Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы N 578 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик фельдъегердик почта байланышы жаатындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2019-жылдын 28-марты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып,
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 1992-жылдын 10-июнундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимди жетекчиликке алып,
Тараптардын мамлекеттеринин аскердик түзүлүштөрүнүн кызыкчылыгында жашыруун жана кызматтык маалыматтарды жеткирүүдө, аларды коргоону камсыздоодогу Тараптардын өз ара кызыкчылыгын эске алып,
аскердик фельдъегердик почта байланышы жаатында маалымат алмашууну жана өз ара аракеттешүүнү камсыздоо үчүн күчтү бириктирүү жана аракеттерди макулдашуу зарылчылыгын таанып,
төмөнкүлөрдү макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашууда колдонулуучу түшүнүктөр төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
"вализа" - тийиштүү түрдө таризделген, сырткы бетинде аскердик корреспонденциянын көрүнүктүү тышкы идентификациялык белгиси ("Аскердик корреспонденция" жазуусу), жөнөтүүчүнүн пломбасы жана (же) мөөрү бар баштык, пакет, конверт, куту, мүшөк, чемодан же башка таңгак;
"аскердик корреспонденция" - аскердик түзүлүштөр жөнөтүүчү жана кабыл алуучу атайын жана кызматтык корреспонденция, атайын жүк;
"аскердик түзүлүштөр" - Тараптардын мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн аскердик башкаруу органдары, аскер бөлүктөрү, бөлүкчөлөрү жана уюмдары (мекемелери);
"аскердик фельдъегердик почта байланыш тармагы" - бир Тараптын мамлекетинин куралдуу күчтөрүнүн фельдъегердик почта байланышынын аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрүнүн (дайындалыш жерлерге жөнөтүүлөрдүн жүрүүсүн камсыздаган бирдиктүү системага байланышкан Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын бөлүкчөлөрүнүн, авиациялык, темир жол жана автомобиль каттандарынын жыйындысы), анын ичинде башка Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан жеткирүү каражаттарынын жана аскердик корреспонденциянын бардык түрлөрүн кабыл алуу, иштетүү жана жеткирүү үчүн түзүлүүчү дайындалган жүрүү каттандарынын жыйындысы;
"кызматтык корреспонденция" - аскердик түзүлүштөргө даректелген жөнөкөй жана катталуучу каттар, бандеролдор жана жөнөтмөлөр;
"атайын жүктөр" - жашыруун маалыматты камтыган буюмдар, материалдар же алардын компоненттери;
"атайын корреспонденция" - ар түрдүү даражадагы жашыруундуулукка ээ болгон корреспонденция, ошондой эле Тараптардын ар бир мамлекетинин мыйзамдары менен корголуучу маалыматтарды камтыган башка корреспонденция;
"фельдъегерлер (чабармандар жана колго берүүчүлөр)" - Тараптын ыйгарым укуктуу органынын ушул Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык аскердик корреспонденциянын сактыгын камсыздоо жана жеткирүү боюнча милдеттерди аткарган кызмат адамдары.
2-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында, Тараптар ал күчүнө киргенден кийин 2 айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдарды дайындайт, алар дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирин кабарлайт.
3-берене.
Бир Тараптын мамлекетинин аскердик корреспонденциясын башка Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан анын аскердик түзүлүштөрүнүн кызыкчылыгында жеткирүү, ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелген Аскердик фельдъегердик почта байланыш тармагы боюнча аскердик корреспонденцияны жеткирүү жөнүндө жобо менен белгиленген эрежелерге ылайык, биринчи Тараптын мамлекетинин аскердик фельдъегердик почта байланыш тармагы боюнча жүзөгө ашырылат.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара сүйлөшүүсү боюнча экинчи Тараптын мамлекетинин аскердик түзүлүштөрүнө даректелген биринчи тараптын аскердик корреспонденциясын жеткирүү, ушул башка Тараптын аскердик фельдъегердик почта байланыш тармагы боюнча өзүнүн корреспонденциясын жеткирүү үчүн белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4-берене.
1. Ушул Макулдашууга ылайык жеткирилүүчү аскердик корреспонденция кол тийбес болуп эсептелет жана ачууга, кармоого жатпайт.
Аймагына аскердик корреспонденция жеткирилүүчү Тараптын мамлекетинин чек ара органдары экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынын фельдъегерлерин (чабармандарын жана колго берүүчүлөрүн), алар ушул Макулдашуунун 5-беренесинде каралган документтерди көрсөткөндө кезексиз тартипте мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрөт, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аскердик корреспонденцияны ыкчам жеткирүүнү уюштурууга колдоо көрсөтөт жана алардын өз кызматтык милдеттерин аткаруусуна керектүү жардам берет.
Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан аскердик корреспонденция Тараптын мамлекетинин аймагына ташып киргизүүгө (аймагынан ташып чыгарууга) тыюу салынган же чектелген жүктү же мүлктү (анын ичинде курал, баңги зат же аларды жасаганга, колдонгонго керек-жарактар) камтыгандыгына негиздүү себептер болгон учурда, аймагына аскердик корреспонденция ташып киргизилген (аймагынан ташып чыгарылган) Тараптын мамлекетинин чек ара органдары аймагына аскердик корреспонденция ташылып кирген (аймагынан ташылып чыккан) Тараптын мамлекетинин мыйзамдары менен белгиленген тартипте техникалык каражаттар менен чек ара контролун жүргүзүшөт.
2. Аймагына аскердик корреспонденция жеткирилген Тараптын мамлекетинин мамлекеттик бийлик органдары жана уюмдары (мекемелери):
а) башка тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органынын фельдъегерлерине (чабармандарына жана колго берүүчүлөрүнө) колдоо көрсөтөт, анын ичинде:
аскердик корреспонденцияны жеткирүүнү жана анын кепилденген сактыгына шарттарды камсыздоону уюштурууга, ошондой эле аскердик корреспонденцияны жеткирүү боюнча алардын милдеттерди аткаруусуна жардам берүүгө:
белгиленген тарифтер боюнча төлөө менен транспортко билеттерди кезексиз алууга;
куралдуу кол салуу (кол салуу коркунучу) болгон учурда аскердик корреспонденцияны, куралдарды жана ок-дарыларды коргоого;
аскердик корреспонденцияны жеткирүүгө же кызматтык маалыматты берүүгө башка мүмкүнчүлүк жок болгондо автомобилдик транспорт жана байланыш каражаттарын берүүгө;
каттандын акыркы пунктту болуп эсептелбеген аэродромдорго аба кемелери конгон учурда аскердик корреспонденцияны жайгаштыруу жана фельдъегерлердин (чабармандардын жана колго берүүчүлөрдүн) эс алуусу үчүн бөлүнгөн жайларды берүүгө;
фельдъегерлер (чабармандар жана колго берүүчүлөр) жүргөн аба кемелерди жана поезддерди жөнөтүү аргасыз кармалган учурда, башка каражаттар менен аскердик корреспонденцияны жеткирүүгө;
б) фельдъегерлер (чабармандар жана колго берүүчүлөр) жүргөн транспорт авария болгон учурда аларда бар болгон аскердик корреспонденцияны жана куралды сактоо жана сактыгын камсыздоого, аларга керектүү жардам көрсөтөт;
в) фельдъегерлер (чабармандар жана колго берүүчүлөр) ооруган, майыптык алган, каза болгон же өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон башка жагдайлар болгон учурда, аскердик корреспонденцияны коргоо, сактыгын жана кол тийбестигин камсыздоо боюнча чараларды көрөт жана аскердик корреспонденция жеткирилүүчү Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органына ылдам кабарлайт.
5-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин аскердик түзүлүштөрүнө аскердик корреспонденция жеткирүүчү фельдъегерлер (чабармандар жана колго берүүчүлөр) мамлекеттик чек араны кесип өтүү үчүн анык документтерди көрсөткөндө Тараптардын мамлекеттеринин аймагына табелдик куралы менен тоскоолдуксуз кирет жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык андан чыгат.
Фельдъегерлердин (чабармандардын жана колго берүүчүлөрдүн) табелдик куралды жана кара күчтү сактоо, алып жүрүү, колдонуу жана пайдалануу тартиби келүүчү мамлекеттин мыйзамдары жана Тараптардын мамлекеттеринин аталган маселелерди жөнгө салган эл аралык келишимдери менен аныкталат.
Фельдьегерлер (чабармандар жана колго берүүчүлөр) өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда аты-жөнү, ошондой эле алардын статусун, аскердик корреспонденцияны түзгөн орундардын саны көрсөтүлгөн расмий документтер жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен аныкталган башка документтер менен камсыздалышы керек.
Расмий документте көрсөтүлгөн маалыматтар Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органынын аскердик корреспонденция жөнөткөн бөлүкчөсүнөн расмий адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт жана жөнөтүүчүнүн мөөрү менен тастыкталат.
Аскердик корреспонденцияны которуштуруу үчүн вализа колдонулат.
Фельдъегерлер (чабармандар жана колго берүүчүлөр) аскердик корреспонденция жеткирилген Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөн мезгилде келүүчү мамлекеттин коргоосу, жеке кол тийбестик менен колдонот жана кармоого, камакка алууга жатпайт. Фельдъегерлер (чабармандар жана колго берүүчүлөр) келүүчү мамлекеттин мыйзамдарын сактоого жана анын ички ишине кийлигишпөөгө милдеттүү.
6-берене.
Ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын бири экинчи Тараптын мамлекетинин жашыруун маалыматтарды алып жүрүүчүсүн өзүнүн карамагына алган учурда же жеткирилген аскердик корреспонденцияда камтылган жашыруун маалыматтарына жеткиликтүү болгондо, мындай маалыматты колдонуу жана аны сактоо 2003-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын бири алган маалымат экинчи Тараптын мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка маанилүү кызыкчылыктарына каршы колдонулбашы керек.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө башка бир Тараптан алынган маалыматты бир Тараптын үчүнчү тарапка, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга берүүсүнө мындай маалыматты берген Тараптын жазуу түрүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.
7-берене.
Бир Тараптын мамлекетинин аскердик корреспонденциясын, экинчи Тараптын аймагында жайгашкан анын аскердик түзүлүштөрүнүн кызыкчылыктарында жеткирүү менен байланышкан бардык чыгымдар, жөнөтүүчү Тараптын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
8-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында, Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары 2 жылда бир жолудан кем эмес же зарылчылык боюнча биргелешкен кеңешмелерди өткөрөт.
9-берене.
Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну талкуулоо жана колдонуу менен байланыштуу келип чыккан талаш маселелер сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
10-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү, акыркы кабарлоо алган датадан баштап күчүнө кирет.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Ушул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийинки 5 жылдык мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартылат. Ар бир Тарап тийиштүү мөөнөт аяктаганга чейин 6 айдан кеч эмес Макулдашуунун колдонулушун токтотуу каалоосу жөнүндө экинчи Тарапты жазуу түрүндө кабарлап, ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
2019-жылдын 28-мартында Бишкек ш. эки түп нускада ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик фельдъегердик почта байланышы жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга тиркеме |
Аскердик фельдъегердик почта байланыш тармагы аркылуу аскердик корреспонденцияны жеткирүү жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо бир Тараптын мамлекетинин аскердик корреспонденциясын башка Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан аскердик түзүлүштөрүнүн кызыкчылыгында биринчи Тараптын аскердик фельдъегердик почта байланышынын тармагы аркылуу ташуунун тартибин аныктайт.
2. Аскердик корреспонденция Тараптын мамлекетинин аскердик түзүлүштөрү жайгашкан калктуу конушка алардын кызыкчылыгында түздөн-түз жеткирилет. Мында бир Тараптын аскердик фельдъегердик почта байланыш тармагынын аскердик бөлүктөрү жана бөлүкчөлөрү экинчи Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органынын фельдъегерлерине (курьерлерине, колго берүүчүлөрүнө) аскердик корреспонденцияны жеткирүүдө көмөк көрсөтүшөт.
Аскердик корреспонденцияны жеткирүү эреже боюнча эки фельдъегер (курьер, колго берүүчү) тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын бирөөсү аскердик корреспонденцияны жеткирүү боюнча тапшырманы аткарууга жооптуу болуп дайындалат.
3. Кызыкчылыгы үчүн аскердик корреспонденция жеткирилген Тараптын мамлекетинин аскердик фельдъегердик почта байланыш тармагынын аскердик бөлүктөрү жана бөлүкчөлөрү башка Тараптын мамлекетинин аймагы боюнча аскердик корреспонденция жеткиргенде, алар аймагында жүргөн Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык аны жеткирүүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат.
4. Аскердик корреспонденция жеткирүү боюнча тапшырманы аткарууда фельдьегерлер (курьерлер, колго берүүчүлөр) аскердик корреспонденция жеткирилген Тараптын мамлекетинин коопсуздук органдарына, ички иштер, чек ара жана бажы органдарына, аэропорттун (темир-жол бекеттердин жана автостанциялардын) башчыларына кайрылууга укуктуу. Аталган органдар жана адамдар аларга аскердик корреспонденцияны ыкчам жеткирүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүшөт жана алар өз кызматтык милдеттерин аткарганда керектүү жардам беришет.
5. Аскердик корреспонденция кол жүк жана багаж болуп төмөнкүдөй ташылат:
а) аба транспорту менен жарандык авиациянын каттамындагы аба кемелеринин жүргүнчү салондорунда, айрым учурда - атайын жана почта каттамындагы аскердик транспорттук учактарда жана тик учактарда;
б) темир жол транспорт менен жүргүнчү жана ылдам поезддердин өзүнчө жүргүнчү купелеринде, анын ичинде почта вагондорунда;
в) автомобилдик транспорт менен атайын автомашиналарда.
Кызматтык корреспонденцияны коомдук пайдалануудагы транспорт менен жеткирүү, табелдик куралсыз жүргүзүлөт.
6. Фельдъегерлер (курьерлер, колго берүүчүлөр) үчүн орундарды, ошондой эле ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарына жалпы жүргүнчүлөрдү отургузганга чейин отургузуу укугун Тараптардын мамлекетинин аба, темир жол, автомобилдик башкаруу органдары (уюмдар) камсыздашат.
7. Ташылуучу аскердик корреспонденцияга бардык коштомо документтер орус тилинде толтурулат. Аскердик корреспонденциянын даректелүүчүсү кыргыз тилинде көрсөтүлсө, жөнөтмөлөрдөгү даректин жана белгилердин орус тилиндеги котормосу болушу керек.
8. Кызматтык корреспонденцияны коомдук пайдалануудагы транспорт менен жеткирүү учурунан тышкары, аскердик корреспонденцияны жеткирүүдө фельдъегерлердин (курьерлердин, колго берүүчүлөрдүн) жанында табелдик куралдары болушу керек. Аскердик корреспонденция жеткирилген Тараптын мамлекетинин мамлекеттик чек арасы аркылуу табелдик куралды өткөрүү үчүн негиз болуп, аны сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга жана пайдаланууга укук берген расмий документтер (фельдъегердин (курьердин, колго берүүчүнүн) өкүлдүгүн күбөлөндүргөн өздүк күбөлүктөр жана иш сапар жазма буйруктары) саналат.