Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры № 567
"2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен "CASA-1000" Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун ("CASA-1000") Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен "CASA-1000" Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун ("CASA-1000") Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен "CASA-1000" Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун ("CASA-1000") Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууга ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен "CASA-1000" Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун ("CASA-1000") Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен "CASA-1000" Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун ("CASA-1000") Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуу ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 567 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен "CASA-1000" Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун ("CASA-1000") Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууга ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) (мындан ары - Каржылоо жөнүндө макулдашуу) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен "CASA-1000" Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун ("CASA-1000") Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуу ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) (мындан ары - Грант жөнүндө макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет жана финансы боюнча комитети - 2019-жылдын 24-июнундагы чечим, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети - 2019-жылдын 25-июнундагы чечим, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 2019-жылдын 25-июнундагы чечим) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 274-б буйругу менен жактырылган.
Каржылоо жөнүндө макулдашууга жана Грант жөнүндө макулдашууга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн социалдык жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, "CASA-1000" электр берүү линиясына жакын жайгашкан максаттуу айылдардагы калкка, региондорду өнүктүрүүнүн социалдык маанилүү маселелерин чечүүгө коомчулукту тартуу максатында кол коюлган. Аталган Каржылоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасына 6 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, 38 жылдык мөөнөткө, 0,75% пайыздык ставка менен 5,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит жана 5,0 млн. АКШ доллары суммасында грант берүү жолу менен колдоо көрсөтүлөт. Кредитти төлөө шарты жарым жылда бир жолу, ар бир жылдын 15-майында жака 15-ноябрында ишке ашырылат. Ошондой эле Грант жөнүндө макулдашуунун алкагында "CASA-1000" Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасына 1,0 млн. АКШ доллары суммасында грант берүү жолу менен колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасына потенциалды чыңдоого жана Долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө (негизги долбоордук документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүү, потенциалды чыңдоо жана маалымдуулукту жогорулатуу үчүн кадрларды даярдоо) багытталган жардам берилет.
Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Грант жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу калкты электр менен камсыздоону жакшыртууга, суу менен камсыз кылуу системасын жакшыртууга, социалдык объекттерди жакшыртууга, айыл чарбасын колдоого, ошондой эле экономикалык объекттерди курууну колдоого багытталат.
Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.