Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-майындагы № 276 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № 681
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Электрондук аукциондорду жана тооруктарды өткөрүү аркылуу ижарага берилүүчү мамлекеттик имараттардын, жайлардын, курулмалардын жана жер участокторунун бирдиктүү реестрин түзүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик функцияларды ишке ашыруу боюнча жаңы, заманбап, натыйжалуу жана кесипкөй мамлекеттик мекеме түзүү, ошондой эле мүлктү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси |
".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин ишин камсыздоо үчүн 2020-жылга 7000000 (жети миллион) сом өлчөмүндө каржылоо караштырсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
1) ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн;
2) үч айлык мөөнөттө мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланууну жана кармоону камсыздоо маселелерин жөнгө салуучу өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |