштуруу иштерин чечет;
5) Комиссиянын ишин камсыздоо боюнча башка функцияларды жүзөгө ашырат.
15. Комиссиянын жыйындары Комиссиянын катчысынан жыйынды чакыруунун зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабар алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйыны Комиссиянын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес мүчөсү катышкан учурда укуктуу болот.
16. Комиссия талкуулап, жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат. Добуштардын саны бирдей болуп калган учурларда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
17. Эгер Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себеп менен Комиссиянын жыйынына катыша албаса, ал өзү өкүлү болгон тийиштүү мамлекеттик орган Комиссиянын жыйыны өтө турган күндөн эки күн мурун бул туурасында Комиссиянын катчылыгына маалымдап, жыйынга Комиссиянын мүчөсүнүн атынан добуш берүүгө жазуу жүзүндө ыйгарым укук берилген башка өкүлдү жөнөтүүгө милдеттүү.
18. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет. Протоколго Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана Комиссиянын катчысы кол коёт.
Адамдарды сатуунун
курмандыктарын социалдык
жактан реабилитациялоого
жардам көрсөтүү боюнча
типтүү нускамага 3-тиркеме
2-форма
Тобокелдиктерди баалоо
Адистин аты-жөнү: ______________________________________________
Арыз берүүчүнүн аты-жөнү: ______________________________________
Датасы _________________________________________________________
№ | Факторлор | Ооба | Жок | Билбейм |
| Адамдарды сатуунун курмандыгында (мындан ары – АСК) төмөнкүлөрдүн болушу: |
|
|
|
1. Ден соолугу | - жарааттар, травмалар |
|
|
|
- өнөкөт оорусу катуу кармашынын белгилери |
|
|
| |
- травмадан кийинки стресстен жабыркоо |
|
|
| |
- майыптык |
|
|
| |
- өмүргө коркунуч келтирген шарттар |
|
|
| |
- оорутуу |
|
|
| |
- психикалык жактан жабыркоо |
|
|
| |
- кош бойлуулук |
|
|
| |
- организмдин алсызданышы |
|
|
| |
- жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар |
|
|
| |
кургак учук |
|
|
| |
- АИВ/СПИД |
|
|
| |
- безгек |
|
|
| |
- башка оорулар (түшүндүрүп берүү) |
|
|
| |
2. Зомбулук коркунучу | Мурда АСКга адамдарды сатуучу тарабынан коркутуулардын болушу |
|
|
|
Азыркы тапта АСКга коркутуулардын болушу |
|
|
| |
АСКнын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуулардын болушу |
|
|
| |
АСКны, анын туугандарын шантаж кылуу |
|
|
| |
АСКдан акча опузалоо |
|
|
| |
АСКны куугунтуктоо |
|
|
| |
Азыркы тапта адамдарды сатууга тиешеси бар адамдар менен байланышта болушу |
|
|
| |
Адамдарды сатуучуларга АСК жашаган жердин белгилүү болушу |
|
|
| |
Адамдарды сатуучуларга АСКнын телефон номерлеринин белгилүү болушу |
|
|
| |
Адамдарды сатуу жагдайы орун алган мезгил (керектүүсүн сызып коюу керек): - 3 - 6 ай мурда; - 6 ай - 1 жыл мурда; - 1 - 3 жыл мурда; - 5 жылдан көп болду. |
|
|
| |
АСК баруудан корккон жерлердин болушу |
|
|
| |
Адамдарды сатуучунун кооптуу болушунун даражасы (адамдарды сатуучунун ырайымсыздык даражасы, уюшкандыгынын даражасы, алардын саны, курал колдоно алышы) |
|
|
| |
Башкасы |
|
|
| |
3. Үй-бүлө | Адамдарды сатууга катыштыгы бар адамдардын АСКнын туугандары менен байланышы |
|
|
|
Адамдарды сатуу жагдайына катыштыгы бар достору, туугандары |
|
|
| |
Үй-бүлө мүчөлөрүнө адамдарды сатуу жагдайы жөнүндө белгилүү (белгисиз) |
|
|
| |
АСКга үйүнө кайтып баруу опурталдуу |
|
|
| |
Башкасы |
|
|
| |
4. Жазык процесси | АСК даректүү өлкөнүн укук коргоо органдарына кайрылган |
|
|
|
АСК окуя болгон мамлекеттин укук коргоо органдарына кайрылган |
|
|
| |
АСК укук коргоо органдарына кайрылууну пландоодо |
|
|
| |
Укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир иш-аракеттер жасалган |
|
|
| |
Кылмыш иши козголгон |
|
|
| |
Азыркы тапта адамдарды сатууга катыштыгы бар адамдар камакка алынган |
|
|
| |
Кылмыш жасоого шектелгендер АСК туулуп-өскөн региондо жашашат |
|
|
| |
Адамдарды сатуучуга карата актоо өкүмү чыгарылган |
|
|
| |
АСК мыйзамсыз ишке тартылса, анын жазык куугунтугуна дуушар болуу тобокелдиги |
|
|
| |
Башкасы |
|
|
| |
5. Мекенине кайтып келүү | Кайрадан АСК болуу тобокелдиги же жакырчылыкка, жумушсуздукка ж.б. байланыштуу, анын ичинде үй-бүлөсүндө да зомбулуктун башка түрлөрүнө дуушар болуу тобокелдиги |
|
|
|
АСК кайтып келген учурда, анын абалына таасир эте турган социалдык, маданий же диний факторлор |
|
|
| |
Кайтып келгенде стигмага же социалдык обочолонууга дуушар болуу тобокелдиги |
|
|
| |
Жергиликтүү укук коргоо органдарынын АСК коопсуздугун камсыздай албашы |
|
|
| |
Реинтеграция боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жоктугу |
|
|
| |
Башкасы |
|
|
|
Адистин комментарийи:
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Адамдарды сатуунун
курмандыктарын социалдык
жактан реабилитациялоого
жардам көрсөтүү боюнча
типтүү нускамага 4-тиркеме
3-форма
Коопсуздук планы
Адистин аты-жөнү: ___________________________________________
Арыз берүүчүнүн аты-жөнү: ___________________________________
Түзүлгөн датасы _____________________________________________
Жарактуу мөөнөтү _____________________________________________
№ | Коопсуздук чарасы | Иш-чаралар | Мөөнөттөр | Эскертме |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Адис _____________________________
Колу
Арыз берүүчү ______________________________
Колу
Адамдарды сатуунун
курмандыктарын социалдык
жактан реабилитациялоого
жардам көрсөтүү боюнча
типтүү нускамага 5-тиркеме
4-форма
Муктаждыктарды баалоо
Адистин аты-жөнү: ___________________________________________
Арыз берүүчүнүн аты-жөнү: ___________________________________
Датасы _____________________________________________
Керектөөлөр | Суроо-талап |
Социалдык-медициналык | |
Тез жардам | o |
Ооруканага жаткыруу | o |
Терапевттен консультация алуу | o |
Психотерапевттен/психиатрдан консультация алуу | o |
Психотерапия | o |
Гинекологдон консультация алуу | o |
Невропатологдон консультация алуу | o |
Наркологдон консультация алуу | o |
Профилдик адистен консультация алуу | o |
Дарылоо / дары-дармектер | o |
АИВ/СПИДге текшерилүү | o |
Жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга текшерилүү | o |
Алкоголдук жана баңгизаттык көз карандылыктан дарылоо | o |
Ден соолугунун жалпы абалы (түшүндүрүү) _____________________
| o |
Психологиялык | |
Жекече консультация берүү | o |
Эмоциялык колдоо | o |
Кризистик интервенция | o |
Бири-бирине көз каранды/көз каранды жүрүм-туруму менен иштөө | o |
Үй-бүлөсү жана жакын туугандары менен байланышууга көмөктөшүү | o |
Травмадан кийинки интервенция | o |
Социалдык коштоо | o |
Укуктук | |
Үй-бүлөлүк укук чөйрөсүндө консультация берүү (ажырашуу, жубайлардын мүлкүн бөлүштүрүү ж.б.) | o |
Мурастоо укугу чөйрөсүндө консультация берүү (мыйзам боюнча мурастоо, мыйзамсыз керээзге даттануу ж.б.) | o |
Турак жай-коммуналдык талаш-тартыштар чөйрөсүндө консультация берүү (мыйзамсыз чыгарып салуу ж.б.) | o |
Эмгек укугу чөйрөсүндө консультация берүү (жумушуна кайра орноштуруу, мыйзамсыз иштен бошотуу, айлык акысын төлөбөй коюу ж.б.) | o |
Жазык процессинде жактоочунун коштоп жүрүшү (тергөө амалдарын жүргүзүү стадиясында да, соттук териштирүүлөр стадиясында да, анын ичинде келтирилген зыяндын ордун толтурууга көмөктөшүү ж.б.) | o |
Административдик укук чөйрөсүндө консультация берүү (каза болгондугун таануу жөнүндө соттун чечимдерин жокко чыгаруу, балдарга камкорчулук кылууну калыбына келтирүү, документтерди калыбына келтирүү ж.б.). | o |
Административдик процессте жактоочунун коштоп жүрүшү (каза болгондугун таануу жөнүндө соттун чечимдерин жокко чыгаруу, балдарга камкорчулук кылууну калыбына келтирүү ж.б.) | o |
Бизнес ачуу боюнча консультация берүү (корпоративдик укук) | o |
Социалдык-тиричилик | |
Гуманитардык жардам (кийим-кечек, тамак аш ж.б.) | o |
Материалдык жардам | o |
Кесиптик кайра даярдоо | o |
Билим алуу | o |
Ишке орношуу | o |
Коопсуз жай (башпаанек) | o |
Жаңы турак-жай издөө | o |
Жол кире төлөө | o |
Башка керектөөлөр | o |
Адистин комментарийлери:
_____________________________________________________________________________________
Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоого жардам көрсөтүү боюнча типтүү нускамага 6-тиркеме |
5-форма
Адамдарды сатуунун курмандыгы менен иштөөнүн жекече иш планы
Адистин аты-жөнү: _________________________________________________________
Арыз берүүчүнүн аты-жөнү __________________________________________________
Түзүлгөн датасы ___________________________________________________________
Жарактуу мөөнөтү _________________________________________________________
№ | Кызмат көрсөтүүнүн, иш-чаранын аталышы | Иш-чараны жүзөгө ашыруу | Жүзөгө ашыруу мөөнөттөрү | Кызмат көрсөткөн уюм | Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|