Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 655
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 655 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 103-беренесинин талаптарына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү абзацы менен Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 141-беренесинин 1-бөлүгүн 37-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык сот иштерине катышуучу жактар, эгерде сотко сот иштери боюнча мамлекеттик алымды төлөөгө жетиштүү каражаты болбогондугун далилдесе, алар мамлекеттик алымды төлөөдөн толук бошотулат. Мамлекеттик алымды толук төлөй албаган жактар аны жарым-жартылай төлөшөт.
Сунушталган ченемдер потенциалдуу дискрециялык болуп саналат, анткени сотко мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн каражаттардын жетиштүү же жетиштүү эмес экенин өзү каалагандай, белгиленген жана мыйзам менен бекитилген критерийлерсиз баалоо укугун берерин белгилей кетүү керек.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзам долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ишке катышкан жана мамлекеттик алымды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотулган жактардын категорияларын аныктоонун бирдиктүү механизмин иштеп чыгууну зарыл деп эсептейт.
2. Ошол эле убакта, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин бешинчи абзацы менен Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 141-беренесин 7-бөлүк менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "сотко берилген доо арыздардан төлөнүүчү мамлекеттик алымдын өлчөмү доонун суммасына карабастан, 600 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш".
Долбоордун негиздеме-маалым катында баяндалган маалыматка ылайык, жарандык мыйзамды ишке ашыруунун алкагында сотко кайрылууда төлөнө турган мамлекеттик алымдын чектүү өлчөмүн белгилөө бөлүгүндө Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын мыйзамдарынын жакшы тажрыйбасын өзүнө алуусу (имплементациялоосу) зарыл, ал үчүн кандай гана учурда болбосун мамлекеттик алымдын төлөнө турган чектүү суммасы 60000 сомдон ашпоого тийиш деп белгилениши керек.
Айрым адамдар сотко кайрылууда төлөй турган мамлекеттик алымдын суммасына чек коюу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелеринин азайышына алып келиши мүмкүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорунун тиешелүү ченемдерин кайра карап чыгууну сунуштайт.
Ошол эле убакта, төлөнө турган мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүнө чек коюу кара ниет доогерлердин сотторго негизсиз кайрыла беришине алып келиши мүмкүн деген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 24-январындагы № 1-б чечимин эске алуу керек.
3. Андан ары Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 108-беренесинин 6-бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда, мында доогер доо талаптарын азайткан учурда мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын суммасынын айырмасын доогерге кайтарып берүү каралган.
Бул ченем Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 27-беренесинин 5-бөлүгүнө каршы келерин белгилей кетүү керек, анткени аталган бөлүктө доогер доо талаптарын азайткан учурда мамлекеттик алым кайра кайтарылып берилбей тургандыгы каралган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзам долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.