Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 600
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
Дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Исаков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу формасы |
Биринчи стратегиялык багыт - Кыргыз Республикасынын калкын дене тарбия жактан жана активдүүлүгүн өнүктүрүү. Максаты - дене тарбия жактан жана спорт менен калктын машыгуу активдүүлүгүнүн массалуулук деңгээлин 2022-жылга карата 25%га чейин жогорулатуу | ||||||
1 | 1.1-милдет. Спорттук курулмалар менен камсыздоонун жана алардын сапатын контролдоонун деңгээлин жогорулатуу | 1. Калк арасында белгилүү болгон спорттун түрлөрү: волейбол, футбол, баскетбол, жеңил атлетика менен машыгуу үчүн спорттук курулмалардын аянтчаларын куруу | 2018-2022-жылдар | Калктын дене тарбия жана спорт объекттери менен камсыздалгандыгы 50%ды түзөт | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Практикалык иш-чаралар |
2. Жалпы илим берүү мекемелеринде жыл сайын 10%га спорт жана дене тарбия жактан активдүү машыгуу объекттерин модернизациялоо | 2018-2022-жылдар | Жалпы билим берүүчү окуу жайлардын дене тарбия жана спорт объекттеринин минималдуу комплекттери менен камсыздалгандыгы 50%га чейин жеткирилет | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Практикалык иш-чаралар | ||
3. Менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү мекемелеринде дене тарбиялык машыгууларды инвентарь жана жабдуулар менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча стандарттардын сакталышын камсыз кылуу | 2018-2022-жылдар | Жалпы билим берүүчү окуу жайлардын дене тарбияны уюштуруу үчүн типтүү класс-комплекттер менен камсыз болушу | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Практикалык иш-чаралар | ||
4. Спорттук курулмаларга карата сапаттын улуттук стандарттарын киргизүү жана аларды жаңы жана колдонуудагы объекттерде ишке ашырылышын камсыз кылуу | 2018-жылдын IV кварталы | Дене тарбия жана спорт объекттеринин сапатынын улуттук стандарты иштелип чыкты жана бекитилди | Жаштар жана спорт агенттиги, Курулуш агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | ||
2 | 1.2-милдет. Калктын дене тарбия жактан активдүүлүгүн жайылтуу | 1. Дене тарбиянын улуттук ченемдик негиздерин (ГТОго окшош) сыйлоо чараларынын системасын кошо, жайылтуу | 2018-жылдын ичинде | Калктын бардык курактагы топторунун дене тарбиянын ченемдик негиздери иштелип чыкты жана бекитилди | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу |
2. Улуттун ден соолугун чыңдоонун зарылчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мектептеринде жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын кайра кароо | 2018-жылдын ичинде | Дене тарбия сабактарынын программасынын жаңы стандарттары бекитилди | БИМ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||
3. Билим берүү мекемелеринин дене тарбия боюнча окутуучуларын жана машыктыруучуларды жакынкы чет өлкөлөргө окууга жиберүү, ошондой эле тажрыйба жана методикалар менен алмашуу үчүн коомдук аянтчаларды түзүү | Дайыма | Квалификацияны жогорулатуу боюнча программалар бекитилди | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Практикалык иш аракеттер | ||
4. Аскерге чакырылганга чейинки жаштар үчүн тарбиялык жана машыгуу программаларын кеңейтүү жана жогорку класстын окуучулары жана аскерге чакырылганга чейинки жаштар үчүн аскердик-прикладдык жеңил атлетика түрлөрү боюнча улуттук программаны түзүү | 2018-жылдын ичинде | Аскердик-прикладдык жеңил атлетика түрлөрү боюнча программа бекитилди | Коргоо комитети, БИМ | Коргоо комитети менен БИМдин биргелешкен буйругу | ||
5. Дене тарбия жана спорт жаатында адистерди даярдоого улуттук тапшырыкты канааттандыруу максатында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын реформалоо | 2018-2020-жылдар | Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жаңы түзүмү бекитилди | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Жаштар жана спорт агенттиги менен БИМдин биргелешкен буйругу | ||
3 | 1-3-милдет. Жашоонун дене тарбия жактан активдүүлүгү үчүн калктын умтулуусун жогорулатуу | 1. Улуттук элитанын өкүлдөрүн тартуу жана маалымат берүүнүн бардык формаларын жана каналдарын колдонуу менен сергек жашоонун жана дене тарбия жактан активдүүлүктүн баалуулуктарын илгерилетүү | 2018-2022-жылдар | Дене тарбия жана спорт менен машыгуу суроолору боюнча улуттук элитанын өкүлдөрү менен жыл сайын берүүлөрдүн цикли | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар |
2. Жалпы билим берүү, ошондой эле аймактык, муниципалдык, жергиликтүү билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында спорттун кыйла талап кылынган түрлөрү боюнча улуттук спорттук иш-чаралардын, мелдештердин, спартакиадалардын үзгүлтүксүз координацияланган көп баскычтуу системасын киргизүү | 2018-2022-жылдар | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Практикалык иш-чаралар | ||
3. Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин колдоосу алдында, маалыматтык коштоо системасын, спорттук иш-чаралардын жана окуялардын тармагын уюштурууну, кайрымдуулукту жана меценаттыкты өзүнө камтыган "Дени сак Кыргызстан" массалык кыймылын ишке киргизүү | 2018-жылдын III кварталы | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, инфекциялык эмес оорулардын пайызын азайтуу | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, ССМ | Практикалык иш-чаралар | ||
4. Спорттун кыйла белгилүү жана жактырган түрлөрүн илгерилетүү жана алардын ишине түрткү берүүчү механизмин түзүү үчүн коомдук бирикмелерди түзүү | 2018-жылдын ичинде | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, спорттук резервди даярдоо | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар, Жаштар жана спорт агенттигинин ведомстволук актылары | ||
5. Мектепке чейинки курактан баштап пенсиялык куракка чейинки калктын ак түрдүү курактагы топторунун дене тарбия жактан активдүүлүгү үчүн адистештирилген программаларды иштеп чыгуу жана платформаларды түзүү | 2018-жылдын ичинде | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, оорулардын пайызын азайтуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
6. "Сергек үй-бүлө - сергек улут" улуттук программасын ишке киргизүү жолу менен үй-бүлө институту аркылуу сергек жашоонун баалуулугун өөрчүтүү | 2018-жылдын II-III кварталдары | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, сергек жашоо ыңгайы маданиятына көндүрүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
4 | 1.4-милдет. Мамлекеттик саясаттын фокусу катары калктын дене тарбия жактан активдүүлүгү | 1. Өнөктөштүк жана кооперация предметине калктын сергек жашоосун жана дене тарбия жактан активдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча эл аралык (Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети), коомдук спорттук институттар (Спорттун түрлөрү боюнча федерациялар жана ассоциациялар) менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү | 2018-жылдын II кварталы | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Коомдук спорттук институттар менен кызматташуу жөнүндө меморандум, келишим |
2. Дене тарбия жана спорт менен машыккандарга, ошондой эле спорттук инфратүзүмдөр менен камсыздалгандыкка, окутуу-методикалык процесстин сапатынын деңгээлине системалуу мониторинг жүргүзүү | 2018-2022-жылдар | Дене тарбия жана спорттун деңгээлинин өнүгүүсү жөнүндө ишенимдүү маалыматтардын болушу | УСК (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
Экинчи стратегиялык багыт - жогорку жетишкендиктер спортун өнүктүрүү. Максаты - улуттук спорттук элитаны системалуу даярдоо жана 2020-жылда боло турган Олимпиадалык оюндарда 3 жогорку спорттук сыйлыктарды. 2018 жана 2022-жылы боло турган Азия оюндарында 5 жогорку спорттук сыйлыктарды алуу | ||||||
5 | 2.1-милдет. Эл аралык стандарттарга шайкеш келген окутуу-машыктыруучу жана мелдештик инфратүзүмдөрдү түзүү | 1. Спорттук курулмалардын эл аралык стандарттарына шайкеш келген жаңы Улуттук спорт сарайын куруу | 2018-2022-жылдар | Дене тарбия жана спорт тармагынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, континенталдык спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү | Жаштар жана спорт агенттиги | Дене тарбия жана спорт тармагынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча тиешелүү чечимдин кабыл алынышы |
2. Спорттун перспективдүү олимпиадалык түрлөрү боюнча Ысык-Көлдө окутуу-машыктыруучу базаны куруу | 2018-2020-жылдар | Жогорку класстагы спортсмендерди даярдоонун сапатын жакшыртуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Дене тарбия жана спорт тармагынын материалдык-базасын жакшыртуу боюнча тиешелүү чечимдин кабыл алынышы | ||
3. Медициналык мекемени калыбына келтирүү - спортсмендерге жана аларга теңелгендерге гана кызмат көрсөтүүгө адистештирилген медициналык спорттук диспансер; спортсменди андан-ары даярдоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо, калыбына келтирүү-ден соолугун чыңдоо иш-чараларынын сапатын жакшыртуу үчүн функциялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо боюнча медициналык жабдууларды колдонууну тажрыйбага киргизүү | 2018-2022-жылдар | Спортсмендердин медициналык коштоосунун сапатын жогорулатуу, эл аралык спорттук аренада жыйынтыгын жакшыртуу | ССМ, Жаштар жана спорт агенттиги | ССМдин буйругу, практикалык иш-чаралар | ||
4. Комплекстүү илимий топту калыптандыруунун негизинде "Токио - 2020" тобун илимий-методикалык жактан камсыздоо | 2018-2020-жылдар | Олимпиадалык оюндарга спортсмендерди даярдоонун сапатын жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
5. Олимпиадалык курамаларды даярдоого тартылган колдонуудагы спорттук курулмалардын жана залдарды модернизациялоо жана аларды зарыл болгон материалдык-техникалык жабдуулар жана инвентарлар менен жабдуу | 2018-2019-жылдар | Жогорку класстагы спортсмендерди даярдоонун сапатын жакшыртуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
6. Жогорку билим берүү жайларынын спорттук комплекстерин модернизациялоо жана аларды спортсмендерди даярдоо системасынын базасына топтоо | 2018-2022-жылдар | Студенттерди байма-бай дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу, спорттук резервди даярдоо | БИМ | Практикалык иш-чаралар | ||
6 | 2.2-милдет. Спортсмендерди даярдоо жана коштоо системасы | 1. Спортсмендерди даярдоонун окутуу-машыктыруучу жана методикалык процесстеринин сапатын жогорулатуу үчүн эл аралык эксперттерди жана машыктыруучу-окутуучу курамды тартуу | 2018-2022-жылдар | Окутуу-машыктыруу процессинин сапатын жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар |
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||
3. Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайын, ошондой эле перспективдүү олимпиадалык багыттарды өнүктүрүүнү өөрчүтүү менен балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин системасын реформалоо | 2022-жыл | Эл аралык спорттук аренада ата мекендик спорттун натыйжалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу | ||
4. Жогорку класстагы спортсмендерди жалпы жана атайын даярдоого, ошондой эле аларды биологиялык-медициналык коштоого илимий-методикалык жана окутуу-машыктыруучу технологияларды тартуу жана адаптациялоо | 2018-2022-жылдар | Эл аралык спорттук аренада ата мекендик спорттун натыйжалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
5. Окутуу-машыктыруу процессинин мыкты тажрыйбасы жана методикалары, спортсмендерди жалпы дене тарбия жактан даярдоо боюнча улуттук маалыматтык базаны түзүү | 2018-жылдын II кварталы | Окутуу-машыктыруу процессинин сапатын жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
6. Машыктыруучу-окутуучу курам үчүн жагымдуу финансылык шарттарды түзүү | 2019-2022-жылдар | Машыктыруучу-окутуучу курамдын социалдык жактан коргоосун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги, Финансы министрлиги | Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин айлык акыларын жогорулатууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | ||
7. Спорттук медициналык кадрларды даярдоочу алдыңкы мекемелердин базасында спорттук медицинанын врачтарын даярдоо жана квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу | 2018-2022-жылдар | Спорттук медицинанын сапатын жогорулатуу | ССМ, Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
8. Допингге каршы дүйнөлүк агенттик тарабынан тыюу салынган дары-дармектерди, дары каражаттарын, активдүү кошулмаларды спортсмендердин керектөөлөрүнүн санын кыскартуу | 2018-жылдын ичинде | Тыюу салынган допинг дары-дармектерди керектөөнү азайтуу | ССМ, Жаштар жана спорт агенттиги | Тыюу салынган допингдик дары-дармектерди керектөөлөрдүн санын кыскартуу боюнча тиешелүү чечимдин кабыл алынышы | ||
9. Допингге каршы улуттук мекемени уюштуруу | 2018-жылдын ичинде | Тыюу салынган допинг дары-дармектерин керектөөнү азайтуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Тыюу салынган допингдик дары-дармектерди керектөөлөрдүн санын кыскартуу боюнча тиешелүү чечимдин кабыл алынышы | ||
7 | 2.3-милдет. Спорттогу жогорку жетишкендиктердин имиджин илгерилетүү | 1. Эл аралык жогорку спорттук натыйжаларга жетишкен спортсмендердин имиджин жана статусун илгерилетүү боюнча "Биздин өлкөнүн сыймыгы" деген аталыштагы улуттук кампанияны уюштуруу | 2018-2022-жылдар | Калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Үгүттөө кампанияларын жүргүзүү |
2. Спорттун артыкчылыктуу олимпиадалык түрлөрү боюнча телеберүү каналдарында спорттук телеберүүлөрдү жана түз тартып берүүлөрдү кеңейтүү | 2018-2022-жылдар | Калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | КТРК, ЭлТР (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги | Үгүттөө кампанияларын жүргүзүү | ||
3. Көрүнүктүү дүйнөлүк спортсмендердин билимин жана тажрыйбасын үйрөнүү, ошондой эле спорттун артыкчылыктуу багыттарын пропагандалоо максатында аларды чакыруу жана турнесин уюштуруу | 2018-2022-жылдар | Калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
4. Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык турнирлерди жана мелдештердин максималдуу санын тартуу жана уюштуруу | 2018-2022-жылдар | Эл аралык спорттук аренада Кыргыз Республикасынын беделин жогорулатуу, калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
5. Алдыңкы спортсмендердин жашаган жана төрөлгөн жеринде спортсмен жөнүндө маалымдуулуктун болушуна өзгөчө көңүл буруу менен алардын кирешелерин, алардын эл аралык тажрыйбаларын кеңири чагылдыруу | 2018-2022-жылдар | Калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
8 | 2.4-милдет. Спорттогу жогорку жетишкендиктерди башкаруу | 1. Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиадалык комитети менен кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен ар кандай иш-чараларды өткөрүү | 2018-жылдын I кварталы | Олимпиадалык идеалдарды пропагандалоо, дене тарбия жана спорт менен машыгуунун | Жаштар жана спорт агенттиги | Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиадалык кызматташуу жөнүндө келишим |
|
| 2. Улуттук федерациялар менен алардын ишин координациялоо жана келечектеги дүйнөлүк спорттук окуялардын көз карашынан алганда перспективдүү багыттарга артыкчылык берүү | 2018-жылдын I кварталы | Эл аралык спорттук аренада ата мекендик спорттун натыйжалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча улуттук федерациялары жана ассоциациялары менен кызматташуу жөнүндө келишим |
|
| 3. Эл аралык спорттук уюмдар менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү | 2018-жылдын ичинде | Эл аралык спорттук аренада ата мекендик спорттун натыйжалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Эл аралык спорттук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө меморандум, келишим |
|
| 4. Спорттук багыттагы эл аралык илимий-медициналык уюмдар менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү | 2018-жылдын ичинде | Эл аралык спорттук аренада ата мекендик спорттун натыйжалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Кызматташуу жөнүндө келишим |
Үчүнчү стратегиялык багыт - спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү. Максаты - спорттун улуттук түрлөрүнө калктын тартылышынын деңгээлин 2022-жылга карата 700,0 миң адамга чейин жогорулатуу | ||||||
9 | 3.1-милдет. Спорттун улуттук түрлөрүн жана улуттук оюндарды стандартташтыруу | 1. Салттуу улуттук кыймылдуу оюндарды изилдөөнүн маселелери боюнча БИМ, ММТМ менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү | 2018-жылдын I кварталы | Спорттун улуттук түрлөрүнүн санын жогорулатуу, тарыхый маданий мурасын сактоо | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, ММТМ | Жаштар жана спорт агенттиги, БШ, ММТМнин биргелешкен буйругу |
2. Салттуу оюндар үчүн спорттук ченемдерди жана талаптарды белгилөө | 2018-2022-жылдар | Спорттун улуттук түрлөрүнүн санын жогорулатуу, тарыхый маданий мурасын сактоо | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттигинин коллегиясынын токтому | ||
3. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук объекттерди жана инвентарларды стандартташтыруунун программасын иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Окуу-машыгуу процессинин сапатын жогорулатуу, жаракат алуунун азайышы | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу | ||
4. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча минималдуу класс-комплектини иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Окуучуларды спорттун улуттук түрлөрү менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу | ||
5. "Дене тарбия жактан тарбиялоонун кыргыз улуттук системасы" деген аталыштагы окуу-илимий сабак катары спорттун улуттук түрлөрүнүн теорияларынын негизин иштеп чыгуу | 2018-жылдын III-IV кварталдары | Спорттун улуттук түрлөрү тармагындагы адистердин дараметин жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Практикалык иш-чаралар | ||
6. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дене тарбия мугалимдерин жана машыктыруучу-окутуучуларынын квалификацияларын жогорулатууну жана кайра даярдоону уюштуруу | 2019-жылдын ичинде | Спорттун улуттук түрлөрү тармагындагы адистердин дараметин жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Практикалык иш-чаралар | ||
10 | 3.2-милдет. Спорттун улуттук түрлөрүн даңазалоо жана аларды эл аралык спорттук аренага алып чыгуу | 1. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын өткөрүү жана өлкөлөрдүн катышуусун кеңейтүү, катышуучулардын санын көбөйтүү, "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары күнүн белгилөө | 2018-жылдын ичинде | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар |
2. Улуу жибек жолунун оюндарын демилгелөө жана өткөрүү | 2018-жылдын ичинде | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
3. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук-массалык иштерди эң мыкты коюуга ар кандай номинациялар боюнча кароо-сынактарды өткөрүү | 2018-2022-жылдар | Калкты байма-бай дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
4. Өзүнчөлүгү көрүнгөн спорттун айрым түрлөрүн же спорттун улуттук түрлөрүнүн элементтерин ЮНЕСКОдо каттатуу | 2018-2022-жылдар | Кыргыз элинин тарыхый маданий мурасын сактоо | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
5. Интернет-технологиялары аркылуу спорттун улуттук түрлөрүн илгерилетүү жана даңазалоо | 2018-2022-жылдар | Спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, тарыхый маданий мурасын сактоо | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
6. Документалдык фильмдерди чыгаруу, илимий изилдөөлөрдү кошо алганда, изилдөө иштерин жүргүзүү, илимий-практикалык конференцияларды, басылма иштерин жүргүзүү | 2018-2022-жылдар | Спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, тарыхый маданий мурасын сактоо | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
7. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана окуу жайларын камсыздоо | 2018-жылдын III кварталы | Спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, тарыхый маданий мурасын сактоо | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
8. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана аны менен окуу жайларын камсыздоо | 2018-2022-жылдар | Спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, тарыхый маданий мурасын сактоо | БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
Төртүнчү стратегиялык багыт - Кыргыз Республикасынын региондорунда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү. Максаты - ар бир облуста жыл сайын калктын 1 пайызынын дене тарбия жактан активдүү машыгуусунун массалык деңгээлин жогорулатуу | ||||||
11 | 4.1-милдет. Дене тарбия жана спорт менен машыгууга үгүттөө | 1. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында спорттук-массалык иш-чараларды кеңири чагылдыруу | 2018-2022-жылдар | Калкты байма-бай дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар |
2. Айыл калкы үчүн сергек жашоо боюнча сунуштамалардын комплексин иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Калкты байма-бай дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | ||
3. Калктын Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендери менен системалуу жолугушууларын уюштуруу | 2018-2022-жылдар | Калкты сергек жашоо ыңгайына тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоого дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн көрсөткүчүн киргизүү | 2018-жылдын III кварталы | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
5. Ар бир облус үчүн спорттун артыкчылыктуу массалык түрүн аны андан ары өнүктүрүү максатында аныктоо | 2018-2022-жылдар | Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
12 | 4.2-милдет. Жогорку жетишкендиктердин региондук спортун дене тарбия жана спорт менен машыгууну даңазалоонун инструменти катары өнүктүрүү | 1. Машыктыруучу-окутуучу курамдын, анын ичинде спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча башкы машыктыруучулар менен биргелешкен окутуу-машыктыруучу жыйындарды өткөрүү жолу менен алардын квалификациясын жогорулатуу системасын киргизүү | Дайыма | Дене тарбия жана спорт тармагындагы адистердин дараметин жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар |
2. Спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча спортсмендерди даярдоого көңүлдү буруу менен балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин региондук тармактарына реформа жүргүзүү | 2018-жылдын III кварталы | Спорттук резервди даярдоонун сапатын жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу | ||
3. Перспективдүү спортсмендерди дайыма медициналык кызмат менен камсыздоо максатында саламаттык сактоонун жергиликтүү органдары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөрдү жөнгө салуу | 2018-жылдын I кварталы | Медициналык коштоону камсыз кылуу, спорттогу жаракат алууну азайтуу | Жаштар жана спорт агенттиги, ССМ | Саламаттык сактоонун жергиликтүү органдары менен кызматташуу жөнүндө меморандум, келишим | ||
4. Спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча райондор аралык жана облустар аралык мелдештерди өткөрүүнүн тажрыйбасын жайылтуу | 2018-жылдын III кварталы | Спортсмендерди социалдык жактан коргоосун жогорулатуу, калкты байма-бай дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана. спорт агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | ||
Бешинчи стратегиялык багыт - дене тарбия жактан активдүүлүктүн жана спорттун адистештирилген түрлөрүн өнүктүрүү. Максаты - жарандардын өзгөчө категориялары үчүн шарттарды түзүү жана аларды 2022-жылга карата дене тарбия жактан активдүүлүккө тартууну 10 пайызга чейин кеңейтүү | ||||||
13 | 5.1-милдет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыгууга тартуу | 1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөө боюнча дене тарбия жана спорт жаатында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо | 2019-2022-жылдар | ДМЧА чөйрөсүндөгү спортту кесипкөй адистер менен камсыз кылуу | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Практикалык иш-чаралар |
2. Дене тарбия жана спорт объекттерин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына этап боюнча ылайык келтирүү | 2018-2022-жылдар | ДМЧАларга дене тарбия жана спорт объектилердин жетимдүүлүгүн камсыз кылуу | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендердин спорттук жетишкендиктерин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу | 2018-2022-жылдар | ДМЧАларды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды дене тарбия жактан машыктыруунун программаларын иштеп чыгуу | 2018-жылдын ичинде | ДМЧАларды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Приказ жаштар жана спорт агенттиги | ||
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттук-массалык иш-чаралардын санын көбөйтүү | 2018-2022-жылдар | ДМЧАларды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | ||
14 | 5.2-милдет. Спорттун паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча жогорку даражадагы спортсмендерди даярдоо | 1. Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектептеринин тармагында спорттун паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык перспективдүү түрлөрү боюнча топторду ачуу | 2019-2022-жылдар | Сапаттуу спорттук резервди даярдоо | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар |
2. Адистештирилген коррекциялык мекемелер үчүн спорттук инвентарлар жана жабдуулар менен камсыздалышынын минималдуу класс-комплектисин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-жылдын III кварталы | ДМЧА окуучуларын байма-бай дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу | ||
3. Спорттун перспективдүү түрлөрү боюнча коррекциялык билим берүү мекемелеринде адистештирилген спорттук класстарды түзүү | 2019-2022-жылдар | Спорттогу ДМЧАлардын эл аралык спорттук аренада натыйжалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ | Жаштар жана спорт агенттиги менен БИМдин биргелешкен буйругу | ||
4. Паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык оюндарга, ошондой эле башка эл аралык мелдештерге жогорку даражадагы спортсмендерди даярдоонун программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-жылдын IV кварталы | Спорттогу ДМЧАлардын эл аралык спорттук аренада натыйжалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу | ||
Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк долбоорлор | ||||||
15 | Жаштар жана спорт агенттигинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу | "Эдельвейс" спорттук-туристтик базасын куруу | 2018-2020-жылдар | Калкты дене тарбия жана спорт объектилери менен камсыздоосун жогорулатуу, дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар |
Д.Өмүрзаков атындагы кичи спорт аренасын реконструкциялоо | 2018-2020-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | |||
К.Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдьшда атриум куруу | 2019-2021-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | |||
К.Кожомкул атындагы спорт сарайдын бассейнин реконструкциялоо | 2020-2022-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги | Практикалык иш-чаралар | |||
Кадамжай районунда альплагерди куруу | 2021-2022-жылдар | |||||
Кыскартуулардын тизмеси:
Финансы министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
Коргоо комитети | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети; |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик; |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги; |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети; |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы; |
ЭлТР | - | "ЭлТР" Мамлекеттик телерадиокомпаниясы. |