Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № 682
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-статьясынын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 4-статьясы:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген документи жок, качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдарга мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктунда ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүк качкын статусун аныктоонун жол-жоболорун андан ары жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына адамдын кирүүсүнө негиз болот.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"Адамды качкын деп таануу жөнүндө өтүнмөнү каттоодон төмөнкү учурларда баш тартылат:
- кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар болбогон шарттарда, эгер адамды качкын деп таанууга качкындар жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте мурда баш тартылган болсо;
- эгер адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган өзгөчө оор кылмышы үчүн соттун күчүнө кирген өкүмү боюнча соттолсо;
- эгер адам мурда качкын статусун алган жана Кыргыз Республикасынан өзүнүн өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого ыктыярдуу чыгып кеткен болсо.";
4) 7-статьясынын 4-бөлүгүндөгү "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.".
2-берене.
Ушул Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|