Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 595
"2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка жогоруда аталган Кошумча протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 595 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протокол (мындан ары - Кошумча протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кошумча протокол кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен мурда макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 124-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууга Кошумча протоколдун максаты Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын жарандарынын эки мамлекеттин аймагында болуу шарттарын жөнөкөйлөтүү болуп саналат.
Алсак, кыргыз тараптын демилгеси боюнча Түркия Республикасына 90 күндөн ашпаган мөөнөткө медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын ар бир жаранын коштогон эки адам үчүн жашап турууга уруксатты тариздөөгө акы төлөөдөн бошотуу каралган.
Ошондой эле 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууда жыл сайын Кыргыз Республикасынын 100 жаранына түркия ооруканаларында акысыз дарылануу жана операцияларды жасоо мүмкүндүгүн берүү каралган.
Ушуга байланыштуу көп учурда дарылоо процесси көпкө созулгандыктан жашап турууга уруксатты тариздөө зарылдыгы келип чыгат, бул кошумча финансылык чыгымдарга алып келет (6 айга жашап турууга уруксатты тариздөө наркы орточо алганда 750 лирди же 130 АКШ долларын түзөт, камсыздандыруу 150 лир - мамлекеттик алым 600 лир).
Ошондой эле Кошумча протоколдо шарттардын тизмеси камтылган, аларга ылайык ар бир Тараптын дин жана билим берүү иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан дайындалган кызмат адамдары иштөөгө уруксат алуу зарылдыгынан бошотулушат.
Түркия Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыгынын линиясы боюнча 2018-жылы Түркия Республикасынын 8 жараны, Түркия Республикасынын Агартуу министрлигинин линиясы боюнча 57 окутуучу жана алардын 4 үй бүлө мүчөсү виза алышканын белгилей кетүү керек.
Кошумча протоколго бул ченем түркия тараптын кайрылуусуна байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 14-1366 тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын стратегиялык өнөктөштүгүнүн Жогорку Кеңешинин төртүнчү жыйынынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 23-пунктун аткаруу максатында киргизилген.
Кошумча протоколду ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жарандары жана эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын интенсификациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кошумча протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Кошумча протоколду ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоого алып келбейт.