Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-декабры № 650
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз иштерин жүргүзгөн жерлеринде банктык төлөм карталарын же электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-пункттар менен толукталсын:
"1-1. Тизмекке ылайык ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жана (же) юридикалык жактар банктык төлөм карталарын же электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- жалпы колдонуудагы телекоммуникациялык тармагы жок жерде жайгашкандарды;
- өздөрү өндүргөн айыл чарба продукцияларынын дүң жана чекене сатуу тармагында иштеген жеке ишкерлерди жана (же) юридикалык жактарды;
- стационардык эмес соода объекттери аркылуу ишке ашырылуучу ишти.
1-2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоо боюнча мамлекеттик контролду жүргүзсүн.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз иштерин жүргүзгөн жерлеринде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып токсон күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
"Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз иштерин жүргүзгөн жерлеринде банктык төлөм карталарын же электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
№ | Иштин түрү |
1 | Соода аянты 20 квадраттык метрден жана андан жогору дүң жана чекене сатуу (анын ичинде, соода борборлорунда жайгашкан түйүндөрдө товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр) |
2 | Дарыкана жана дарыкана пункттары аркылуу дары-дармек каражаттарын сатуу |
3 | Авто май куюу станцияларында мунай продуктуларын чекене сатуу |
4 | Коомдук тамактануунун кызмат көрсөтүүсү |
5 | Медициналык кызмат көрсөтүү |
6 | Мейманканалык кызмат көрсөтүү |
7 | Туристтик кызмат көрсөтүү |
8 | Темир жол, суу, аба жана жерде жүрүүчү транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга билеттерди сатуу |
9 | Автотранспорт каражаттарын оңдоо, техникалык тейлөө жана прокатка берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү |
10 | Камсыздандыруу кызматын көрсөтүү |
11 | Интернет тармагында товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр |
12 | Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү |
13 | Ден соолукту чыңдоо жана спорт боюнча кызмат көрсөтүүлөр, оюн-зоок кызмат көрсөтүүлөрү (боулинг, кинозал, ар түрдүү game-зоналар ж.б.) |
14 | Юридикалык жана нотариустук кызмат көрсөтүүлөр |
15 | Стационардык жайларда косметикалык жана чач тарач кызмат көрсөтүүлөрү |
16 | Сауна, мончо кызматтарын көрсөтүү |
17 | Үйлөнүү үлпөтү салондорунда кызмат көрсөтүү |
18 | Салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү |