Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар мезгилине "Спорттук Кыргызстан" ПРОГРАММАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Киришүү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар мезгилине "Спорттук Кыргызстан" программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасында аныкталган дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн этабынын аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын алкагында иштелип чыкты.
2. Абалды жана келечектүү багыттарды талдоо дене тарбияны жана спортту социалдык-маданий жана педагогикалык кубулуш катары аныктайт, ал улуттун генофондунун эң маанилүү компоненти болгон - ден-соолукту сактайт жана өнүктүрөт, дене тарбия жактан өсүүнү эле калыптандырбастан адеп-ахлактык сапатты тарбиялоо менен машыгуучулардын инсандыгын социалдаштырат, спорттогу жогорку жетишкендиктердин эсебинен адам мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин кеңейтет.
3. Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн учурдагы жагдайы татаал абалда, муну дене тарбия жана спорт менен машыккандардын массалык төмөн деңгээли (13%) күбөлөндүрүп турат, жогорку жетишкендиктер спортунда жетишкендиктердин төмөндөгөндүгү белгиленүүдө, калктын турмуш тиричилигинде спорт чөйрөсүнүн инвестициялар үчүн жагымдуулугунун төмөндүгү байкалууда.
4. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө айрым пессимисттик болжолдоолорго жака көйгөйлүү белгилерге карабастан, кризистик көрүнүштөрдү жеңип гана чыкпастан, көптөгөн аспектилер боюнча алдыдагы өнүгүүгө жетишүү мүмкүндүгү түзүлдү.
5. Дүйнө элдеринин этномаданиятын кайра жандандыруу жана сактоо миссиясы болуп саналган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук эле эмес эл аралык мааниси бар жетишкендиктердин катарында. Оюндар БУУнун жана бир катар мамлекеттердин лидерлеринин жогорку баасын алды жана Кыргыз Республикасынын имиджин жогорулатууга жана таанылышына жагымдуу таасирин тийгизди.
6. Документти иштеп чыгуунун актуалдуулугу дүйнө лидерлери жана мамлекет башчылары тарабынан 2015-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) БУУнун штаб-квартирасында Туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун Саммитинде туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максаты кабыл алынгандыгы менен дагы ырасталат, анын бири таза сергек жашоону камсыздоо жана кандай куракта болбосун бардыгы үчүн бакубаттыкка көмөк көрсөтүү болуп саналат.
7. Программа улуттун дени сак генофондун жакшыртууга жана адам потенциалын өстүрүүгө көмөк көрсөтүүчү дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк максаттарын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт, алар улуттун таза генофондун жакшыртууга көмөк көрсөтөт жана адам потенциалын өстүрөт - спорт жана дене тарбия жактан активдүүлүк өлкөнүн жана анын жарандарынын жашоо турмушуна чоң салым кошот.
2-глава. Миссия жана болжолу
8. Миссиясы - өлкөнүн калкынын жашоо турмушунун сергек мүнөзүн калыптандырууга багытталган жаштарды, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, илгерилетүү, координациялоо жана натыйжалуу ишке ашыруу.
9. Келечекти болжолдоо - Кыргызстан коому жана анын институттары дене тарбия, даярдоо жана өнүктүрүү жолу менен сергек жашоо мүнөзүнүн баалуулугун карманат жана илгерилетет. Эл аралык деңгээлде өлкөнүн оң образын илгерилетүү спорттогу мыкты жетишкендиктердин эсебинен ишке ашырылат.
10. Дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары:
- спорттун белгилүү жана массалык түрлөрүн, анын ичинде спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнү кошо, дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, калк арасында жеке дене тарбияны жана жашоонун сергек мүнөзүн калыптандыруу;
- жогорку жетишкендиктердин спортун өнүктүрүү, Олимпиадалык, Паралимпиадалык оюндарда жана башка континенталдык мелдештерде медалдарды жеңип алуу;
- мамлекет-жеке өнөктөштүк принциптерин кеңири жaйылтyy, спортту коммерциялаштыруу жолу менен спорттук инфратүзүмдү жакшыртуу.
3-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
11. Кыргызстандын калкынын ден-соолугунун абалы мамлекеттин жана коомчулуктун негиздүү тынчсыздануусун жаратууда. Мындай ырастоо расмий маалыматтарды жалпылоого жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына негизделген, алар төмөнкүдөй симптомдор менен тастыкталат:
- калк арасында дене тарбия жактан жеке тарбиялоонун жоктугу жана сергек жашоо мүнөзүнө кошулбагандыгы;
- зыяндуу адаттардын таралгандыгы. Ошентип, мезгилсиз өлүмдүн 80%ы тобокелдиктин кыйла кеңири таралган төрт фактору менен байланышкан: 28%ы - тамеки тартуудан; 31%ы - алкоголь ичимдиктерин ичүүдөн; 23%ц - туура эмес тамактануудан, семиздиктен жапа тартышат; дене тарбия жактан төмөн активдүүлүк - дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугу болгону 13%га жетет;
- мурда "карылыгы боюнча" деп эсептелген оорулардын жашаргандыгы;
- бала төрөөчү курактагы аялдардын сексен пайызынын ден соолугунда кандайдыр бир бузулуулардын болушу;
- мектеп окуучуларынын ден соолугунун абалынын терс динамикасы. Биринчи класстын окуучуларынын ден соолугунун бузулуулары 20%ды, жалпы билим берүү мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ден соолугунун бузулуулары 80%ды түзөт;
- аскерге чакырылганга чейинки курактагы уландардын жарымынан көбү дене тарбия жактан тарбиялоонун программалык-ченемдик негиздеринен дене тарбия боюнча ченемдерди жана талаптарды аткара албайт.
12. Дене тарбия жана спорт менен машыгуу массалуулугунун оң динамикасына карабастан акыркы он жылдыкта (2006-2016-ж.ж.) 7ден 13%га өстү бирок, "ден соолук" компоненти боюнча улуттун генофондунун коопсуздугун камсыздоочу дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугунун минималдуу деңгээли катары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аныктаган 15%дык көрсөткүчтөн төмөн. Программа 3 этап менен ишке ашырылат: 2017-жылы планга ылайык Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлгөн. 2016-жылы орто аралыктагы мониторингдин жыйынтыгы боюнча Программага бир катар оңдоп-түзөтүүлөр киргизилген. Орточо алганда Программаны 70-80%га аткаруу, мында 2017-жылдын аягына дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун 14%га жеткирүү пландалууда.
13. Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугу Казакстанда 25%ды, Өзбекстанда 22%ды, Россияда 25%да, Англияда 40%ды түзөт жана жогорку көрсөткүчтөргө карабастан дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары менен аталган жетишкендиктерди бекемдеп калууга гана эмес, аларды андан ары өстүрүүгө багытталган чаралар каралган.
14. Акыркы мезгилдерде региондук деңгээлде дене тарбия жана спортко калктын тартылышы бирдей эместиги белгиленген. Республиканын алыскы региондорунда калктын дене тарбия-спорттук активдүүлүгүнүн деңгээли Кыргыз Республикасынын облустук жана республикалык борборлоруна караганда төмөн. Калктын ичинен аялдардын арасында дене тарбия жана спорт менен машыккандардын саны төмөн бойдон калууда. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу дээрлик жокко эсе. Негизги себептерине, өз ара байланышкан жетишсиз каржылоодо, эмгек акынын төмөндүгү, тийиштүү инфратүзүмдүн жоктугу, машыктыруучу-окутуучу курамдын жетишсиздиги кирет.
15. Кыргыз Республикасында агартуу ишинин учурдагы абалы кризистик катары бааланат. Каржылоонун, техникалык камсыздоонун жетишсиздиги менен бирге эле негизги себептердин катарында дене тарбия-спорт тармагында маалыматтык-пропагандалык жана агартуу-билим берүү системасынын жоктугун бөлүп көрсөтүшөт.
16. Ар жыл сайын 750нүн тегерегиндеги маалыматтык кабарлар, 1500 фото репортаж, дене тарбия жана спорт боюнча 400 иш-чара даярдалат жана чагылдырылат, 100дөй пресс-конференция өткөрүлөт жана чагылдырылат.
17. Атайын жүргүзүлгөн талдоо басылма жана телеберүү ЖМКларда дене тарбия, спорт жана ден соолук темасы социалдык-саясий окуялардан кийин экинчи орунда тургандыгын көрсөттү. Бирок алардын мазмуну маалыматтык-окуялуу мүнөздө, буга байланыштуу өз иши боюнча дене тарбия жана спорт менен байланышкан педагогикалык, илимий, башкаруучу жана спорт кадрларына болгон муктаждык азыркы учурда терең маалыматтык тартыштыкты башынан өткөрүүдө.
18. Жалпысынан дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү үгүт-насаат иштеринин абалы бир максатка багытталгандыктын, системалуулуктун, дене тарбия жана спортту башкарууда мамлекеттик жана коомдук органдар тарабынан координациянын жана башкаруунун жоктугу менен мүнөздөлөт.
19. Калктын ден-соолугун сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча ведомстволор аралык, тармактар аралык өз ара аракеттенүүлөр жок. Профилактикалык медицина республиканын региондорунда өзгөчө начар өнүккөн, сергек жашоо мүнөзүнүн зарылдыгы тууралуу калктын маалымдуулугу жана үгүт иштери жок.
20. Дене тарбия жана спорт тармагын башкаруунун системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен, спорттун түрлөрү боюнча 4 дирекциядан, дене тарбия жана спорттун 76 мекемесинен (балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин жана дене тарбия жактан даярдоо клубдарынын тармагынан), спорттун түрлөрү боюнча федерациялардан жана ассоциациялардан, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитетинен, башкаруунун жеке түрүндөгү спорттук клубдардан турат. Мамлекеттик мекемелердин мындай саны алты миллион калк үчүн жетишсиз экендиги белгилүү иш. Салыштыруу үчүн: совет мезгилинде республика боюнча 3 миллионго жетпеген калк үчүн дене тарбия жана спорттун 1000ге жакын мекемелери иштеген. Тармактын бардык катышуучуларынын ортосундагы коммуникацияларда айрым көйгөйлөр бар.
21. Олимпиадалык багыт менен мамлекеттик мекемелердин өнөктөштүгү Эл аралык олимпиадалык жана паралимпиадалык комитеттин калкасында өткөрүлүүчү спорттук иш-чаралар спортсмендерди даярдоонун жана катышуусунун алкагында гана жүргүзүлөт. Гранттарды тартуу, олимпиадалык идеалдарды даңазалоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүлөр дээрлик жокко эсе.
22. Бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттагы негизги басым жогорку жетишкендиктердин спортунун натыйжалуулугуна багытталган, бирок, акыркы эки Олимпиадалык оюндарда ата мекендик спортсмендер тарабынан бир дагы медаль жеңип алынган жок.
23. Мамлекет тарабынан спорттун түрлөрү боюнча 72 федерация каржыланат, ага карабастан потенциалдуу түрдө Олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшү, эркин күрөш, аялдар күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика боюнча спорттун 5 түрүнүн өкүлдөрү гана байгелүү орундарды ээлеп келишүүдө. Эл аралык спорттук аренада жогорку натыйжаларды көрсөтүүгө жөндөмдүү спорттун олимпиадалык эмес 5ке жакын түрү: самбо, кикбоксинг, ушу, кол күрөшү, футзал бар.
24. Окутуу-машыгуу процессин пландоо, спорттук резервди жана жогорку квалификациядагы спортсмендерди даярдоонун документтерин талдоо көп жылдык максаттуу пландоонун жоктугу тууралуу жалпы корутунду жасоого мүмкүндүк берет. Негизинен, машыктыруучунун иши системдик эмес негизде жүргүзүлөт, ал эми пландоодо негизги орунду мелдештерге катышуу гана ээлейт.
25. Келечекте спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнүн региондук өзгөчөлүктөрүн жана калк кызыккан спорт деп аталгандарды жана спорттун айрым түрлөрүн айрыкча өнүктүрүүнүн реалдуу шарттарын дагы көңүлгө алуу керек. Мисалы, Нарын жана Ысык-Кел облустарында спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү жана анда тийиштүү инфратүзүмдүн болушу, Талас облусунда күрөштүн түрлөрү өзгөчө даңазаланган, Кыргызстандын түштүк облустарында жекеме-жеке күрөштүн ар кандай түрлөрү орун алган.
26. Узак жылдар бою жогорку жетишкендиктер спортунда дене тарбия жактан даярдоо сабактарынын жана окутуу-методикалык процесстердин мазмундуу программасы каралган эмес, натыйжада заманбап талаптарга жооп бербейт. Ата мекендик спортто спорттук илим жана спорттук медицина өтө оор абалда, ошол эле убакта дүйнө жүзүндө жогорку кесипкөй спортсмендерди даярдоодо өзгөчө көңүл дал ушул факторлорго бурулат.
Спортто тыюу салынган дары-дармектерди колдонууга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштерди күчөтүү зарыл, бул дүйнөлүк спортто допинг колдонгон көп сандаган учурлар менен ырасталат.
27. Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнүн оң динамикасы белгиленген. Ошентип, ат спортунун түрлөрү боюнча мелдештер калк арасында кеңири белгилүү. Спорттун улуттук түрү болгон көк бөрү оюну өзгөчө динамикада өсүүдө, спорттун ушул улуттук түрү боюнча клубдук командалардын тармагы кеңири өнүгүүдө.
Республика боюнча орточо спорттун улуттук түрлөрү менен 400,0 миңден ашуун киши машыгат, 200гө чукул машыктыруучу-окутуучулар бар. Бирок, спорттун улуттук түрлөрү боюнча машыктыруучу-окутуучулардын көпчүлүгүнүн дене тарбия боюнча билиминин жоктугун, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө билим берүү мекемелеринин базасында тийиштүү факультеттердин жок экендигин белгилеп кетүү керек.
28. Азыркы учурда спорт үчүн дене тарбия мугалимдери жана окутуу-окутуучулар курамынын өтө жетишсиз экендиги белгиленген, бул өзгөчө региондор үчүн актуалдуу. Республика боюнча 2016-жылы болгону 1,6 миң машыктыруучу-окутуучу иштеген. Бир машыктыруучуга 10 жаштан 49 жашка чейинки 2250 адам туура келет. 1027 машыктыруучу-окутуучу эсептик каттоодон өттү, 389 машыктыруучу-окутуучунун талаптарга ылайык келбегендигине байланыштуу, эң башкысы жогорку жана орто-кесиптик билиминин жоктугунан эсепке каттоодон баш тартылды.
Атаандашууга жөндөмсүз эмгек акынын натыйжасында машыктыруучу-окутуучулардын тармактан агылып кетиши дагы эле көп болуп жаткандыгы белгиленди. Машыктыруучу-окутуучу кадрлардын орточо эмгек акысы 8-10 миң сомду түзөт.
29. Акыркы 20 жылдан ашуун мезгилден бери республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен эл аралык стандарттарга жооп берген бир дагы спорттук объекттин курулбагандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Ошону менен бирге эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес жана меценаттар тарабынан дене тарбия жана спорттун жөнөкөй объекттерин куруунун реалдуу оң динамикасы бар.
30. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы 8 миңден ашуун спорттук аянтчалар жана талаалар болгон, 1500 жана андан ашык орундук трибунасы менен 8 стадион, 27 сүзүүчү бассейн, 1,4 миң спорттук зал бар. Ошондой эле дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн 102 жай ыңгайлаштырылган, 52 бута атуучу тирлер, 10 лыжа базасы иштеген, 77 дене тарбия - ден-соолукту чыңдоочу комплекс жана 130 башка спорттук курулмалар иштеген.
31. 2016-жылы бардык спорттук курулмалардын (аянтчалар жана талаалар) бир эле учурда өткөрүү мүмкүнчүлүгү 144,1 миңге жакын (2011-жылы - 121,4 миң) адамды түзгөн. Анын ичинде бир эле учурда 31 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар (2011-жылы 29 миңге жакын адам) баскетбол талааларынын саны 2,2 миң бирдикти (2011-ж. - 2 миң бирдик), бир эле учурда 39,8 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар (2011-жылы 38 миң адамга 2,3 миң бирдик) волейбол талааларынын саны 2,5 миң бирдикти түзөт, бир эле учурда 35,7 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар футбол талааларынын саны 2011 -жылдын деңгээлинде калды жана 1,6 миң бирдикти түздү. Мындан тышкары, 6,8 миң адам ордо оюнун ойной алгыдай 502 аянтча бар (2011-жылы 479), 3 миң адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар кол тобун ойноо үчүн 204 (2011-жылы 3,7 миң адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар 257) оюн талаасы бар, 1,1 миң адамга эсептелген 204 теннис корту, ошондой эле 4,7 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар жеңил атлетикалык ядро менен машыгуу үчүн 368 аянтча (2011-жылы 5,7 миң адамга 258) бар.
32. 2015-жылга салыштырганда 2016-жылы спорттук аянтчалардын жана талаалардын саны 380 бирдикке кыскарган. 2016-жылы бардык спорттук курулмалардын бир эле учурда өткөрүү мүмкүнчүлүгү 2015-жылга салыштырганда 16,1 миң адамга көбөйгөн жана 141,1 миң адамды түзгөн (2015-жылы 128 миң болгон).
Трибунасы менен 1500 жана андан көп орундуу чоң көлөмдөгү стадиондордун саны 2015-жылга салыштырганда 8ден 22 бирдикке көбөйгөн. Бассейндердин саны тескерисинче 27ден (2015-жылы) 23кө чейин (2016-жылы) азайган.
33. Спорттук аянтчалардын жана талаалардын кыйла көп саны Жалал-Абад облусунун аймагында, алардын эң азы Талас облусунда жана Ош шаарында. Трибунасы менен 1500 жана андан көп орундуу чоң көлөмдөгү стадиондор бардык облустарда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында бар. Бассейндердин эң көп саны Бишкек шаарында, мында бир эле учурда өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү 635 адамды түзгөн.
34. Акыркы мезгилдерде бизнестин дене тарбия жана спорт тармагына кызыгуусунун өскөндүгү белгиленүүдө, бул жөнүндө спорттук клубдардын жана секциялардын ачылып жаткандыгы күбөлөндүрүүдө. Бирок, мындай тенденция негизинен Кыргыз Республикасынын ири шаарлары үчүн мүнөздүү. Аталган тенденцияларга карабастан сергек жашоо мүнөзүнүн маселелери боюнча мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүлөрү дээрлик жокко эсе.
35. Жагдайды талдоо ийгиликтүү өнүгүп жаткан эки форманы тапты:
1) клубдарды, секцияларды ачуу аркылуу иштеген жана калк тарабынан жетиштүү талап кылынган дене тарбия боюнча кызматтарды көрсөтүү аркылуу иштеп жаткан жеке ишкердик. Мында машыгуучулардын керектөөлөрүнө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ылайык баа түзүүнүн рыноктук механизмдери ишке ашырылып жаткандыгы белгиленүүдө;
2) спорттук оюн-зооктордун уюштуруучулары жана жетекчилери тарабынан негизги максаттардын бири пайда табууну көздөгөн коммерциялык, кесипкөй спортту калыптандыруу.
36. Аталган формаларды ишке бирдей ашыруу айрым учурларда заманбап талаптарга, анын ичинде эл аралык стандарттарга жооп берген спорттук курулмаларды курууга жана реконструкциялоого капиталдык салымдар менен коштолот. Финансылык жактан тартыштык шартында мамлекеттик секторго караганда жеке сектордун бир жолку жана учурдагы чыгымы басымдуулук кылган учурда, ал атаандашууга гана жөндөмдүү болбостон, келечекте басымдуулук кылуучу секторго айланат.
37. Азыркы учурда дене тарбия жана спорттун материалдык-техникалык базасы объекттердин жетишсиздиги, эл аралык стандарттарга жана талаптарга шайкеш келбегендиги, аймак боюнча бөлүштүрүүлөрдүн бирдей эместиги, заманбап жабдуулар жана инвентарлардын жоктугу менен мүнөздөлөт.
4-глава. Өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрү
38. Дене тарбия жана спорттун учурдагы абалына жүргүзүлгөн талдоо тармактын андан ары өнүгүүсүн токтотуп турган үч негизги системдик көйгөйлөрүн аныктады.
Биринчи көйгөй - спорт жана дене тарбия жактан активдүүлүккө машыгуу боюнча инфратүзүмдүн объекттеринин жетишсиздигин, алардын эл аралык стандарттарга жана талаптарга шайкеш келбестигин, аймактык бөлүштүрүүлөрдүн бирдей эместигин, заманбап жабдуулардын жана инвентарлардын жоктугун камтыган инфратүзүмдүк көйгөй.
Экинчи көйгөй - кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин, окутуу-машыктыруу процессин уюштуруунун жана керектүү каражаттар менен камсыздоонун заманбап методикаларынын жана технологияларынын жоктугун, кесипкөй биологиялык-медициналык жана илимий коштоолордун жоктугун камтыган технологиялык көйгөй.
Үчүнчү көйгөй - калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга умтулуусунун төмөн деңгээлин, активдүү сергек жашоону жана спортко кызыгууну ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн көп түрдүүлүгүнүн жоктугун дене тарбия жактан активдүүлүктүн пайдасын жана мүмкүндүктөрүн системдүү даңазалоонун жоктугун камтыган маркетингдик көйгөй.
Төртүнчү көйгөй - дене тарбияны өнүктүрүүгө жана даңазалоого зыян келтирүү менен жогорку класстагы спортсмендерди даярдоого гана күч-аракеттердин топтолушун, мамлекет, коомдук жана спортту өнүктүрүүнүн эл аралык институттарынын ортосунда туруктуу коммуникациялардын жоктугун камтыган башкаруучулук көйгөй.
5-глава. Стратегиялык багыт
39. Биринчи стратегиялык багыт - Кыргыз Республикасынын калкынын дене тарбия жактан жана активдүүлүгүн өнүктүрүү.
Максаты - дене тарбия жактан жана спорт менен калктын машыгуу активдүүлүгүнүн массалуулук деңгээлин 2022-жылга карата 25%га чейин жогорулатуу.
1.1-милдет. Спорттук курулмалар менен камсыздоонун жана алардын сапатын контролдоонун деңгээлин жогорулатуу:
- калк арасында белгилүү болгон спорттун түрлөрү: волейбол, футбол, баскетбол, жеңил атлетика менен машыгуу үчүн спорттук курулмалардын аянтчаларын куруу;
- жалпы илим берүү мекемелеринде жыл сайын 10%га спорт жана дене тарбия жактан активдүү машыгуу объекттерин модернизациялоо;
- менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү мекемелеринде дене тарбиялык машыгууларды инвентарь жана жабдуулар менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча стандарттардын сакталышын камсыз кылуу;
- спорттук курулмаларга карата сапаттын улуттук стандарттарын киргизүү жана аларды жаңы жана колдонуудагы объекттерде ишке ашырылышын камсыз кылуу;
- мамлекет-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу спорттук инфратүзүмдү түзүүгө бизнести тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
1.2-милдет. Калктын дене тарбия жактан активдүүлүгүн жайылтуу.
- дене тарбиянын Улуттук ченемдик негиздерин (ГТОго окшош) сыйлоо чараларынын системасын кошо, жайылтуу;
- улуттун ден соолугун чыңдоонун зарылчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мектепте жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын кайра кароо;
- билим берүү мекемелеринин дене тарбия боюнча окутуучуларын жана машыктыруучуларды жакынкы чет өлкөлөргө окууга жиберүү, ошондой эле тажрыйба жана методикалар менен алмашуу үчүн коомдук аянтчаларды түзүү;
- аскерге чакырылганга чейинки жаштар үчүн тарбиялык жана машыгуу программаларын кеңейтүү жана жогорку класстын окуучулары жана аскерге чакырылганга чейинки жаштар үчүн аскердик-прикладдык жеңил атлетика түрлөрү боюнча улуттук программаны түзүү;
- дене тарбия жана спорт жаатында адистерди даярдоого улуттук тапшырыкты канааттандыруу максатында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын реформалоо.
1.3-милдет. Жашоонун дене тарбия жактан активдүүлүгү үчүн калктын умтулуусун жогорулатуу:
- улуттук элитанын өкүлдөрүн тартуу жана маалымат берүүнүн бардык формаларын жана каналдарын колдонуу менен сергек жашоонун жана дене тарбия жактан активдүүлүктүн баалуулуктарын илгерилетүү;
- жалпы билим берүү, ошондой эле аймактык, муниципалдык, жергиликтүү билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында спорттун кыйла талап кылынган түрлөрү боюнча улуттук спорттук иш-чаралардын, мелдештердин, спартакиадалардын үзгүлтүксүз координацияланган көп баскычтуу системасын киргизүү;
- өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин колдоосу алдында, маалыматтык коштоо системасын, спорттук иш-чаралардын жана окуялардын тармагын уюштурууну, кайрымдуулукту жана меценаттыкты өзүнө камтыган "Дени сак Кыргызстан" массалык кыймылын ишке киргизүү;
- спорттун кыйла белгилүү жана кызыктырган түрлөрүн илгерилетүү жана алардын ишине түрткү берүүчү механизмин түзүү үчүн коомдук бирикмелерди түзүү;
- мектепке чейинки курактан баштап пенсиялык куракка чейинки калктын ак түрдүү курактагы топторунун дене тарбия жактан активдүүлүгү үчүн адистештирилген программаларды иштеп чыгуу жана платформаларды түзүү;
- "Сергек үй-бүлө - сергек улут" улуттук программасын ишке киргизүү жолу менен үй-бүлө институту аркылуу сергек жашоонун баалуулугун өөрчүтүү.
1.4-милдет. Мамлекеттик саясаттын фокусу катары калктын дене тарбия жактан активдүүлүгү:
- өнөктөштүк жана кооперация предметине калктын сергек жашоосун жана дене тарбия жактан активдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча эл аралык, коомдук спорттук институттар менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү;
- дене тарбия жактан активдүүлүк менен калкты камтуу предметине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен өз ара активдүү жана үзгүлтүксүз аракеттенүү;
- дене тарбия жана спорт менен машыгуучуларга, ошондой эле спорттук инфратүзүмдөр менен камсыздалышына, окутуу-методикалык процесстин сапатынын деңгээлине системалуу мониторинг жүргүзүү.
40. Экинчи стратегиялык багыт - жогорку жетишкендиктер спортун өнүктүрүү.
Максаты - улуттук спорттук элитаны системалуу даярдоо жана 2020-жылда боло турган Олимпиадалык оюндарда 3 жогорку спорттук сыйлык, 2018 жана 2022-жылы боло турган Азия оюндарында 5 жогорку спорттук сыйлык алуу.
2.1-милдет. Эл аралык стандарттарга шайкеш келген окутуу-машыктырууну жана мелдештик инфратүзүмдөрдү түзүү:
- спорттук курулмалардын эл аралык стандарттарына шайкеш келген жаңы улуттук Спорт сарайын куруу;
- спорттун перспективдүү олимпиадалык түрлөрү боюнча Ысык-Көлдө окутуу-машыктыруучу базаны куруу;
- медициналык мекемени калыбына келтирүү - спортсмендерге жана аларга теңелгендерге гана кызмат көрсөтүүгө адистештирилген медициналык спорттук диспансер;
- спортсменди андан-ары даярдоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо, калыбына келтирүү-ден соолугун чыңдоо иш-чараларынын сапатын жакшыртуу үчүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо боюнча медициналык жабдууларды колдонууну практикага киргизүү;
- комплекстүү илимий топту калыптандыруунун негизинде "Токио - 2020" тобун илимий-методикалык жактан камсыздоо;
- олимпиадалык курамаларды даярдоого тартылган колдонуудагы спорттук курулмалардын жана залдарды модернизациялоо жана аларды зарыл болгон материалдык-техникалык жабдуулар жана инвентарлар менен жабдуу;
- жогорку билим берүү жайларынын спорттук комплекстерин модернизациялоо жана аларды спортсмендерди даярдоо системасынын базасына топтоо.
2.2-милдет. Спортсмендерди даярдоо жана коштоо системасы:
- спортсмендерди даярдоонун окутуу-машыктыруучу жана методикалык процесстеринин сапатын жогорулатуу үчүн эл аралык эксперттерди жана машыктыруучу-окутуучу курамды тартуу;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайын, ошондой эле перспективдүү олимпиадалык багыттарды өнүктүрүүнү өөрчүтүү менен балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин системасын реформалоо;
- жогорку класстагы спортсмендерди жалпы жана атайын даярдоого, ошондой эле аларды биологиялык-медициналык коштоого илимий-методикалык жана окутуу-машыктыруучу технологияларды тартуу жана адаптациялоо;
- окутуу-машыктыруу процессинин мыкты тажрыйбасы жана методикалары, спортсмендерди жалпы дене тарбия жактан даярдоо боюнча улуттук маалыматтык базаны түзүү;
- машыктыруучу-окутуучу курам үчүн жагымдуу финансылык шарттарды түзүү;
- спорттук медициналык кадрларды даярдоочу алдыңкы мекемелердин базасында спорттук медицинанын врачтарын даярдоо жана квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу;
- допингге каршы дүйнөлүк агенттик тарабынан тыюу салынган дары-дармектердин, дары каражаттарынын, активдүү кошулмалардын спортсмендердин керектөөлөрүнүн санын кыскартуу;
- допингге каршы улуттук мекемени уюштуруу.
2.3-милдет. Жогорку жетишкендиктер спортунун имиджин илгерилетүү:
- эл аралык жогорку спорттук натыйжаларга жетишкен спортсмендердин имиджин жана статусун илгерилетүү боюнча "Биздин өлкөнүн сыймыгы" деген аталыштагы улуттук кампанияны уюштуруу;
- спорттун артыкчылыктуу олимпиадалык түрлөрү боюнча теле берүү каналдарында спорттук телеберүүлөрдү жана түз тартып берүүлөрдү кеңейтүү;
- көрүнүктүү дүйнөлүк спортсмендердин билимин жана тажрыйбасын үйрөнүү, ошондой эле спорттун артыкчылыктуу багыттарын пропагандалоо максатында аларды чакыруу жана турнесин уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык турнирлерди жана мелдештердин максималдуу санын тартуу жана уюштуруу;
- алдыңкы спортсмендердин жашаган жана төрөлгөн жеринде спортсмен жөнүндө маалыматтын болушуна өзгөчө көңүл буруу менен алардын кирешелерин, эл аралык тажрыйбаларын кеңири чагылдыруу.
2.4-милдет. Жогорку жетишкендиктер спортун башкаруу:
- Улуттук олимпиадалык комитет менен кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен ар кандай иш-чараларды өткөрүү;
- улуттук федерациялар менен алардын ишин координациялоо жана келечектеги дүйнөлүк спорттук окуялардын көз карашынан алганда перспективдүү багыттарга артыкчылык берүү;
- эл аралык спорттук уюмдар менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү;
- спорттук багыттагы эл аралык илимий-медициналык уюмдар менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү.
41. Үчүнчү стратегиялык багыт - спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү.
Максаты - спорттун улуттук түрлөрүнө калктын тартылышынын деңгээлин 2022-жылга карата 700,0 мин адамга чейин жогорулатуу.
3.1-милдет. Спорттун улуттук түрлөрүн жана улуттук оюндарды стандартташтыруу:
- салттуу улуттук кыймылдуу оюндарды изилдөөнүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
- салттуу оюндар үчүн спорттук ченемдерди жана талаптарды белгилөө;
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук объекттерди жана инвентарларды стандартташтыруунун программасын иштеп чыгуу;
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча минималдуу класс-комплектини иштеп чыгуу;
- "Дене тарбия жактан тарбиялоонун кыргыз улуттук системасы" деген аталыштагы окуу-илимий сабак катары спорттун улуттук түрлөрүнүн теорияларынын негизин иштеп чыгуу;
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча дене тарбия мугалимдерин жана машыктыруучу-окутуучуларынын квалификацияларын жогорулатууну жана кайра даярдоону уюштуруу.
3.2-милдет. Спорттун улуттук түрлөрүн даңазалоо жана аларды эл аралык спорттук аренага алып чыгуу:
- Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын өткөрүү жана өлкөлөрдүн катышуусун кеңейтүү, катышуучулардын санын көбөйтүү, "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары" күнүн белгилөө;
- Улуу жибек жолунун оюндарын демилгелөө жана өткөрүү;
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук-массалык иштерди эң мыкты коюуга ар кандай номинациялар боюнча кароо-сынактарды өткөрүү;
- өзүнчөлүгү көрүнгөн спорттун айрым түрлөрүн же спорттун улуттук түрлөрүнүн элементтерин ЮНЕСКОдо каттатуу;
- интернет-технологиялары аркылуу спорттун улуттук түрлөрүн илгерилетүү жана даңазалоо;
- документалдык фильмдерди чыгаруу, илимий изилдөөлөрдү кошо алганда, изилдөө иштерин жүргүзүү, илимий-практикалык конференцияларды, басылма иштерин жүргүзүү;
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана аны менен окуу жайларын камсыздоо;
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча билим берүү уюмдарында сабактарды өтүүнүн милдеттүүлүгү бөлүгүндө, "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу үчүн мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү.
42. Төртүнчү стратегиялык багыт - дене тарбия жана спортту Кыргыз Республикасынын региондорунда өнүктүрүү.
Максаты: ар бир облуста жыл сайын калктын 1 пайызынын дене тарбия жактан активдүү машыгуусунун массалык деңгээлин жогорулатуу.
4.1-милдет. Дене тарбия жана спорт менен машыгууга үгүттөө:
- жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында спорттук-массалык иш-чараларды кеңири чагылдыруу;
- айыл калкы үчүн сергек жашоо боюнча сунуштамалардын комплексин иштеп чыгуу;
- калктын Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендери менен системалуу жолугушууларын уюштуруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоого дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн көрсөткүчүн киргизүү;
- ар бир облус үчүн спорттун артыкчылыктуу массалык түрүн аны андан ары өнүктүрүү максатында аныктоо.
4.2-милдет. Жогорку жетишкендиктердин региондук спортун дене тарбия жана спорт менен машыгууну даңазалоонун инструменти катары өнүктүрүү:
- машыктыруучу-окутуучу курамдын, анын ичинде спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча башкы машыктыруучулар менен биргелешкен окутуу-машыктыруучу жыйындарды өткөрүү жолу менен алардын квалификациясын жогорулатуу системасын киргизүү;
- спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча спортсмендерди даярдоого көңүлдү буруу менен балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин региондук тармактарына реформа жүргүзүү;
- перспективдүү спортсмендерди дайыма медициналык кызмат менен камсыздоо максатында саламаттык сактоонун жергиликтүү органдары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөрдү жөнгө салуу;
- спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча райондор аралык жана облустар аралык мелдештерди өткөрүүнүн тажрыйбасын жайылтуу.
43. Бешинчи стратегиялык багыт - дене тарбия жактан активдүүлүктүн жана спорттун адистештирилген түрлөрүн өнүктүрүү.
Максаты - жарандардын өзгөчө категориялары үчүн шарттарды түзүү жана аларды 2022-жылга карата дене тарбия жактан активдүүлүккө тартууну 10 пайызга чейин кеңейтүү.
5.1 -милдет. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдары дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыгууга тартуу:
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөө боюнча дене тарбия жана спорт жаатында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо;
- дене тарбия жана спорт объекттерин ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына этап боюнча ылайык келтирүү;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендердин спорттук жетишкендиктерин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды дене тарбия жактан машыктыруунун программаларын иштеп чыгуу;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттук-массалык иш-чаралардын санын көбөйтүү.
5.2-милдет. Спорттун паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча жогорку даражадагы спортсмендерди даярдоо:
- балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектептеринин тармагында спорттун паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык перспективдүү түрлөрү боюнча топторду ачуу;
- адистештирилген коррекциялык мекемелер үчүн спорттук инвентарлар жана жабдуулар менен камсыздалышынын минималдуу класс-комплектисин иштеп чыгуу жана бекитүү; .
- спорттун перспективдүү түрлөрү боюнча коррекциялык билим берүү мекемелеринде адистештирилген спорттук класстарды түзүү;
- паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык оюндарга, ошондой эле башка эл аралык мелдештерге жогорку даражадагы спортсмендерди даярдоонун программасын иштеп чыгуу жана бекитүү.
6-глава. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча чаралар
Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк саясатын өнүктүрүү
44. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдар мезгилине Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн стратегиялык максаты - бул жарандардын сергек жашоосуна, анын ичинде дене тарбия жана спорт менен машыгууга, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, кыргыз спортунун атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган шарттарды түзүү болуп саналат.
45. Жогоруда аталган стратегиялык максаттарга жетишүүнүн инструменттеринин бири дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары - МЖӨ) механизмдерин пайдалануу болуп саналат.
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө МЖӨнүн механизмдерин пайдалануу башка тармактарды: мамлекеттик бюджетке болгон жүктү азайтууну, мамлекеттик мүлктүн объекттерин ырааттуулук менен өнүктүрүүнү, жеке инвестор тарабынан акча каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү сарптоону, мыкты эксперттик практиканы, билимди жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүнү жана колдонууну өнүктүрүү максатында МЖӨнү тандап алууга мүнөздүү болгон ошол эле себептер менен шартталган.
46. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк мезгилинде эл аралык финансылык уюмдар, донор өлкөлөр тарабынан мамлекеттин айрым секторлорун өнүктүрүү үчүн олуттуу гранттык каражаттар бөлүнүп берилди. Бирок дене тарбия жана спорт секторун өнүктүрүүгө, атап айтканда спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө каражаттар каралган жок.
47. МЖӨнүн ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана мыйзамдан келип чыккан актылар кабыл алынган, алар МЖӨнун долбоорлорун даярдоодо жана ишке ашырууда пайда болуучу дээрлик бардык маселелерди жөнгө салат. Азыркы учурда дене тарбия жана спорт секторунда МЖӨнүн бир нече долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлордун кыскача сыпаттамасы
"Эдельвейс" спорттук-туристтик базасын куруу
48. Спорттук-туристтик базаны Чүй облусунун Чүй районундагы "Кегети" капчыгайында, Бишкек шаарынан 90 км, жана Токмок шаарынан 12 км аралыкта жайгашкан мурунку "Эдельвейс" (ИК 7101400060091) пионер лагеринин базасында куруу пландалууда.
49. Азыркы учурда "Эдельвейс" пионер лагери өтө начар абалда жана анын жайларынын кыйроо абалында болгондугуна байланыштуу андан ары пайдалануу мүмкүн эмес. Лагердин аймагы 5,3273 гектарды түзөт.
50. Кегети капчыгайы альпинисттер жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн эң кызыктуу жана жагымдуу туристтер баруучу пункттардын бири болуп саналат. Бул пионер лагеринин базасында анын жайгашкан жеринин жана идеалдуу климаттык шартынан улам окутуу-машыктыруучу жыйындарды өткөрүү үчүн машыктыруу, коммерциялык, туристтик жана оюн-зоок уюштуруу, ден-соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү менен спорттук-туристтик базаны курууга болот.
51. Долбоорго ылайык жеке өнөктөш каржылоону тартат, мамлекеттик өнөктөш тарабынан берилген жер тилкесине кыймылсыз мүлктөрдүн объекттери долбоорлонот жана курулат, андан соң белгиленген мөөнөткө макулдашуу объектисин эксплуатациялайт. Долбоордун болжолдуу наркы 6 млн. АКШ доллары эсебинде бааланууда. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 20 жыл.
Д.Өмүрзаков атындагы кичи спорт аренасын реконструкциялоо
52. Долбоорго ылайык Д.Өмүрзаков атындагы "Кичи спорттук аренаны" көп функционалдуу спорттук-оюн-зоок комплексине реконструкциялоо пландалууда. Азыркы учурда Д.Өмүрзаков атындагы "Кичи спорттук арена" өтө начар абалда жана анын жайлары кыйроо абалда экендигине байланыштуу андан ары пайдалануу мүмкүн эмес. Кичи спорттук аренанын аймагы 0,63 гектарды түзөт. Жайгашкан жеринен улам жагымдуу болуп саналат. Көп функционалдуу спорттук-оюн-зоок комплексинде машыгуучу, коммерциялык жана маданий-көңүл ачуу кызматтарын көрсөтүү пландалууда.
53. Долбоорго ылайык жеке өнөктөш каржылоону тартат, мамлекеттик өнөктөш тарабынан берилген жер тилкесине кыймылсыз мүлктөрдүн объекттери долбоорлонот жана курулат, андан соң макулдашуу объектисин белгиленген мөөнөттүн аралыгында эксплуатациялайт. Долбоордун болжолдуу наркы 3 млн. АКШ доллары эсебинде бааланууда. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 20 жыл.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн башка потенциалдуу долбоорлору
54. Азыркы учурда өлкөнүн региондорунда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча К.Кожомкул атындагы спорт сарайын, К.Кожомкул атындагы спорт сарайынын бассейнин реконструкциялоону, К.Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында атриум курууну, Баткен облусунун Кадамжай районунда альплагерди курууну, Каракол, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ат майдандарды реконструкциялоону кошкондо жана "Этномаданиятты, ат спортун жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын аймагын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында турган мекемелердин спорттук базаларын өнүктүрүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча дагы бир нече долбоорлор талкууланууда.
7-глава. Функционалдык башкаруу
55. Ушул болжолдоону ишке ашыруу үчүн уюштуруу-штаттык түзүмдү кайра өзгөртүп түзүү, ички процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу, маалыматтык камсыздоону өркүндөтүү, тышкы коммуникациялардын дене тарбия жана спортту башкаруунун башка субъекттери менен өзгөртүү талап кылынат.
56. Пландалып жаткан өзгөртүүлөрдүн максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, дене тарбия жана спорт жаатында сапаттуу социалдык жактан маанилүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө багытталат.
57. Алдыдагы келечекте уюштуруучу-башкаруучу блок жаатындагы башкы милдеттер төмөнкү аспектилер болот:
- маалымат алуунун, иштеп чыгуунун жана талдоонун процессин жана өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн даражасын кеңейтүү;
- чөйрөнүн ар кандай өзгөрүүсүнө жана коомдогу керектөөлөргө сапаттуу жана оперативдүү чечимдерди иштеп чыгуу;
- мамлекеттик түзүмдөр, коомдук жана эл аралык спорттук уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү.
8-глава. Мыйзамдык аспектилер
58. Ушул программанын жоболорунан улам дене тарбия жана спортту жөнгө салуучу маанилүү мыйзамдарды кайра карап чыгуу максатка ылайыктуу. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарын оптималдаштыруу талап кылынууда.
59. Бүгүнкү күндө дене тарбия жана спорт жаатында Кыргыз Республикасынын профилдүү 3 мыйзамы бар: "Дене тарбия жана спорт жөнүндө", "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө", "Паралимпиадалык спорт жөнүндө". Бирок бул мыйзамдар түшүндүрүү аппаратын кеңейтүү бөлүгүндө толуктап иштеп чыгууну, Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык келтирүүнү, мамлекеттин жеке менчик формасындагы спорттук клубдар менен өз ара аракеттенүү боюнча функцияларды аныктоону талап кылат.
60. Жалпысынан аталган мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын бир жалпы Мыйзамына бириктирүү зарыл. Мындан тышкары, рынок экономикасынын механизмдерин киргизүүнү, дене тарбия жана спорт тармагын коммерциялаштырууну эске алуу менен мыйзамдарды оптималдаштыруу зарыл.
61. Аталган мыйзамдар менен катар эле фискалдык шыктандыруу чараларын, административдик колдоону, ар түрдүү субъекттердин, анын ичинде башкаруунун баскычтарынын ортосунда функцияларды жана ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүүнү эске алуу менен дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн калыптандыруучу башка ченемдик укуктук актылар демилгеленүүгө тийиш.
9-глава. Каржылоо
62. Программаны ишке ашыруу 3033950,0 миң сом өлчөмүндөгү жыйынды каржылоону тартууну болжолдойт. Негизги булактар мамлекеттик бюджет, жеке инвестиция, эл аралык өнөктөштөрдүн гранттары, коомдук спорт институттарынын каражаттары болот.
63. Программаны каржылоонун күтүлүп жаткан жалпы көлөмүнөн 412000,0 миң сом 2019-жылдан тартып ар жыл сайын 103000,0 миң сомдон дене тарбия жана спорт тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга багытталат.
64. Сарпталуучу ресурстардын негизги үлүшү дене тарбия жана спорт үчүн инфратүзүмдөрдү модернизациялоого жана курууга туура келет жана 2464000,0 миң сомду түзөт. Калган бөлүгү дене тарбия жана спортту кармап туруу боюнча технологияларды тартууга жана модернизациялоого багытталат.
10-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
65. Ушул Программанын алкагында мониторинг жүргүзүү системасын түзүү жана программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоону жана талдоону уюштуруу пландалууда. Мониторинг жүргүзүү системасы сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жана мүнөздөмөлөрдү карайт.
66. Мониторинг жана баалоо төмөнкүлөргө багытталат:
- багыттардын ар бири боюнча чараларды ишке ашырууну системалуу талдоо жана баалоо;
- керектүү башкаруучулук, ченемдик укуктук жана ресурстук-кадрдык камсыздуулук менен камсыздоо;
- билдирилген максаттардан четтөөлөрдү табуу, алардын пайда болуу себептерин талдоо, керектүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү.
67. Программаны ишке ашыруунун ийгиликтүүлүгүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги иши болуп калат. Натыйжалуулуктун бардык көрсөткүчтөрү жыл сайын көзөмөлгө алынып турат.
11-глава. Күтүлгөн натыйжалар
68. Программаны ишке ашыруу дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча позитивдүү тенденцияга жетишүүгө, дене тарбия жана спорт менен системалуу машыгууга тартууга жана калктын кеңири массасына сергек жашоого кошулууга мүмкүндүк берет, бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга оң таасирин тийгизет.
69. Дене тарбия жана спорт тармагын реформалоо бюджеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгына жана натыйжалуулугуна жетишүүгө, тармакты башкаруу системасын оптималдаштырууга, ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.
70. Калктын дене тарбия жактан активдүүлүгүнүн жана спорт менен машыгууларынын массалуулугунун деңгээлин жогорулатуу эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана Ата мекенди коргоого позитивдүү таасирин тийгизет.
71. Улуттук спорттук элитаны системалуу даярдоону жайылтуу эл аралык комплекстүү спорттук мелдештерде ата мекендик спортсмендердин атаандашууга жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ата мекендик спортсмендердин эл аралык мелдештердеги натыйжалары өлкөнүн эл аралык аренадагы имиджин аныктайт. Программанын маанилүү жыйынтыгы спорттун улуттук түрлөрүн жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын брендин андан ары өнүктүрүү болуп саналат.
72. Программада дене тарбия жана спортту региондордо өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын башкы максаты, өзүнө өнүктүрүү борборлорун жана тийиштүү айыл аймактарын камтыган таяныч аймактарды өнүктүрүүнү борбордук колдоо аркылуу калктын бакубаттуулугун жана жашоо турмушунун сапатын арттыруу үчүн республиканын региондорун тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо болуп саналат. Программа региондордо дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү жолу менен жогоруда белгиленген максаттарга жетишүүгө көмөк көрсөтөт, бул калктын жашоо турмушунун сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет.
73. Дене тарбия жана спорт тармагында инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу азыр өтө кейиштүү абалда турган колдонуудагы спорттук объекттерди сактап калууга жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү Кыргызстанга континенталдуу комплекстүү спорттук эл аралык мелдештерди өткөрүүгө жана ата мекендик спортсмендердин атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берет.
74. Дене тарбия жана спорт тармагында МЖӨнү өнүктүрүү спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана өлкөнүн бюджетине күч келтирүүнү азайтуу үчүн каржылоонун кошумча булактарын табууга көмөк көрсөтөт.
12-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана коркунучтар
75. Дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүнүн жагымдуу өбөлгөлөрү бул тармакты башкарууну чыңдоонун туруктуу тенденциясы болуп саналат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүмүн оптималдаштыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн 51 спорттук уюму өткөрүлүп берилген. Бул дене тарбия жана спорт тармагын оптималдаштырууга жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
76. Спорттук инфратүзүмдү жакшыртуу үчүн гранттык каражаттарды тартууда оң тенденция байкалууда, Кыргыз Республикасы менен "Газпром" ААКнын жетекчилигинин ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык, "Газпром - балдарга" социалдык программа ишке ашырылууда. Азыркы учурда 7 дене тарбия - ден-соолукту чыңдоо комплекстери курулган, жалпысынан программанын алкагында республиканын региондорунда дене тарбия - ден-соолукту чыңдоочу 16 комплексти куруу пландалууда.
77. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясы бекитилген, анын максаты калктын бакубаттыгын жана жашоо турмушунун сапатын арттыруу үчүн республиканын региондорунун тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо болуп саналат. Ошол эле учурда дене тарбия жана спорттун өнүгүшү региондордо жашоо турмуштун сапатынын өнүккөндүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн бири болуп калат.
78. Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) ийгиликтүү интеграцияланууда. ЕАЭБдин алкагында кызмат көрсөтүү секторлорунун (чакан секторлорунун) тизмеги бекитилген, анда бирдиктүү рынок иштейт. Демек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн, анын ичинде дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү жана аны пайдалануу эркиндиги максималдуу деңгээлде берилген.
79. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал мамлекет менен жеке өнөктөштүктү колдонуу, өз ара аракеттенүү жаатын жана МЖӨнүн башка аспектилерин жөнгө салат. Азыркы учурда донорлор МЖӨнүн долбоорлорун даярдоодо практикалык жардамдарды көрсөтүшүүдө. Ушул программа менен МЖӨнүн алкагында өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
80. Ушул Программаны ишке ашырууда жана анда коюлган максаттарга жетүү үчүн мүмкүн болгон макроэкономикалык, социалдык, операциялык жана башка коркунучтарды эске алуу зарыл.
81. Программаны ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун эң маанилүү шарты аталган коркунучтарды минималдаштыруу, белгиленген иш-чаралардын аткарылышына натыйжалуу мониторинг жүргүзүү, Программанын артыкчылыктуу багыттарын жана көрсөткүчтөрүн оңдоп-түзөтүү боюнча оперативдүү чараларды кабыл алуу.
82. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө жара түпкү натыйжаларына тийгизген таасирлердин мүнөзү боюнча олуттуулары болуп төмөнкүлөр саналат.
83. Макроэкономикалык тобокелдиктер ички жана тышкы конъюнктуранын начарлоо мүмкүндүгү, улуттук экономиканын өсүш темпинин төмөндөшү, инвестициялык активдүүлүктүн деңгээлине, инфляциянын жогорулашы, банк системасындагы кризиске байланышкан. Бул тобокелдиктерди ишке ашыруу дене тарбия жана спорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын негизсиз өсүшүнө, алардын жеткиликтүүлүгүн төмөндөтүүгө жана спорттук инфратүзүмдү инвестициялоонун кыскарышына алып келет.
84. Финансылык тобокелдиктер бюджеттин тартыштыгынын пайда болушу жана анын натыйжасында республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо деңгээлинин жетишсиздиги, белгиленген иштердин чөйрөсүнө бюджеттик чыгымдарды секвестирлөө, ошондой эле Программаны ишке ашырууга катышкан коомдук бирикмелердин жана уюмдардын иштерин каржылоонун туруктуу булагынын жоктугу менен байланышкан. Бул коркунучтарды ишке ашыруу программалык иш-чаралардын үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн, бул дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыккан адамдардын санын кыйла кыскартат, ата мекендик спорттун атаандашууга жөндөмдүүлүгүн азайтат.
85. Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктарына байланышкан коркунучтарга өзүнчө токтолуп кетүү керек. Аны ишке ашыруунун социалдык-экономикалык натыйжалары так жана түшүнүктүү болууга тийиш. Башкача болгондо программанын өзүнө ошондой эле анын айрым элементтерине кайдыгер жана терс мамиле жаралышы мүмкүн. Бул Программанын натыйжаларынын керексиз болуп калышына алып келиши мүмкүн. Өз убагындагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомчулукка Программанын максаты, милдети жана аны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымдоо бул тобокелдикти азайтуунун эң маанилүү фактору болуп саналат.
86. Мүмкүн болуучу саясий туруксуздук, тармактын жетекчилеринин тез-тез алмашуусу дене тарбия жана спортту башкаруунун мамлекеттик органын кайра өзгөртүп түзүү коркунучун жаратат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасына 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасынын БЮДЖЕТИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Финансылык муктаждык (миң сом) | Финансылык булактары |
Биринчи стратегиялык багыт - Кыргыз Республикасынын калкын дене тарбия жактан жана активдүүлүгүн өнүктүрүү. Максаты - дене тарбия жактан жана спорт менен калктын машыгуу активдүүлүгүнүн массалуулугунун деңгээлин 2022-жылга карата 25%га чейин жогорулатуу | ||||||
1 | 1.1-милдет. Спорттук курулмалар менен камсыздоонун жана алардын сапатын контролдоонун деңгээлин жогорулатуу | 1. Калк арасында белгилүү болгон спорттун түрлөрү; волейбол, футбол, баскетбол, жеңил атлетика менен машыгуу үчүн спорттук курулмалардын аянтчаларын куруу | 2018-2022-жылдар | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | 13000,0 миң сом | Катышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде 3000,0 миң сом, тартылган каражаттар 10000,0 миң сом |
2. Жалпы илим берүү мекемелеринде жыл сайын 10%га спорт жана дене тарбия жактан активдүү машыгуу объекттерин модернизациялоо | 2018-2022-жылдар | БИМ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | 22000,0 миң сом | Катышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде | ||
3. Менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү мекемелеринде дене тарбиялык машыгууларды инвентарь жана жабдуулар менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча стандарттардын сакталышын камсыз кылуу | 2018-2022-жылдар | БИМ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | 1100,0 миң сом | Катышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде | ||
4. Спорттук курулмаларга карата сапаттын улуттук стандарттарын киргизүү жана алардын жаңы жана колдонуудагы объекттерде ишке ашырылышын камсыз кылуу | 2018-жылдын IV кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, Курулуш агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
2 | 1.2-милдет. Калктын дене тарбия жактан активдүүлүгүн жайылтуу | 1. Дене тарбиянын улуттук ченемдик негиздерин (ГТОго окшош) сыйлоо чараларынын системасын кошо жайылтуу | 2018-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги | 100,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде |
2. Улуттун ден соолугун чыңдоонун зарылчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мектепте жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын кайра кароо | 2018-жылдын ичинде | БИМ | Талап кылынбайт |
| ||
3. Билим берүү мекемелеринин дене тарбия боюнча окутуучуларын жана машыктыруучуларын жакынкы чет өлкөлөргө окууга жиберүү, ошондой эле тажрыйба жана методикалар менен алмашуу үчүн коомдук аянтчаларды түзүү | 2018-жылдын II кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | 100,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
4. Аскерге чакырылганга чейинки жаштар үчүн тарбиялык жана машыгуу программаларын кеңейтүү жана жогорку класстын окуучулары жана аскерге чакырылганга чейинки жаштар үчүн аскердик-прикладдык жеңил атлетика түрлөрү боюнча улуттук программаны түзүү | 2018-жылдын ичинде | Коргоо комитети, БИМ | 100,0 миң сом | Коргоо комитетинин, БИМ бюджетинин чегинде | ||
5. Дене тарбия жана спорт жаатында адистерди даярдоого улуттук тапшырыкты канааттандыруу максатында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын реформалоо | 2018-жылдын II кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Талап кылынбайт |
| ||
3 | 1.3-милдет. Жашоонун дене тарбия жактан активдүүлүгү үчүн калктын умтулуусун жогорулатуу | 1. Улуттук элитанын өкүлдөрүн тартуу жана маалымат берүүнүн бардык формаларын жана каналдарын колдонуу менен сергек жашоонун жана дене тарбия жактан активдүүлүктүн баалуулуктарын илгерилетүү | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 1000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде |
2. Жалпы билим берүү, ошондой эле аймактык, муниципалдык, жергиликтүү билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында спорттун кыйла талап кылынган түрлөрү боюнча улуттук спорттук иш-чаралардын, мелдештердин, спартакиадалардын үзгүлтүксүз координацияланган көп баскычтуу системасын киргизүү | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | 1000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин чегинде | ||
3. Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин колдоосу алдында, маалыматтык коштоо системасын, спорттук иш-чаралардын жана окуялардын тармагын уюштурууну, кайрымдуулукту жана меценаттыкты өзүнө камтыган "Дени сак Кыргызстан" массалык кыймылын ишке киргизүү | 2018-жылдын III кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, ССМ | 1000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин, БИМ, ССМ бюджеттеринин чегинде | ||
4. Спорттун кыйла белгилүү жана жактырган түрлөрүн илгерилетүү жана алардын ишине түрткү берүүчү механизмин түзүү үчүн коомдук бирикмелерди түзүү | 2018-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
5. Мектепке чейинки курактан баштап пенсиялык куракка чейинки калктын ак түрдүү курактагы топторунун дене тарбия жактан активдүүлүгү үчүн адистештирилген программаларды иштеп чыгуу жана платформаларды түзүү | 2018-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги | 200,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
6. "Сергек үй-бүлө - сергек улут" улуттук программасын ишке киргизүү жолу менен үй-бүлө институту аркылуу сергек жашоонун баалуулугу өөрчүтүү | 2018-жылдын II-III кварталдары | Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
4 | 1.4-милдет. Мамлекеттик саясаттын фокусу катары калктын дене тарбия жактан активдүүлүгү | 1. Өнөктөштүк жана кооперация предметине калктын сергек жашоосун жана дене тарбия жактан активдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча эл аралык (Кыргыз Республикасынын Улуттук спорт комитети), коомдук (Спорттун түрлөрү боюнча федерациялар жана ассоциациялар) спорттук институттар менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү | 2018-жылдын II кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
|
2. Дене тарбия жана спорт менен машыккандарга, ошондой эле спорттук инфратүзүмдөр менен камсыздалгандыкка, окутуу-методикалык процесстин сапатынын деңгээлине системалуу мониторинг жүргүзүү | 2018-2022-жылдар | УСК (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
Экинчи стратегиялык багыт - жогорку жетишкендиктер спортун өнүктүрүү. Максаты - улуттук спорттук элитаны системалуу даярдоо жана 2020-жылда боло турган Олимпиадалык оюндарда 3 жогорку спорттук сыйлыктарды, 2018 жана 2022-жылы боло турган Азия оюндарында 5 жогорку спорттук сыйлыктарды алуу | ||||||
5 | 2.1-милдет. Эл аралык стандарттарга шайкеш келген окутуу-машыктыруучу жана мелдештик инфратүзүмдөрдү түзүү | 1. Спорттук курулмалардын эл аралык стандарттарына шайкеш келген жаңы Улуттук спорт сарайын куруу | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт aгенттиги | 700000,0 миң сом | Тартылган каражаттар |
2. Спорттун перспективдүү олимпиадалык түрлөрү боюнча Ысык-Көлдө окутуу-машыктыруучу базаны куруу | 2018-2020-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 500000,0 миң сом | Тартылган каражаттар | ||
3. Медициналык мекемени калыбына келтирүү - спортсмендерге жана аларга теңелгендерге гана кызмат көрсөтүүгө адистештирилген медициналык спорттук диспансер; спортсменди андан-ары даярдоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо, калыбына келтирүү-ден соолугун чыңдоо иш-чараларынын сапатын жакшыртуу үчүн функциялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо боюнча медициналык жабдууларды колдонууну тажрыйбага киргизүү | 2018-2020-жылдар | ССМ, Жаштар жана спорт агенттиги | 10000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде 3000,0 миң сом, тартылган каражаттар 7000,0 миң сом | ||
4. Комплекстүү илимий топту калыптандыруунун негизинде "Токио - 2020" тобун илимий-методикалык жактан камсыздоо | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 600,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
5. Олимпиадалык курамаларды даярдоого тартылган колдонуудагы спорттук курулмалардын жана залдарды модернизациялоо жана аларды зарыл болгон материалдык-техникалык жабдуулар жана инвентарлар менен жабдуу | 2018-2019-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 3000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
6. Жогорку билим берүү жайларынын спорттук комплекстерин модернизациялоо жана аларды спортсмендерди даярдоо системасынын базасына топтоо | 2018-2022-жылдар | БИМ | 4000,0 миң сом | Жогорку окуу жайлардын бюджетинин чегинде | ||
6 | 2.2-милдет. Спортсмендерди даярдоо жана коштоо системасы | 1. Спортсмендерди даярдоонун окутуу-машыктыруучу жана методикалык процесстеринин сапатын жогорулатуу үчүн эл аралык эксперттерди жана машыктыруучу-окутуучу курамды тартуу | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 3600,0 миң сом | Тартылган каражаттар |
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||
3. Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайын, ошондой эле перспективдүү олимпиадалык багыттарды өнүктүрүүнү өөрчүтүү менен балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин системасын реформалоо | 2018-жылдын III кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
4. Жогорку класстагы спортсмендерди жалпы жана атайын даярдоого, ошондой эле аларды биологиялык-медициналык коштоого илимий-методикалык жана окутуу-машыктыруучу технологияларды тартуу жана адаптациялоо | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 2000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
5. Окутуу-машыктыруу процессинин мыкты тажрыйбасы жана методикалары, спортсмендерди жалпы дене тарбия жактан даярдоо боюнча улуттук маалыматтык базаны түзүү | 2018-жылдын II кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | 50,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
6. Машыктыруучу-окутуучу курам үчүн жагымдуу финансылык шарттарды түзүү | 2019-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги, Финансы министрлиги | 412000,0 миң сом | Республикалык бюджет | ||
7. Спорттук медициналык кадрларды даярдоочу алдыңкы мекемелердин базасында спорттук медицинанын врачтарын даярдоо жана квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу | 2018-2022-жылдар | ССМ, Жаштар жана спорт агенттиги | 1000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
8. Допингге каршы дүйнөлүк агенттик тарабынан тыюу салынган дары-дармектерди, дары каражаттарын, активдүү кошулмаларды спортсмендердин керектөөлөрүнүн санын кыскартуу | 2018-жылдын ичинде | ССМ, Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
9. Допингге каршы улуттук мекемени уюштуруу | 2018-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги | 3500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
7 | 2.3-милдет. Жогорку жетишкендиктер спортунун имиджин илгерилетүү | 1. Эл аралык жогорку спорттук натыйжаларга жетишкен спортсмендердин имиджин жана статусун илгерилетүү боюнча "Биздин өлкөнүн сыймыгы" деген аталыштагы улуттук кампанияны уюштуруу | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде |
2. Спорттун артыкчылыктуу олимпиадалык түрлөрү боюнча телеберүү каналдарында спорттук телеберүүлөрдү жана түз тартып берүүлөрдү кеңейтүү | 2018-2022- жылдар | КТРК, ЭлТР (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
3. Көрүнүктүү дүйнөлүк спортсмендердин билимин жана тажрыйбасын үйрөнүү, ошондой эле спорттун артыкчылыктуу багыттарын пропагандалоо максатында аларды чакыруу жана турнесин уюштуруу | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
4. Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык турнирлерди жана мелдештердин максималдуу санын тартуу жана уюштуруу | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
5. Алдыңкы спортсмендердин жашаган жана төрөлгөн жеринде спортсмен жөнүндө маалымдуулуктун болушуна өзгөчө көңүл буруу менен алардын кирешелерин, алардын эл аралык тажрыйбаларын кеңири чагылдыруу | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 250,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
8 | 2.4-милдет. Жогорку жетишкендиктер спортун башкаруу | 1. Улуттук олимпиадалык комитет менен кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен ар кандай иш-чараларды өткөрүү | 2018-жылдын I кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
|
2. Улуттук федерациялар менен алардын ишин координациялоо жана келечектеги дүйнөлүк спорттук окуялардын көз карашынан алганда перспективдүү багыттарга артыкчылык берүү | 2018-жылдын I кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
3. Эл аралык спорттук уюмдар менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү | 2018-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
4. Спорттук багыттагы эл аралык илимий-медициналык уюмдар менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү | 2018-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
Үчүнчү стратегиялык багыт - спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү. Максаты - спорттун улуттук түрлөрүнө калктын тартылышынын деңгээлин 2022-жылга карата 700,0 миң адамга чейин жогорулатуу | ||||||
9 | 3.1-милдет. Спорттун улуттук түрлөрүн жана улуттук оюндарды стандартташтыруу | 1. Салттуу улуттук кыймылдуу оюндарды изилдөөнүн маселелери боюнча БИМ, ММТМ менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү | 2018-жылдын I кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, ММТМ | Талап кылынбайт |
|
2. Салттуу оюндар үчүн спорттук ченемдерди жана талаптарды белгилөө | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
3. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук объекттерди жана инвентарларды стандартташтыруунун программасын иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
4. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча минималдуу класс - комплектини иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Талап кылынбайт |
| ||
5. "Дене тарбия жактан тарбиялоонун кыргыз улуттук системасы" деген аталыштагы окуу-илимий сабак катары спорттун улуттук түрлөрүнүн теорияларынын негизин иштеп чыгуу | 2018-жылдын III-IV кварталдары | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | 50,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
6. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дене тарбия мугалимдерин жана машыктыруучу-окутуучуларынын квалификацияларын жогорулатууну жана кайра даярдоону уюштуруу | 2019-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | 2000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
10 | 3.2-милдет. Спорттун улуттук түрлөрүн даңазалоо жана аларды эл аралык спорттук аренага алып чыгуу | 1. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын өткөрүү жана өлкөлөрдүн катышуусун кеңейтүү, катышуучулардын санын көбөйтүү, "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары" күнүн белгилөө | 2018-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги | 100000,0 миң сом | Бюджеттин чегинде |
2. Улуу жибек жолунун оюндарын демилгелөө жана өткөрүү | 2019-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги | 10000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде, тартылган каражаттар | ||
3. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук-массалык иштерди эң мыкты коюуга ар кандай номинациялар боюнча кароо-сынактарды өткөрүү | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 1000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
4. Өзүнчөлүгү көрүнгөн спорттун айрым түрлөрүн же спорттун улуттук түрлөрүнүн элементтерин ЮНЕСКОдо каттатуу | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
5. Интернет-технологиялары аркылуу спорттун улуттук түрлөрүн илгерилетүү жана даңазалоо | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
6. Документалдык фильмдерди чыгаруу, илимий изилдөөлөрдү кошо алганда, изилдөө иштерин жүргүзүү, илимий-практикалык конференцияларды, басылма иштерин жүргүзүү | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
7. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана окуу жайларын камсыздоо | 2018-жылдын III кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | 1000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
8. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана аны менен окуу жайларын камсыздоо | 2018-2022-жылдар | БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
Төртүнчү стратегиялык багыт - Кыргыз Республикасынын региондорунда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү. Максаты - ар бир облуста жыл сайын калктын 1 пайызынын дене тарбия жактан активдүү машыгуусунун массалык деңгээлин жогорулатуу | ||||||
11 | 4.1-милдет. Дене тарбия жана спорт менен машыгууга үгүттөө | 1. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында спорттук-массалык иш-чараларды кеңири чагылдыруу | 2018-2022-жылдар | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Катышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде |
2. Айыл калкы үчүн сергек жашоо боюнча сунуштамалардын комплексин иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
3. Калктын Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендери менен системалуу жолугушууларын уюштуруу | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоого дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн көрсөткүчүн киргизүү | 2018-жылдын III кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
5. Ар бир облус үчүн спорттун артыкчылыктуу массалык түрүн аны андан ары өнүктүрүү максатында аныктоо | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
12 | 4.2-милдет. Жогорку жетишкендиктердин региондук спортун дене тарбия жана спорт менен машыгууну даңазалоонун инструменти катары өнүктүрүү | 1. Машыктыруучу-окутуучу курамдын, анын ичинде спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча башкы машыктыруучулар менен биргелешкен окутуу-машыктыруучу жыйындарды өткөрүү жолу менен алардын квалификациясын жогорулатуу системасын киргизүү | 2018-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги | 100,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде |
2. Спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча спортсмендерди даярдоого көңүлдү буруу менен балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин региондук тармактарына реформа жүргүзүү | 2018-жылдын III кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
3. Перспективдүү спортсмендерди дайыма медициналык кызмат менен камсыздоо максатында саламаттык сактоонун жергиликтүү органдары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөрдү жөнгө салуу | 2018-жылдын I кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, ССМ | Талап кылынбайт |
| ||
4. Спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча райондор аралык жана облустар аралык мелдештерди өткөрүүнүн тажрыйбасын жайылтуу | 2018-жылдын III кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
Бешинчи стратегиялык багыт - дене тарбия жактан активдүүлүктүн жана спорттун адистештирилген түрлөрүн өнүктүрүү. Максаты - жарандардын өзгөчө категориялары үчүн шарттарды түзүү жана аларды 2022-жылга карата дене тарбия жактан активдүүлүккө тартууну 10 пайызга чейин кеңейтүү | ||||||
13 | 5.1-милдет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдары дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыгууга тартуу | 1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөө боюнча дене тарбия жана спорт жаатында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо | 2018-жылдын IV кварталы | Жаштар .жана спорт агенттиги, БИМ | 200,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде |
2. Дене тарбия жана спорт объекттерин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына этап боюнча ылайык келтирүү | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Курулуш агенттиги | 1000,0 миң сом | Катышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде | ||
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендердин спорттук жетишкендиктерин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 500,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды дене тарбия жактан машыктыруунун программаларын иштеп чыгуу | 2018-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Талап кылынбайт |
| ||
5. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттук-массалык иш-чаралардын санын көбөйтүү | 2018-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 1000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
14 | 5.2-милдет. Спорттун паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча жогорку даражадагы спортсмендерди даярдоо | 1. Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектептеринин тармагында спорттун паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык перспективдүү түрлөрү боюнча топторду ачуу | 2018-2019-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 3000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде |
2. Адистештирилген коррекциялык мекемелер үчүн спорттук инвентарлар жана жабдуулар менен камсыздалышынын минималдуу класс-комплектисин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-жылдын III кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Талап кылынбайт |
| ||
3. Спорттун перспективдүү түрлөрү боюнча коррекциялык билим берүү мекемелеринде адистештирилген | 2019-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | 3000,0 миң сом | Жаштар жана спорт агенттигинин бюджетинин чегинде | ||
4. Паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык оюндарга, ошондой эле башка эл аралык мелдештерге жогорку даражадагы спортсмендерди даярдоонун программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-жылдын IV кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт |
| ||
Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлор | ||||||
15 | Жаштар жана спорт агенттигинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу | "Эдельвейс" спорттук-туристтик базасын куруу | 2018-2020-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | 408000,0 миң сом | Тартылган каражаттар |
Д.Өмүрзаков атындагы кичи спорт аренасын реконструкциялоо | 2018-2020-жылдар | 204000,0 миң сом | Тартылган каражаттар | |||
К.Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында атриум куруу | 2019-2021-жылдар | 6000,0 миң сом | Тартылган каражаттар | |||
К.Кожомкул атындагы спорт сарайынын бассейнин реконструкциялоо | 2020-2022-жылдар | 200000,0 миң сом | Тартылган каражаттар | |||
Кадамжай районунда альплагерди куруу | 2021-2022-жылдар | 408000,0 миң сом | Тартылган каражаттар | |||
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасына 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөм бирдиги | Базалык жыл | Орто аралыктагы индикаторлор (жылдык) | Түпкү индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||||
2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | |||||||
1.1 | Спорттук курулмалар менен камсыздоонун жана алардын сапатын контролдоонун деңгээлин жогорулатуу | Калктын дене тарбия жана спорт курулмалары менен камсыздалгандыгы 50% түзөт | % | 20% | 25% | 30% | 35% | 40% | 50% | 50% | Жаштар жана спорт агенттиги |
1.2 | Калктын дене тарбия активдүүлүгүн арттыруу | Дене тарбия боюнча иштелип чыккан жана бекитилген программалардын саны | саны | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 6 | Жаштар жана спорт агенттиги |
1.3 | Жашоонун дене тарбия жактан активдүүлүгү үчүн калктын умтулуусун жогорулатуу | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу | % | 14% | 16% | 18% | 20% | 22% | 25% | 25% | Жаштар жана спорт агенттиги |
1.4 | Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдар, эл аралык институттар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү | Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду | саны | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 12 | Жаштар жана спорт агенттиги |
2.1 | Эл аралык стандарттарга шайкеш келген окутуу-машыктыруучу жана мелдештик инфратүзүмдөрдү түзүү | Эл аралык стандарттарга шайкеш келген курулган же реконструкцияланган спорттук курулмалардын саны | саны | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | Жаштар жана спорт агенттиги |
2.2 | Спортсмендерди даярдоо жана коштоо системасын өнүктүрүү | Спортсмендерди даярдоонун окутуу-машыктыруучу жана методикалык процесстеринин сапатын жогорулатуу үчүн тартылган эл аралык эксперттердин жана машыктыруучу-окутуучулардын саны | адам | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 30 | Жаштар жана спорт агенттиги |
2.3 | Жогорку жетишкендиктер спортунун имиджин илгерилетүү | Эл аралык спорттук мелдештерде утуп алынган медалдардын саны | саны | 250 | 300 | 350 | 400 | 450 | 500 | 500 | Жаштар жана спорт агенттиги |
2.4 | Жогорку жетишкендиктер спортун башкарууну жакшыртуу | Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн эл аралык спорттук мелдештердин саны | саны | 100 | 110 | 120 | 130 | 140 | 150 | 150 | Жаштар жана спорт агенттиги |
3.1 | Спорттун улуттук түрлөрүн жана улуттук оюндарды стандартташтыруу | Спорттук ченемдери жана талаптары белгиленген улуттук салттуу оюндардын саны | саны | 2 | 2 | 2 | 3 | 3 | 3 | 15 | Жаштар жана спорт агенттиги |
3.2 | Спорттун улуттук түрлөрүн даңазалоону жана аларды эл аралык спорттук аренага алып чыгууну активдештирүү | Дүйнө жана Азия биринчиликтеринин программасына кирген улуттук спорттун түрлөрүнүн саны | саны | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | Жаштар жана спорт агенттиги |
4.1 | Дене тарбия жана спорт менен машыгууга үгүттөөнү күчөтүү | Дене тарбия жана спорт менен машыгууга үгүттөгөн маалымат билдирүүлөрдүн саны жылына | саны | 700 | 750 | 800 | 850 | 900 | 950 | 1000 | Жаштар жана спорт агенттиги |
4.2 | Жогорку жетишкендиктердин региондук спортун дене тарбия жана спорт менен машыгууну үгүттөө каражаты катары өнүктүрүү | Региондук спортсмендердин ири масштабдуу спорттук-массалык мелдештерде утуп алган медалдарынын саны | саны | 100 | 120 | 150 | 200 | 200 | 200 | 200 | Жаштар жана спорт агенттиги |
5.1 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга системалуу түрдө тартуу | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ичинен дене тарбия жана спорт менен машыгууга системалуу түрдө тартылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын санын 10%га көбөйтүү | % | 1,5% | 3% | 4% | 6% | 8% | 10% | 10% | Жаштар жана спорт агенттиги |
5.2 | Спорттун паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча жогорку даражадагы спортсмендерди даярдоо | Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектептери тармагында спорттун паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык перспективдүү түрлөрү боюнча ачылган топтордун саны | саны | 0 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 10 | Жаштар жана спорт агенттиги |