Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-декабры № 663
"2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы аныкталсын.
3. Аталган Макулдашуунун алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тиешелүү жылдарга республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.
4. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги монголия тарабына аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 663 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын жана Монголиянын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда жетишилген келишимдердин алкагында аскер тармагындагы кызматташтыкты орнотуу болуп саналат.
Макулдашуу төмөнкү багыттар боюнча кызматташтыкты карайт:
1. Келишимдер жетишиле турган белгилүү тармактарда, анын ичинде материалдык каражаттарды жана кызматтарды берүү маселесинде аскердик-техникалык кызматташтык, ошондой эле аскердик техникага жана комплекттөөчү (запастык) бөлүктөргө жана деталдарга байланыштуу эки тараптуу долбоорлор.
2. Коргоо өнөр жай тармагында, анын ичинде өз ара кызыкчылыгы бар ар кандай чөйрөдөгү коргоо өнөр жайынын мамлекеттик ишканаларынын ортосундагы кызматташтык, технологияларды жана техникалык жардамды берүү, Тараптардын мамлекеттик мыйзамдарына ылайык үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо, биргелешкен өндүрүш жана окутуу.
3. Маалымат алмашуу, окутуу, иш сапарлар, өкүлдөр менен алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен аскердик илим жана технология тармагында.
Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
а) тараптардын коргоо ведомстволорунун өкүлдөрүнүн жолугушууларын өткөрүү;
б) тынчтыкты сактоо иш-аракети боюнча тажрыйба алмашуу;
в) өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча аскер тармагындагы тажрыйба жана маалымат менен алмашуу;
г) аскердик билим жана окутуу;
д) биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү;
е) аскердик инструкторлор жана байкоочулар менен алмашуу;
ж) семинар, консультация жана симпозиумдарды өткөрүү;
з) аскердик медицина жаатында тажрыйба алмашуу;
и) маданий жана спорттук иш-чараларга өз ара катышуу;
к) курал-жарактын эски үлгүлөрүн жана багыты боюнча колдонууга жарабаган ок-дарыларды утилдештирүү боюнча тажрыйба алмашуу.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кызыкчылыгында болгон тынчтыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам берет, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоо миссиясына жиберүү үчүн 2-деңгээлдеги аскердик талаа госпиталын даярдоого тиешелүү маселелерди чечүү үчүн Куралдуу Күчтөрдүн потенциалын жогорулатууга көмөктөшөт.
Ошону менен бирге, ушул Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары билим берүү долбоорлоруна, кыска мөөнөттүү курстарга, машыгууларга жана жарыштарга катыша алышат.
Макулдашуунун тексти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы № 199-б буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору 2019-жылдын 7-июнундагы № 6-13198/19 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган.
Макулдашуунун күчүнө кириши социалдык, экономикалык, гендердик, укуктук, укук коргоочулук, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Сунушталган Макулдашуу колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарды талап кылбайт. Макулдашуунун алкагында өткөрүлгөн бардык иш-чаралар республикалык бюджеттен тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.