Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 640
"Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Шортон калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Шортон айылы деп аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак айылы деп аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш айылы деп аталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак айылы деп аталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай айылы деп аталсын.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Байыш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Байыш айылы деп аталсын.
10-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Батуу калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Батуу айылы деп аталсын.
11-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Дары-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Дары-Булак айылы деп аталсын.
12-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылы деп аталсын.
13-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылы деп аталсын.
14-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Кулуштан калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Кулуштан айылы деп аталсын.
15-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма айылы деп аталсын.
16-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Кичи-Жайылма калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Кичи-Жайылма айылы деп аталсын.
17-берене.
Жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.
18-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 640 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма, Кичи-Жайылма калктуу конуштары айыл болуп эсептелбейт. Бул калктуу конуштарда жашаган жарандарды каттоону камсыздоо, статистикалык маалыматтарды тактоо сыяктуу маселелерди чечүү үчүн аталган калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү зарыл.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу райондун борборунан 70 км, айыл аймагындагы борборунан 7 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 102,2 га. Калктуу конуштагы 85 кожолукта 425 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 мечит;
- 1 мончо.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык калктуу конушу райондун борборунан 80 км, айыл аймагынын борборунан 18 км алыстыкта жайгашкан. Жаппы аянты 148 га. Калктуу конуштагы 96 кожолукта 380 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 мечит;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт.
Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки калктуу конушу райондун борборунан 4 км, айыл аймагынын борборунан 3 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 113,8 га. Калктуу конуштагы 350 кожолукта 2100 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 бала бакча;
- 1 спорт аянтчасы;
- 1 автомобиль дөңгөлөктөрүн желимдөө пункту;
- 6 мончо;
- 1 набайкана;
- 4 дүкөн;
- 1 жыгач иштетүү цехи;
- 1 термалдык суу булагы;
- 1 "Чыгышэлектро" ачык акционердик коомунун электр тармактары бөлүмү.
Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Шортон калктуу конушу райондун борборунан 5 км, айыл аймагынын борборунан 4 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 210 га. Калктуу конуштагы 443 кожолукта 2012 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 6 дүкөн;
- 1 эс алуу паркы;
- 2 балдар аянтчасы;
- 1 мечит;
- 1 хоккей аянтчасы;
- 1 автомобиль дөңгөлөктөрүн желимдөө пункту;
- 3 мончо.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак калктуу конушу райондун борборунан 37 км, айыл аймагынын борборунан 6 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 73 га. Калктуу конуштагы 571 кожолукта 1776 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 кондитердик цех;
- 1 ача таш (брусчатка) жасоочу цех.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш калктуу конушу райондун борборунан 35 км, айыл аймагынын борборунан 10 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 129,3 га. Калктуу конуштагы 327 кожолукта 2080 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 балдар лагери;
- 1 санаторий;
- 14 эс алуу жайы;
- 8 соода түйүнү.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак калктуу конушу райондун борборунан 26 км, айыл аймагынын борборунан 2 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 76,1 га. Калктуу конуштагы 395 кожолукта 2815 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 китепкана;
- 1 дүкөн.
Ош облусунун Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай калктуу конушу райондун борборунан 110 км, айыл аймагынын борборунан 90 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 89,4 га. Калктуу конуштагы 60 кожолукта 280 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 мончо.
Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Байыш калктуу конушу райондун борборунан 12 км, айыл аймагынын борборунан 0,3 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 66,48 га. Калктуу конуштагы 280 кожолукта 2500 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 бала бакча;
- 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- 1 спорт клубу;
- 1 мончо;
- 2 мечит;
- 2 дүкөн.
Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Батуу калктуу конушу райондун борборунан 15 км, айыл аймагынын борборунан 3 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 55,71 га. Калктуу конуштагы 315 кожолукта 2310 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 2 мечит;
- 2 дүкөн.
Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Дары-Булак калктуу конушу райондун борборунан 18 км, айыл аймагынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 172,36 га. Калктуу конуштагы 460 кожолукта 2814 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 бала бакча;
- 3 мечит;
- 7 дүкөн;
- 1 тегирмен;
- 1 медресе.
Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата калктуу конушу райондун борборунан 40 км, айыл аймагынын борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 353 га. Калктуу конуштагы 640 кожолукта 3540 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 толук эмес орто мектеп;
- 1 бала бакча;
- 3 мечит;
- 1 чайкана;
- 1 дүкөн;
- 1 набайкана;
- 1 спорт комплекси;
- 1 көмүр казуу ишканасы;
- 1 темир устакана.
Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит калктуу конушу райондун борборунан 42 км, айыл аймагынын борборунан 2 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 168,7 га. Калктуу конуштагы 250 кожолукта 1500 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 интернат мектеби;
- 1 бала бакча;
- 2 мечит;
- 1 чайкана;
- 7 дүкөн;
- 1 набайкана;
- 1 спорт комплекси;
- 1 тегирмен;
- 1 касапкана;
- 1 мончо;
- 1 оорукана;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 дарыкана.
- 1 "Ошэлектро" ачык акционердик коомунун электр тармактары бөлүмү.
Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Кулуштан калктуу конушу райондун борборунан 45 км, айыл аймагынын борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 196,7 га. Калктуу конуштагы 320 кожолукта 1698 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 мечит;
- 4 дүкөн;
- 1 спорт комплекси.
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма калктуу конушу райондун борборунан 38 км, айыл аймагынын борборунан 7 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 81,45 га. Калктуу конуштагы 140 кожолукта 719 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт.
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Кичи-Жайылма калктуу конушу райондун борборунан 40 км, айыл аймагынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 14,13 га. Калктуу конуштагы 42 кожолукта 168 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 мечит;
- 1 суу чыгаргыч.
Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө маселе "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомунда каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык иштелип чыккан, аталган Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен жактырылган.
Бул калктуу конуштар "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айыл статусун алуу үчүн бардык зарыл болгон критерийлерге туура келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин калктуу конуштарындагы жашоочуларынын жыйындарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарындагы өкүлдөрүнүн чечимдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичи-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма, Кичи-Жайылма калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүүгө болот деп эсептейт.