Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-декабры № 664
"Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу монгол тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 664 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган.
Макулдашуунун максаты эки мамлекеттин улуттук кызыкчылыгын жана коопсуздугун камсыздоо максатында терроризм менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ар түрдүү багыттар боюнча Тараптардын кызматташуусун өнүктүрүү болуп эсептелет.
Тараптар Макулдашууга ылайык эл аралык терроризм тууралуу маалыматты, топтордун террористтик ишин аныктоо жана бөгөт коюу, кылмыштардын методдорун иликтөө жана ачуу, кадрларды даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү, маалыматты алууга көмөктөшүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты алмашуу жана башка багыттар боюнча кызматташат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Аталган Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 64-б буйругу менен жактырылган жана 2015-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен макулдашылган.
Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен финансылык чыгымды талап кылбайт, ошондой эле социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.