Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-февралы ПБ № 39
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 22-июнундагы № 241 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Орозбаева Лада Жантаевна аталган Меморандумду турмушка ашыруу боюнча Жетектөөчү комитетте Кыргыз Республикасынан өкүл болуп аныкталсын";
- 2-пункттун экинчи-төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кожошев Арзыбек Орозбаевич - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Абдыбалы тегин Суеркул - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасынын орун басары;
Муртазалиев Шамиль Муртазалиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Ислам өнүктүрүү банкында Кыргыз Республикасынан башкаруучу".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү буйруктары күчүн жоготту деп табылсын:
- 2006-жылдын 13-октябрындагы № 330;
- 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 83;
- 2008-жылдын 13-октябрындагы № 243.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |