Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры № 555
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "салык" деген сөз алып салынсын жана "салыктардын" деген сөздөн кийин "жана салыктык эмес кирешелердин" деген сөздөр менен толукталсын;
- преамбуласы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгиленген суммадан көп, ашыкча төлөнгөн салыкты башка салык милдеттенмесине эсептөө жөнүндө корутундунун (FORM STI-012) формасы жана Белгиленгенден көп, ашыкча төлөнгөн салыкты башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө корутундунун формасын толтуруу тартиби (FORM STI-012) ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгиленгенден көп, ашыкча төлөнгөн салыкты бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутундунун формасы (FORM STI-013) жана Белгиленгенден көп, ашыкча төлөнгөн салыкты бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутундунун формасын толтуруунун тартиби (FORM STI-013) ушул токтомдун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышын текшерүүнү жеринде өткөрүүгө укук берүү тууралуу жазма буйруктун формасы (AUDIT STI-002) ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы N 92 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
"FORM STI-012 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
|
Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө КОРУТУНДУ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 2-тиркеме |
"Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө корутундунун формасын (FORM STI-012) толтуруунун ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81, 278, 279-беренелеринин нормаларын ишке ашыруу максатында, салык органдары тарабынан жазылып берилүүчү Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө корутундунун формасын (FORM STI-012) (мындан ары - корутунду) толтуруунун тартибин аныктайт.
2. Корутунду аймактык салык органынын жооптуу кызматкери тарабынан төрт нускада таризделет. Корутундунун бардык нускалары аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилет. Корутундулар аткарылып бүткөндөн кийин корутундунун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органында калат, үч нускасы салык органына кайтарылат: ыйгарым укуктуу жана аймактык салык органдарына бирден нуска, салык төлөөчүгө бир нуска берилет.
3. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат", "Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө маалымат", "Салык органы тарабынан таризделди" секцияларынын уячалары аймактык салык органынын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.
4. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилди" секциясынын уячалары Борбордук казыналыктын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.
5. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилди" секциясынын уячалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.
6. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 102-уячада - салык төлөөчүнүн ИСНи;
2) 103-уячада салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (мындан ары - аты-жөнү) же толук аталышы;
3) 104-уячада - салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жери боюнча салык органынын коду жана аталышы;
4) 112-уячада - айыл өкмөтүнүн коду жана аталышы.
7. "Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 300-уячада - салык төлөөчүнүн ашып кетүү, ашыкча төлөнгөн суммасы бар салыктын аталышы жана төлөмдүн коду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн/аймактык органынын аталышы, алыш-бериш эсебинин номери (аккумуляциялык), эсептин аталышы;
2) 301-уячада - салык төлөөчүнүн ашып кетүү же ашыкча төлөнгөн суммасы бар салыктын аталышы жана төлөмдүн коду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын аталышы, алыш-бериш эсебинин номери (аккумуляциялык), эсептин аталышы;
3) 302-уячада - эсепке алынууга тийиш болгон сумма (цифра жана сөз менен);
4) 303-уячада - таблицага ылайык, ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүнүн пайда болуу себебинин коду:
Себептин коду | Себептин аталышы |
01 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 278-беренеси |
05 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81-беренеси |
07 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 279-беренеси |
8. "Салык органы тарабынан таризделди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) салык органынын жетекчисинин аты-жөнү;
2) кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү, колу;
3) кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн корутундуну тариздеген инспекторунун аты-жөнү, колу;
4) 304-уячада - инспектордун идентификациялык номери;
5) 305-уячада - корутундуну тариздеген күн.
Корутундуга салык органынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.
9. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Борбордук казыналыктын жетекчисинин аты-жөнү;
2) аткаруучунун аты-жөнү, колу;
3) 401-уячада - корутундуну кабыл алуу күнү;
4) 402-уячада - аткаруу күнү.
Корутундуга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.
10. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин аты-жөнү;
2) аткаруучунун аты-жөнү, колу;
3) 501-уячада - корутундуну кабыл алуу күнү;
4) 502-уячада - корутундуну аткаруу күнү.
Корутундуга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.".
|
| 3-тиркеме |
"FORM STI-013 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
|
Салыктын, салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө КОРУТУНДУ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 4-тиркеме |
"Ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутундунун формасын толтуруунун ТАРТИБИ (FORM STI-013)
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81, 279, 281-беренелеринин нормаларын жана Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 16, 26 жана 29-беренелерин ишке ашыруу максатында, салык органы тарабынан жазылып берилүүчү Ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүн кайтарып берүү жөнүндө корутундунун формасын толтуруунун тартибин (FORM STI-013) (мындан ары - Корутунду) аныктайт.
2. Корутунду аймактык салык органынын жооптуу кызматкери тарабынан төрт нускада таризделет. Корутундунун бардык нускалары аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилет. Корутундулар аткарылып бүткөндөн кийин корутундунун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органында калат, үч нускасы салык органына кайтарылат: ыйгарым укуктуу жана аймактык салык органдарына бирден нуска, салык төлөөчүгө бир нуска берилет.
3. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат", "Салык төлөөчүнүн банкынын реквизиттери", "Ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө маалымат", "Салык органы тарабынан таризделди" секцияларынын уячалары салык органынын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.
4. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилди" секциясынын уячалары Борбордук казыналыктын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.
5. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилди" секциясынын уячалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.
6. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (мындан ары - аты-жөнү) же толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жери боюнча салык органынын аталышы жана коду көрсөтүлөт;
4) 112-уячада айыл өкмөтүнүн аталышы жана коду көрсөтүлөт.
7. "Салык төлөөчүнүн банкынын реквизиттери" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 201-уячада - Банктын идентификациялык коду жана банктын аталышы;
2) 202-уячада - банктагы алыш-бериш эсебинин номери.
8. "Ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 300-уячада - салык төлөөчүнүн ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсү бар салыктын аталышы жана төлөмдүн коду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бөлүмүнүн/аймактык органынын аталышы, алыш-бериш эсебинин номери (аккумуляциялык), эсептин аталышы;
- 302-уячада - салыктын, салыктык эмес кирешенин кайтарылууга тийиш суммасы (цифра менен жана сөз менен);
- 303-уячада - таблицага ылайык, ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүнүн пайда болуу себебинин коду:
Себептин коду | Себептин аталышы |
05 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81-беренеси |
07 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 279-беренеси |
08 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 281-беренеси |
09 | Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 26-беренеси |
9. "Салык органы тарабынан таризделди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) салык органынын жетекчисинин аты-жөнү;
2) кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү, колу;
3) кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды кайра иштеп чыгуу бөлүмүнүн корутундуну тариздеген инспекторунун аты-жөнү, колу;
4) 304-уячада - инспектордун идентификациялык номери;
5) 305-уячада - корутундуну тариздөө күнү.
Корутундуга салык органынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.
10. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жетекчисинин аты-жөнү;
2) аткаруучунун аты-жөнү, колу;
3) 401-уячада - корутундуну кабыл алуу күнү;
4) 402-уячада - аткаруу күнү.
Корутундуга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.
11. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин аты-жөнү;
2) аткаруучунун аты-жөнү, колу;
3) 501-уячада - корутундуну кабыл алган күн;
4) 502-уячада - корутундуну аткаруу күнү.
Корутундуга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.".
|
| 5-тиркеме |
"форма |
|
|
|
|
|
AUDIT STI-002 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | Герб | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ ПРАВИТЕЛЬСТВЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына көчмө текшерүү жүргүзүү укугуна БУЙРУК _______________ № _______
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".