Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы N 268 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдардын иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 570, 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну координациялоочу, ошондой эле гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аналитикалык, эксперттик иштерди камсыз кылуучу координациялык, консультациялык, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт. Улуттук кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Катчылык Улуттук кеңештин уюштуруучулук-методикалык, маалыматтык жана башка иштерин камсыздаган Улуттук кеңештин жумушчу органы болуп саналат.
Катчылыктын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Улуттук кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Улуттук кеңештин негизги милдеттери жана функциялары
5. Улуттук кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- гендердик саясат маселеси боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын, иш берүүчүлөр бирикмелеринин, гендердик өнүктүрүү чөйрөсүндө иштеген коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле көз карандысыз гендердик эксперттердин гендердик саясат жаатындагы өз ара карым-катыштарын координациялоо жана камсыз кылуу;
- гендердик саясат боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- реалдуу гендердик теңдиктин натыйжалуу моделдерин иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын гендердик саясат чөйрөсүнө жалпы контролдоону ишке ашыруу.
6. Улуттук кеңештин функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын гендердик саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасындагы гендердик теңдикти камсыздоо боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- Улуттук кеңештин алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча зарыл чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Улуттук кеңешке жүктөлгөн башка функцияларды аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Улуттук кеңештин компетенциясы
7. Улуттук кеңеш төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Улуттук кеңештин жыйындарында гендердик саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын угууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана материалдарды алууга;
- гендердик саясат жаатындагы актуалдуу маселелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүүгө;
- Улуттук кеңештин иши үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана башка мекемелер менен уюмдардын, ошондой эле көз карандысыз эксперттердин тийиштүү адистерин тартууга;
- өз иши жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
- Улуттук кеңештин алдында турган милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди ишке ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Улуттук кеңештин курамы
8. Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, иш берүүчүлөр бирикмелеринин, гендердик өнүктүрүү чөйрөсүндө иштеген өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз гендердик эксперттер кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Улуттук кеңештин жарандык коомдон көрсөтүлүүчү мүчөлөрү төмөнкү критерийлерге ылайык жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлөт:
а) гендердик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес;
б) региондордо иштөө тажрыйбасы;
в) гендердик экспертиза, ар кандай курактагы аялдар менен эркектердин укуктарын коргоо жагында иштеген коомдук уюмдардан (кеминде 2 же андан көп) жазуу жүзүндөгү сунуштамалар;
г) региондук филиалдардын болушу жана башка чөйрөлөрдө иштөө артыкчылыктуу болуп саналат.
10. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги критерийлер боюнча талапкерлерди тандоону жүргүзөт жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Улуттук кеңештин иши коомдук башталышта жүргүзүлөт. Улуттук кеңештин мүчөлөрү анын жыйындарына жеке өзүлөрү катышат.
5. Улуттук кеңештин ишин уюштуруу
12. Улуттук кеңеш өз ишин жыйындар түрүндө алып барат.
13. Улуттук кеңештин жыйындары зарылчылыгына жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
14. Улуттук кеңеш жыйынга Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан шартта чечим кабыл алууга укуктуу.
15. Кеңештин чечими Улуттук кеңештин катышып олтурган мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Улуттук кеңештин төрагасы, ал жок учурда анын орун басары добуш берген чечим кабыл алынат.
16. Улуттук кеңештин чечими протокол менен таризделип, төрага кол коет жана тийиштүү министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук жана башка уюмдарга жиберилет.
17. Улуттук кеңештин чечимдерине жана башка документтерине Улуттук кеңештин төрагасы кол коет.
18. Улуттук кеңештин төрагасы:
- жыйындын күн тартибин аныктайт;
- Улуттук кеңештин жыйынын алып барат;
- Улуттук кеңештин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Улуттук кеңештин иш планын бекитет;
- Улуттук кеңештин жыйындарынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коет;
- Улуттук кеңештин иши менен байланышкан башка функцияларды аткарат;
19. Улуттук кенештин төрагасы же анын орун басары (төрага жок учурда же анын тапшырмасы боюнча) Улуттук кеңештин ишин уюштурат: жыйындарды өткөрөт, учурдагы уюштуруу маселелерин чечет, чечимдердин аткарылышын контролдойт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Катчылыктын ишин уюштуруу
(Глава КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459 токтомуна ылайык күчүн жоготту)