Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № 693
"Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 693 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү абзацында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүн 27-пункт менен толуктоо сунушталган жана ага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы өз ара макулдашуунун негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жергиликтүү маанидеги маселелерге кире тургандыгы каралган.
Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын так ажыратуу принцибине негизделерин белгилей кетүү керек.
Ошондой эле бүгүнкү күндө 453 айыл өкмөтүнүн ичинен 374 айыл өкмөтү дотацияда турат жана республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды алат.
Ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүгү тамактандырууга каралган чыгымдардын жарымын жана мектепке чейинки билим берүүгө байланышкан башка чыгымдарды каржылай алышпайт.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинде Мыйзамдын долбоору менен сунушталып жаткан чыгымдар жергиликтүү бюджетте каралган эмес.
Ошондуктан Мыйзамдын долбоору менен сунушталып жаткан жогорудагы ченем республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү талап кылат.
Өз кезегинде "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык республикалык бюджеттен каржылоону талап кыла турган ченемдик укуктук актылар каржылоо булактары аныкталмайынча кабыл алынбай тургандыгын белгилейбиз.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү абзацын алып салуу зарыл.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктунда "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык "мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо бир жылда бир балага эсептелген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун ченемдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Бир жылда бир балага эсептелген кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдерин ар жыл сайын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет".
Ушуну менен бирге мектепке чейинки билим берүү уюмдарына ченемдик каржылоо принцибин киргизүү Мектепке чейинки билим берүү мамлекеттик стандартты иштеп чыгууну түшүндүрөт, демек тиешелүү түрдө республикалык бюджеттен кошумча финансы каражаттарын издөө талап кылынарын белгилеп кетүү керек.
Азыркы учурда мектептик билим берүү системасын каржылоо Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга бөлүнгөн эсепте бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери менен белгиленген керектөөсүнө ылайык толугу менен камсыздалбайт, ага 2 (эки) млрд. сом өлчөмүндөгү финансы каражатынын дефицити себеп болуп эсептелерин маалымат катары билдиребиз.
Мындан сырткары 2019-жылдын 1-октябрынан тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин айлык акылары көбөйдү, ага республикалык бюджеттен 8712400000 (сегиз миллиард жети жүз он эки миллион төрт жүз миң) сом бөлүндү.
Финансылык ресурстардын чектелүүлүгүн эске алуу менен жакынкы аралыкта мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга ченемдик каржылоо принцибин киргизүүнү камсыздоо мүмкүн эместигин билдиребиз.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин алып салууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүндө эгерде мыйзамдын долбоору кабыл алына турган болсо. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнүн ченемдик укуктук актыларын сунушталып жаткан Мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүүсү каралган.
Мында, эгерде Мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, балдардын санына карата бир жылга эсептелген кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун ченемин бекитүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыга тургандыгын белгилейбиз.
Өкмөттүн актысынын долбоорун иштеп чыгууга убакыт талап кылынарын эске алуу менен мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук боштукту жоюу максатында Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу зарыл.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 "Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуна ылайык күчүн жоготту деп таанылгандыгын маалымат иретинде билдиребиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда айтылган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.