ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521»Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция26.11.2019 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 26-ноябры № 641

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521 "Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Актуалдаштыруу жана жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кодекстерине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521 "Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун эрежелеринде:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын (мындан ары - ЖКККББ) бөлүмчөлөрү жол-транспорт кырсыгын (мындан ары - ЖТК) ЖКККББда талаптагыдай тариздегенден жана каттоого алгандан кийин автомототранспорт каражаттарынын (мындан ары - АМТК) ээлерине жол-транспорт кырсыгы болгон аймактан белгиленген үлгүдөгү маалым катты дароо берет (ушул Эреженин 1-тиркемеси).";

- 2, 4, 5 жана 6-пункттарындагы "МАИ" аббревиатурасы "ЖКККББ" аббревиатурасына алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "№ 2 тиркемеси" деген сөздөр "2-тиркемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Эрежелерге № 1 тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган Эрежелерге № 2 тиркемеде:

"№ 2 тиркеме" деген сөздөр "2-тиркеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"МАИ" аббревиатурасы "ЖКККББ" аббревиатурасына алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

"Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун эрежелерине 1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын № ______ МААЛЫМ КАТЫ

___________________________________

    (берилген жери жана берилген күнү)

 

Транспорт каражатынын маркасы: __________________________________________________

Мамлекеттик номери: _____________________________________________________________

Өңү: _____________________________ Чыккан жылы: __________________________________

Кузовунун номери: ______________ Кыймылдаткычынын номери: ________________________

Шассисинин номери: _____________________________________________________________

Транспорт каражатынын ээсинин аты-жөнү: __________________________________________

Жашаган жеринин дареги: _________________________________________________________

Транспорт каражатын башкаруучу адамдын аты-жөнү: __________________________________

_______________________________________________________________________________

Жашаган жеринин дареги: _________________________________________________________

Транспорт каражатынын кузовунун тышкы авариялык бузулуп-талкаланышынын баяндалышы:

_______________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________

Жол-транспорт кырсыгы болгон күн, убагы жана орду: _________________________________

_______________________________________________________________________________

Бузуулардын бирдиктүү реестринде жана Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде жол-транспорт кырсыгынын каттоо номери: ________________________________

_______________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________

ЖКККББнын бөлүмчөлөрүнүн аталышы, маалым кат берген кызматкердин кызматы, аты-жөнү:

_______________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________

Эскертүү: бул маалым кат ушул авариялык транспорт каражатын оңдоп-калыбына келтирүү жана түздөп-сырдоо иштерине кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат жана берилген күндөн тартып бир айга чейин жарактуу.

 

М.О. _______________________

 

 

 

 

__________________________________

 

 

(колу)".