Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-декабры № 665
"2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандуму ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Индия Республикасынын Өкмөтүнө жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 665 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандуму (мындан ары - Меморандум) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жооп берет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Меморандум кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 582-б буйругу менен жактырылган жана 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган.
Меморандумдун максаты жана милдети илим жана медицина жаатындагы кыргыз-индия өз ара мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, бийик тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн изилдөө жана чечүү, адамдын физикалык чыдамкайлыгын, акыл-эс жөндөмүн, бийик тоого ыңгайлашууда уйкунун түзүлүшүн изилдөө сыяктуу тармактарда эки өлкөнүн тең окумуштууларынын, клиницисттеринин жана врачтарынын аракеттерин бириктирүү, жергиликтүү (кыргыз), табигый жаратылыш ресурстарын колдонуу менен адамдын бийик тоого ыңгайлашуусун жакшыртуучу методдорду иштеп чыгуу болуп эсептелет.
Меморандумду ратификациялоо Кыргыз Республикасында медициналык жана медико-биологиялык илимдин мындан ары активдүү өнүгүүсү үчүн шарттарды түзөт, бийик тоо физиологиясын жана медицинасын илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө жаңы, олуттуу түрткү болот, Кыргызстандын илим жаатына жаңы инвестициялардын келишине көмөк берет, практикага жаңы медициналык технологияларды киргизүү аркылуу практикалык дарылоо-диагностикалык процесстин көрсөткүчтөрү жакшырат жана элибиздин саламаттыгын чыңдоого салым кошот.
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, учурдагы жана жаңы түзүлгөн инфраструктураларды (Төө-Ашуу ашуусундагы илимий станция жана Сөөк-Ашуу ашуусундагы жаңы илимий станция) колдоого финансы каражаттары Индиянын Коргоо министрлигинин Коргоо жаатындагы изилдөөлөр жана иштеп чыгууларды өнүктүрүү боюнча уюму (DRDO) тарабынан бөлүнүп берилет. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык финансы каражаттары кыргыз тараптан академик М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун бюджетинин эсебинен төлөнөт, республикалык бюджеттен кошумча финансы каражаттары талап кылынбайт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Меморандум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Меморандумду ратификациялоо кандайдыр бир жагымсыз финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.