Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № 680
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Шекафтар калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Шекафтар айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир айылы деп аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Орто-Талаа калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Орто-Талаа айылы деп аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылы деп аталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылы деп аталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылы деп аталсын.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күңгөй-Хасана калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күңгөй-Хасана айылы деп аталсын.
10-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Мончок-Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Мончок-Дөбө айылы деп аталсын.
11-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Тескей калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Тескей айылы деп аталсын.
12-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо айылы деп аталсын.
13-берене.
Жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө, Шекафтар, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир, Орто-Талаа, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күңгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.
14-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 680 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө, Шекафтар. Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир, Орто-Талаа, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күңгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо калктуу конуштары айыл болуп эсептелбейт. Аталган калктуу конуштарда жашаган жарандардын каттоого алууну камсыздоо, статистикалык маалыматтарды тактоо сыяктуу маселелерди чечүү үчүн көрсөтүлгөн калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү зарыл.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө калктуу конушу райондун борборунан 166 км, айыл аймагынын борборунан 10 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 191,27 га түзөт. Калктуу конушта 223 кожолук бар, анда 1149 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 бала бакча;
- 1 балдар лагери;
- 1 ресторан;
- 1 тегирмен;
- 1 ветеринардык дарыкана;
- 10 соода павильону;
- 1 кыш чыгаруучу цех;
- 1 мөмө-жемиш кургатуучу цех;
- 2 пилорама;
- 1 мончо.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Шекафтар калктуу конушу райондун борборунан 169 км, айыл аймагынын борборунан 12 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 327,70 га түзөт. Калктуу конушта 471 кожолук бар, анда 2406 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 2 жалпы билим берүү мектеби;
- 2 оорукана;
- 1 бала бакча;
- 1 дарыкана;
- 1 көркөм өнөр мектеби;
- 1 маданият үйү;
- 1 китепкана;
- 31 соода павильону;
- 1 базар;
- 1 мейманкана;
- 4 ашкана.
Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу калктуу конушу райондун борборунан 80 км, айыл аймагынын борборунан 50 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 19,7 га түзөт. Калктуу конушта 20 кожолук бар, анда 100 киши жашайт.
Калктуу конушта техникалык парк, мал тейлөө үчүн кампа жана суюк отун сактоочу жай бар, башка социалдык объекттер жок.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир калктуу конушу райондун борборунан 42 км, айыл аймагынын борборунан 18 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 47,23 га түзөт.
Калктуу конушта 96 кожолук бар, анда 600 киши жашайт.
Калктуу конушта 1 жалпы билим берүү мектеби бар, фельдшердик-акушердик пункт курулууда.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Орто-Талаа калктуу конушу райондун борборунан 27,5 км, айыл аймагынын борборунан 3,5 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 6,67 га түзөт. Калктуу конушта 37 кожолук бар, анда 222 киши жашайт. Калктуу конушта социалдык объекттер жок.
Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак калктуу конушу райондун борборунан 8 км, айыл аймагынын борборунан 2,5 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 246,56 га түзөт. Калктуу конушта 520 кожолук бар, анда 2800 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 2 бала бакча;
- 1 дарыкана;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 12 соода павильону;
- 5 мечит;
- 2 тигүү цехи;
- 4 автомашина оңдоочу устакана;
- 5 чайкана;
- 3 касапкана;
- 1 май куюучу станция;
- 2 мончо.
Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама калктуу конушу райондун борборунан 8 км, айыл аймагынын борборунан 1,5 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 182,61 га түзөт. Калктуу конушта 621 кожолук бар, анда 4400 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 2 жалпы билим берүү мектеби;
- 3 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 дарыкана;
- 5 мечит;
- 1 асфальт чыгаруучу цех;
- 1 чакан ГЭС;
- 2 пескоблок чыгаруучу цех;
- 2 пилорама;
- 2 тигүү цехи;
- 1 тегирмен;
- 3 касапкана;
- 2 автомашина оңдоочу устакана;
- 2 мончо;
- 14 соода павильону;
- 7 чайкана.
Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал калктуу конушу райондун борборунан 9 км, айыл аймагынын борборунан 5,5 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 180,05 га түзөт. Калктуу конушта 985 кожолук бар, анда 5100 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 2 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 дарыкана;
- 4 мечит;
- 2 пескоблок чыгаруучу цех;
- 1 пилорама;
- 2 тигүү цехи;
- 1 тегирмен;
- 2 касапкана;
- 2 автомашина оңдоочу устакана;
- 1 мончо;
- 7 соода павильону;
- 1 чайкана.
Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күңгөй-Хасана калктуу конушу райондун борборунан 12 км, айыл аймагынын борборунан 4,5 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 49,77 га түзөт. Калктуу конушта 350 кожолук бар, анда 1550 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 мечит;
- 1 пилорама;
- 1 касапкана;
- 3 соода павильону;
- 1 чайкана.
Азыркы учурда мектеп жана бала бакчадан турган билим берүү комплекси курулуп жатат.
Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Мончок-Дөбө калктуу конушу райондун борборунан 13 км, айыл аймагынын борборунан 4,5 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 54,25 га түзөт. Калктуу конушта 417 кожолук бар, анда 2085 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 2 мечит;
- 1 пилорама;
- 1 асфальт чыгаруучу цех;
- 1 чакан ГЭС;
- 2 пескоблок чыгаруучу цех;
- 1 тигүү цехи;
- 1 тегирмен;
- 3 касапкана;
- 1 автомашина оңдоочу устакана;
- 3 соода павильону;
- 1 чайкана.
Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Тескей калктуу конушу райондун борборунан 12 км, айыл аймагынын борборунан 3,5 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 59,31 га түзөт. Калктуу конушта 421 кожолук бар, анда 2085 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 2 мечит;
- 2 пескоблок чыгаруучу цех;
- 1 тигүү цехи;
- 2 касапкана;
- 3 соода павильону;
- 1 чайкана.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо калктуу конушу райондун борборунан 18 км, айыл аймагынын борборунан 2 км алыстыкта жайгашып, жалпы аянты 90,6 га түзөт. Калктуу конушта 560 кожолук бар, анда 2976 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 10 соода павильону;
- 1 мечит.
Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө маселе "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомунда каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык иштелип чыккан, аталган Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен жактырылган.
Бул калктуу конуштар "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айыл категориясына киргизүү үчүн каралган бардык зарыл болгон критерийлерге шайкеш келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, калктуу конуштардын жашоочуларынын жыйындарынын, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чечимдерин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө, Шекафтар, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир, Орто-Талаа, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күңгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүүгө мүмкүн деп эсептейт.