Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-ноябры № 600
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында гендердик теңдикке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөрдөн кийин "Аялдардын иштери жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөрдөн кийин "Аялдардын иштери жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктунда:
экинчи абзацы "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөрдөн кийин "Аялдардын иштери жана" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөрдөн кийин "Аялдардын иштери жана" деген сөздөр менен толукталсын;
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:
- аталышы "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөрдөн кийин "Аялдардын иштери жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөрдөн кийин "Аялдардын иштери жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин (мындан ары - Социалдык өнүгүү министрлиги)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Аялдардын иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча катчылык (мындан ары - Катчылык) Улуттук кеңештин уюштуруучулук-методикалык, маалыматтык жана башка иштерин камсыздаган Улуттук кеңештин жумушчу органы болуп саналат.";
- 10-пунктундагы "Социалдык өнүгүү" деген сөздөр "Эмгек жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй редакциядагы 6-глава менен толукталсын:
"6. Катчылыктын ишин уюштуруу
20. Катчылыктын курамына Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын, эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлери кирет.
21. Төмөнкүлөр Катчылыктын негизги милдеттери болуп саналат:
- экономикалык чөйрөдө аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүүгө, аялдардын арасында ишкердикти мындан ары өнүктүрүүгө жана эмгек рыногунда алардын атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга көмөктөшүү;
- калктын гендердик сабаттуулугун арттырууга жана агартууга көмөктөшүү.
22. Катчылык аялдар жана гендердик теңдик маселелери боюнча улуттук жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |