Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 18-августу № 146
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300, 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 571 токтомдорунун рекдакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы "Экономика" деген сөз "Инвестициялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "Финансы" деген сөз "Экономика жана финансы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө жободо:
-11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына кызмат орундары боюнча төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын инвестициялар министри, Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин директору.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мамлекеттик өнөктөш төмөнкүдөй документтерди даярдайт:
- ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча МЖӨ долбоору тууралуу маалымкатты;
- консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн бюджеттин долбоорун;
- милдеттүү түрдө фискалдык тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү тууралуу талаптарды камтыган консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн техникалык тапшырманын долбоорун.";
- 6-пунктундагы "МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча органга" деген сөздөр "МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы "МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча органы" деген сөздөр "МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Сунушталган долбоордун стратегиялык өнүктүрүү программаларына ылайык келүүсү.".
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 4-пункттарындагы "Экономика" деген сөз "Инвестициялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин аталышындагы "Экономика" деген сөз "Инвестициялар" деген сөз менен алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендердик комиссия жөнүндө жободо:
- 7-пунктундагы "долбоорлорун координациялоо боюнча" деген сөздөр "чөйрөсүндөгү" деген сөз менен алмаштырылсын.
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 1, 2-пункттары жана тиркемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 10-тиркемесинин 301-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 "Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
12. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
13. Бул токтом бекитилген штаттык сандын чегинде, тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
15. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы № 93 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |