Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-январы № 30
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик социалдык стационардык мекемелериндеги тейленүүчүлөрдү толук кандуу тамактандыруу үчүн керектүү шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттардын сакталышын камсыз кылышсын.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин интернат үйлөрүндө жана Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо борборунун стационарында жаткандарга берилүүчү мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарында:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары";
- 6 бөлүктө:
"55,0", "55,0", "65,0" жана "45,0" деген цифралар тиешесине жараша" 100,0", "100,0", "110,0" жана "100,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"Майыптарды медициналык-социалдык жактан экспертизалоо жана реабилитациялоо борборунун стационары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы N 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 14-пунктунда:
"55", "55", "65" жана "45" деген цифралар тиешесине жараша "100", "100", "110" жана "100" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо борборунун стационарынын майыптары үчүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы N 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын минималдык социалдык стандарттарында:
3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин интернат үйлөрүндө жана Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо борборунун стационарында жаткандарга берилүүчү мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" деген сөздөр "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
41-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо борборунун стационарында жаткандарга" деген сөздөр "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөргө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги бул токтомдон келип чыккан зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 21-январында N 4 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |