Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 21-декабрындагы № 692
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171, 2022-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо чет мамлекеттердин аймагында жашап жаткан же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - "Консулдук эсеп" АМС) пайдалануу менен жүргүзүлөт.
"Консулдук эсеп" АМС Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу жана консулдук эсептен чыгаруу процесстерин автоматташтырууну камсыздаган маалыматтык система.
“Даректик - маалымдама бюро" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "ДМБ" АМС)" - жашаган жери жана жүргөн жери боюнча жарандарды каттоо эсебине алуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган, каттоо эсебине алуу органдары тарабынан түзүлгөн жана колдонулган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелген система.
"Суратып алдырып алуу" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Суратып алдырып алуу" АМС) - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин маалымкаттын берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтердин аныктыгын суратып алдырып алуу жана/же ырастоо жөнүндө маалыматты сактоо, өткөрүп берүү жана иштетүү менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Консулдук эсеп Кыргыз Республикасынын жарандарын натыйжалуу консулдук тейлөөнү уюштуруу, алардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде коргоо максатында ишке ашырылат.
3. Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу жана эсептен чыгаруу үчүн жооптуу органдар болуп бул мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери) эсептелет.
Ушул Жобонун 13-пунктунун биринчи абзацы менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасындагы жооптуу орган болуп тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын консулдук кызматы (мындан ары - консулдук кызмат), же Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо эсебинен чыгарууну ишке ашыруучу жооптуу органдар болуп Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары барган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде консулдук эсепке турушат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин консулдук кызмат адамы (мындан ары - консул) өзүнүн консулдук округунун чегинде Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарын консулдук эсепке тургузат:
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна чыгып кеткендерди;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабагандарды;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан асырап алынган жашы жете элек балдарды;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төрөлгөн жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон жашы жете элек балдарды;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган ордун алмаштырган жарандарды.
6. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кетип жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоо эсебинен чыгарылса Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган орду боюнча каттоо эсебинен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобого ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын тийиштүү бөлүмү тарабынан таризделет.
Эгерде жаран Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарылбаса, анда туруктуу консулдук эсепке алуу тууралуу жүргөн өлкөсүндөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине кайрылганда бул жаран тарабынан ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жана даректен чыгуу баракчасын суратып алдырып алуу жөнүндө арызы берилет.
Консул "Консулдук эсепке алуу" АМС аркылуу жарандын Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жөнүндө арызын Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дарегине жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын жаранынын арызынын негизинде ал каттоо эсебинен чыгарылгандан кийин "Суратып алдырып алуу" ЛМС аркылуу даректен чыгаруу баракчасын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин дарегине жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын консулдук эсепке тургузуу үчүн ата-энеси же камкорчусу (көзөмөлчүсү) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз толтурууга милдеттүү.
Консул Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын барган өлкөнүн аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан бала асырап алуу жөнүндө чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын жашы жеке элек жарандарын консулдук эсепке тургузушат.
Консулдук эсепке Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын алыстан тургузуу үчүн ата-энеси же камкорчусу (көзөмөлчүсү) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин электрондук расмий дарегине же тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча иш-аракетти ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын порталына 1-тиркемеге ылайык формада сканерленген арыз жиберүүгө укуктуу.
II. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу тартиби
8. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине жеке кайрылганда консулдук эсепке тургузуу үчүн төмөнкү документтерди беришет:
1) 2-тиркемеге ылайык форма боюнча толтурулган каттоо карточкасын;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун;
3) "Каттоо эсебинен чыгарылды" штампы басылган чыгаруу дарек баракчасын;
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине же ыйгарым укуктуу органдын порталына 8-пунктта аталган документтерди (анын ичинде бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн түстүү сүрөтүн) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ушул Жобонун 8-пунктунда каралган документтердин жок болушу же туура эмес толтурулушу консулдук эсепке тургузуудан баш тартуу үчүн негиз болот.
III. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу тартиби
10. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине консулдук эсепке тургузуу жашаган орду боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан консул тарабынан ишке ашырылат.
11. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине жеке кайрылганда консулдук эсепке тургузуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү документтерин беришет:
1) 2-тиркемеге ылайык форма боюнча толтурулган каттоо карточкасын;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун;
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине же ыйгарым укуктуу органдын порталына ушул пунктта каралган документтерди (анын ичинде бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн түстүү сүрөтүн) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу тартиби
12. Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандарынын ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арызынын негизинде төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- жаран Кыргыз Республикасына кайтканда;
- Кыргыз Республикасынын жараны башка чет мамлекетке жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- бир чет мамлекеттин чегинде Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган орду өзгөрүп, башка консулдук мекеменин консулдук округунун аймагына көчүп кеткенде.
Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы жок төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
- Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондо.
Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда чет мамлекетте консулдук эсептен чыгарылгандыгы жөнүндө 6-тиркемеге ылайык үлгүдөгү маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине кайрылууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Консулдук эсептен чыкпаган жана Кыргыз Республикасына чыгып кеткен жарандар ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз менен кайрылганда консулдук кызматта же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда консулдук эсептен чыгарылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурларда 6-тиркемеге ылайык үлгүдө чет мамлекетте консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө маалым катты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын консулдук кызматына кайрылууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Чет мамлекеттердеги жашаган жерин алмаштырган жана мурда жашаган жериндеги өлкөнүн (консулдук округдун) консулдук эсебинен чыкпаган Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Жобонун 8-пунктунда аталган документтерди берүү менен мурдагы жашаган жеринен консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык формадагы арыз менен барган өлкөсүндөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине кайрылат.
Консул Кыргыз Республикасынын жаранынан түшкөн консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө арызды Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү тиешелүү мекемесине жиберет жана мурдагы жашаган жери боюнча эсептен чыгарылгандыгы тууралуу электрондук ырастоо алынгандан кийин консул келген өлкөсүндө консулдук эсепке алуу үчүн документтерди тариздөөнү ишке ашырат.
15. Кыргыз Республикасынын жараны консулдук эсептен чыгарылган учурда консул Кыргыз Республикасынын жаранынын каттоо карточкасына маалыматтарды киргизет жана аны консулдук эсепте турган адамдар жөнүндөгү маалымат базасынан чыгарат.
V. Корутунду жоболор
16. Консул каттоо карточкасында камтылган суроолордун жоопторунун тууралыгын жана тактыгын текшерет. Каттоо карточкасындагы маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти арыз берүүчү тартат.
17. Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууга консулдук жыйымдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык алынбайт.
18. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Жарандар Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине же Кыргыз Республикасынын консулдук кызматына ушул Жобонун 7-тизмесине ылайык үлгү боюнча консулдук эсепке алуу жөнүндө жалпы жарандык паспортуна мастикалуу штамп басуу же 8-тиркемеге ылайык үлгү боюнча консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде биометрикалык каттоодон өткөн жана ушул Жободо белгиленген тартипте консулдук эсепке турган чет мамлекеттин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашыра алышат.
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Баланы консулдук эсепке тургузуу жөнүндө АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын ______________________________________________________________
(барган өлкө)
Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө (Башкы консулдук, консулдук) жаран ________________________
_____________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., жарандыгы)
Телефон: ____________________________________________________________________________
Жарандын жеке идентификациялык номери: _______________________________________________
___________________________________________________________ кетип жатканына байланыштуу
(барган өлкө, дарек, чет тилде)
менин баламды/кызымды Кыргыз Республикасынын жаранын ________________________________
туулгандыгы/асырап алуу тууралуу күбөлүгүнүн негизинде сериясы ____________ № ____________,
берилген күнү 20__-жылдын "__" _____________ _______________________________ ЖААК бөлүмү
(өлкө, район, шаар)
консулдук эсепке тургузууну суранам.
Бала жөнүндө маалыматтар:
______________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., баланын туулган күнү жана жери)
паспорт сериясы ______ № ________ берген орган __________________________________________
(ким жана качан)
Кыргыз Республикасында жашаган дареги: _________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(облус, шаар, көчө, үй ж.б.)
Кыргыз Республикасында баланын төмөнкү туугандары жашаарын билдирем:
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., туугандык даражасы, жашаган жеринин дареги)
Арыз берүүчүнүн колу: _________________________________
20__-жылдын "__" _______________
| Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө 2-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
Форма
Кыргыз Республикасынын Элчилигинин консулдук бөлүмү (Башкы консулдугу, консулдугу)
_________________________________________________________________
_________________________________________________________________
(барган өлкө)
Кыргыз Республикасынын жаранын консулдук
эсепке алуу жөнүндө
КАТТОО КАРТОЧКАСЫ
(колго басма тамгалар менен же машинкада толтурулат)
1 | Фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер мурда башка Ф.А.А. болсо, көрсөтүү керек) |
|
2 | ИЖН |
|
3 | Туулган күнү жана жери (өлкө, облус, калктуу конуш) |
|
4 | Улуттук паспортунун сериясы жана номери, ким жана качан берген |
|
5 | Улуту |
|
6 | Кыргыз Республикасында жашаган (катталган) жеринин дареги |
|
7 | Үй-бүлөлүк абалы (барган өлкөдө арыз берүүчү менен бирге жүргөн 18 жашка чейинки балдарынын, ошондой эле жубайынын жана жакын туугандарынын Ф.А.А. (балдары, атасы, энеси, бир туугандары), туулган жылы) |
|
8 | Иштеген жери, кызматы жана окуган жери (окуу жайын жана бөлүмдү көрсөтүү менен) |
|
9 | 1. Барган өлкөдөгү жашаган дареги (чет тилде) 2. Телефон номери (мобилдүү, үйдөгү, жумуштагы) 3. Электрондук дареги |
|
10 | Жубайы жана Кыргыз Республикасындагы жакын туугандары (Ф.А.А., жашаган жеринин дареги) |
|
Каттоо карточкасында көрсөтүлгөн маалыматтардын бардыгы туура экенин билдирем.
Мени балдарым (камкордуктагы адамдардын) менен бирге консулдук эсепке алууну суранам
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
(балдардын/камкордуктагы адамдардын Ф.А.А.)
20___-жылдын "___" _________________________
Жарандын колу: ____________________________
Каттоо карточкасын текшердим:
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
(кызмат орду, консулдун Ф.А.А.)
20___-жылдын "___" _________________________
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын __________________________________________________________
(барган өлкө)
Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө (Башкы консулдугу, консулдугу) жаран ___________________
________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., жарандыгы)
Телефон: ________________________________________________________________________
Жарандын жеке идентификациялык номери: ___________________________________________
Сизден мени _____________________________________________________________________
(Ф.А.А.)
байланыштуу ____________________________________________________________________
(себебин көрсөтүү керек)
консулдук эсептен чыгарууну суранам.
Арыз берүүчүнүн колу: ___________________________
20__-жылдын "__" _______________
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасында консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө АРЫЗ
|
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору |
|
| _____________________________________ |
|
| _____________________________________ |
|
| (кызмат адамынын Ф.А.А.) |
|
| жаран _______________________________ |
|
| _____________________________________ |
|
| (Ф.А.А., жарандыгы, арыз берүүчүнүн жашаган жеринин дареги) |
|
| Телефону: ___________________________ |
|
| Жарандын жеке идентификациялык номери: |
|
| _____________________________________ |
Сизден мени _______________________________________________________________________
(Ф.А.А.)
_________________________________________________________________ консулдук эсептен
(чет өлкөдөгү мекеме)
_____________________________________________________________________ байланыштуу
(себебин көрсөтүү керек)
чыгарууну суранам.
Арыз берүүчүнүн колу: ________________________
20__-жылдын "__" ______________
| Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө 5-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
Форма
Мурда жашаган жери боюнча консулдук эсептен
чыгаруу жөнүндө
АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын __________________________________________________________________ (барган өлкө) Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө (Башкы консулдугуна, консулдугуна) жаран __ __________________________________________________________________ (Ф.А.А., жарандыгы) __________________________________________________________________ ИЖН: _____________________________________________________________ Телефону: _________________________________________________________ Социалдык камсыздандыруу номери: ___________________________________ Сизден мени _______________________________________________________ __________________________________________________________________ (Ф.А.А.) Консулдук эсептен __________________________________________________ (чет өлкөдөгү мекеме) ______________________________________________________ байланыштуу (себебин көрсөтүү керек) чыгарууну суранам.
Арыз ээсинин колу: _______________ 20___-жылдын "___" _________________________ |
".
| Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө 6-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
| (Талап кылган жерге) |
Форма
Консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө
МААЛЫМКАТ
Ушул маалымкат менен Кыргыз Республикасынын жараны _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ (улуттук паспорттун ээсинин Ф.А.А.) ИЖН: ____________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ (документтин сериясы, номери, датасы, берген мамлекеттик органдын аталышы) _________________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин аталышы) консулдук эсептен чыгарылды. Маалымкат берилди: _________________________________________________________________________ (кызмат орду, ыйгарым укуктуу кызмат адамынын Ф.А.А.)
М.О. _____________________________________________ (колу)
20___-жылдын "___" _________________________ |
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалпы жарандык паспорттогу консулдук эсепке алуу жөнүндө мастикалуу штамптын үлгүсү
Консулдук эсепке алынган Осуществлена постановка на консульский учет ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________
20__-ж. (г.) "___" __________________________
Ыйгарым укуктуу адамдын колу: Подпись уполномоченного лица: ________________________________________________
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин гербдүү мөөрү жок жараксыз
Без гербовой печати заграничных учреждений Кыргызской Республики недействителен |
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 8-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалпы жарандык паспорттогу консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө мастикалуу штамптын үлгүсү
Консулдук эсептен чыгарылды Снят с консульского учета ________________________________________________________________ ________________________________________________________________
20__-ж. (г.) "___" __________________________ Ыйгарым укуктуу адамдын колу: ___________________________________________ Подпись уполномоченного лица: ___________________________________________
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин гербдүү мөөрү жок жараксыз
Без гербовой печати Департамента консульской службы Министерства иностранных дел Кыргызской Республики или заграничных учреждений Кыргызской Республики недействителен |
| Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 9-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
Туруктуу консулдук эсепке алууда Кыргыз Республикасында каттоо
эсебинен чыгаруу жана даректен чыгуу баракчасын суратып алдырып
алуу жөнүндө
АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын _________________________________________________ (өлкөнүн аталышы) Элчилигинин консулдук бөлүмүнө (Башкы консулдугуна, Консулдугуна) ___________ _______________________________________________________________________ (Ф.А.А., жарандыгы) ИЖН: __________________________________________________________________ Тел.: __________________________________________________________________ Социалдык камсыздандыруу номери: ________________________________________ Сизден мени ____________________________________________________________ (Ф.А.А.) туруктуу консулдук эсепке алууга байланыштуу каттоо эсебинен чыгарууну жана даректен чыгуу баракчасын суратып алдырып алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөм.
Арыз ээсинин колу: ______________ Датасы: _______________________". |