Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-ноябры № 599
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаштар саясатын, дене тарбия жана спорт тармагын андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасында:
- 5-главасынын 40-пунктунун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинин 6-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 2-пунктунда:
3-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр "Дайыма" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-пунктчасынын "Ишке ашыруу формасы" графасындагы "Жаштар жана спорт агенттиги менен БИМдин биргелешкен буйругу" деген сөздөр "Практикалык иш аракеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр "2018-2020-жылдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунда:
2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын III кварталы" деген сөздөр "2022-жыл" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун 1-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын ичинде" деген сөздөр "Дайыма" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунун 1-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын IV кварталы" деген сөздөр "2019-2022-жылдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-2019-жылдар" жана "2019-жылдын ичинде" деген сөздөр "2019-2022-жылдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |