Загрузка документа…
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу түрдө маркалоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жобо
1. Ушул Убактылуу жобо товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын жана механизмин апробациялоо жана товарларды милдеттүү түрдө маркалоого өндүрүүчүлөр менен импорттоочуларды даярдоо максатында иштелип чыкты.
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) товарларды маркалоонун автоматташтырылган маалыматnык системасы (мындан ары - "Товарларды маркалоо" АМС) - ушул Убактылуу жобо менен аныкталуучу Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын санариптик идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалануучу айрым түрлөрүнүн тизмегине (мындан ары - Тизмек) киргизилген ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен камсыз кылуучу маалыматтык система;
2) импорттоочу - Тизмеге киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүчү экономикалык иштин субъекти;
3) маркалоо коду - "Товарларды маркалоо" АМСке же Евразия экономикалык бирлигине мүчө болгон башка мамлекеттердин маркалоо системасында топтолгон, машинада окулуучу формада штрих код же башка код түрүндө берилген символдордун уникалдуу ырааттуулугу;
4) салык төлөөчүнүн жеке кабинети - ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук сервиси;
5) маркаланган товарлар - ушул Убактылуу жобонун белгиленген талаптарын сактоо менен санариптик идентификациялоо каражаттары түшүрүлгөн товарлар, алар жөнүндө так маалыматтар "Товарларды маркалоо" АМСте камтылган (анын ичинде аларга түшүрүлгөн санариптик идентификациялоо каражаттары жана (же) идентификациялоо каражаттары камтылган материалдык алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар);
6) маркаланган товарлар - Тизмеге киргизилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу/алып кирилүүчү товарлар;
7) материалдык алып жүрүүчү - контролдук (идентификациялык) белги же каалаган материалдан жасалган объект, ал жасалмадан коргоо элементтерин (каражаттарын) камтыйт жана санариптик идентификациялоо каражаттарын жаздырып алуу, сактоо жана өткөрүп берүү үчүн арналган;
8) дүң соода - товарларды ишкердикте (анын ичинде кайра сатуу үчүн) же жеке, үй-бүлөлүк, үйдө жана башка ушул сыяктуу пайдалануу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу үчүн сатып алууга жана сатууга байланышкан соода ишинин түрү;
9) өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды өндүрүүчү экономикалык иштин субъекти;
10) чекене соода - ишкердикти жүргүзүү менен байланышпаган жеке, үй-бүлөлүк, үйдө жана башка максаттарда пайдалануу үчүн товарларды сатып алуу жана сатуу менен байланышкан соода ишинин бир түрү;
11) санариптик идентификациялоо каражаттары - экономикалык иштин субъекти тарабынан материалдык алып жүрүүчүгө машинада окулуучу формада штрих же башка код түрүндө түшүрүлгөн же радио жыштыгына жазылган, же өзүнө маалыматты камтыган башка каражаттарды же автоматтык идентификациялоо технологиясын пайдалануу менен берилген маркалоо коду;
12) техникалык оператор - "Товарларды маркалоо" АМСтин иштешине жана аны коштоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жооптуу уюм;
13) товар - материалдык-буюмдук формага ээ болгон ар кандай мүлк товар деп таанылат.
Ушул Убактылуу жободо пайдаланылган башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
3. Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго (мындан ары - пилоттук долбоор) катышкан жана санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалануучу товарларды Евразия экономикалык бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып кирген жак Кыргыз Республикасынын аймагына алып киргенге чейин же ички керектөө үчүн бажы жол-жобосуна жайгаштырууда же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан убактылуу сактоочу кампалардын реестрине киргизилген убактылуу сактоочу кампаларда ички керектөө үчүн товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруудан кийин аларга санариптик идентификациялоо каражаттарын түшүрө алат.
2-глава. Пилоттук долбоорду өткөрүү жана ишке ашыруу тартибине карата талаптар
4. Пилоттук долбоорго катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
5. Аймактык салык органдары жана ведомстволук бажы органдары ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык формада чакыруу каттарын тапшыруу менен ишкердик субъекттерин (мындан ары - салык төлөөчү) жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларын пилоттук долбоорго катышууга чакырышат.
6. Салык төлөөчү пилоттук долбоорго катышуу ниетин тиешелүү ведомстволук бажы органына ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык жазуу жүзүндө ырастайт.
Тышкы экономикалык иштин катышуучусу пилоттук долбоорго катышуу ниетин тиешелүү ведомстволук бажы органына ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык жазуу жүзүндө ырастайт.
7. Пилоттук долбоорго катышууну каалаган жана чакыруу катын албаган салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча аймактык салык органына пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирүү жөнүндө расмий кат жиберүү менен катышууга укуктуу.
Пилоттук долбоорго катышууну каалаган жана чакыруу катын албаган тышкы экономикалык иштин катышуучусу ведомстволук бажы органына пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирүү жөнүндө расмий кат жөнөтүү менен катышууга укуктуу.
8. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын тизмесин түзөт жана ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
9. Ыйгарым укуктуу салык органы өзүнүн расмий сайтына пилоттук долбоорго катышкан салык төлөөчүлөрдүн жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын тизмесин жайгаштырат.
3-глава. Санариптик идентификациялоо каражаттары менен камсыздоо тартиби
10. Пилоттук долбоорго катышкан салык төлөөчүлөрдү маркалоо коддору же санариптик идентификациялоо каражаттары менен камсыздоо "Товарларды маркалоо" АМС аркылуу жүргүзүлөт.
11. Маркалоо коддору ушул Убактылуу жобонун 3-тиркемесине ылайык формада ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтындагы "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" аркылуу "Товарларды маркалоо" АМСте түзүлгөн маркалоо коддорун алуу өтүнмөсүнүн (мындан ары - өтүнмө) негизинде берилет.
12. "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетине" кирүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
13. Маркалоонун коддорун берүү жөнүндө чечим же маркалоонун коддорун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу Техникалык оператор тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) эгерде өтүнмө салык төлөөчү тарабынан ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча "Товарларды маркалоо" АМС аркылуу саат 12:00ге (он эки) чейин жиберилсе, ошол иш күнү аяктаганга чейин;
2) эгерде өтүнмө салык төлөөчү тарабынан ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча "Товарларды маркалоо" АМС аркылуу саат 12:00дөн (он эки) кийин жиберилсе, кийинки иш күнү саат 12:00гө чейин.
Маркалоо коддорун берүү техникалык оператор тарабынан акысыз жүргүзүлөт.
14. Өтүнмөдө анык эмес маалыматтарды көрсөтүү маркалоо коддорун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
15. "Товарларды маркалоо" АМС берилген идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды 6 (алты) жыл бою сактайт.
4-глава. Санариптик идентификациялоо каражаттарын колдонуу тартиби
16. Пилоттук долбоорго катышкан салык төлөөчү маркалоо коддорун алгандан кийин төмөнкүлөргө укуктуу:
- санариптик идентификациялоо каражаттары менен материалдык алып жүрүүчүгө түшүрүүнү жана товарларды маркалоону камсыздоону өз алдынча камсыз кылууга;
- техникалык оператордон материалдык алып жүрүүчүгө түшүрүлгөн санариптик идентификациялоо каражаттарын алууга.
17. Санариптик идентификациялоо каражаттарынын үстүнөн санариптик идентификациялоо каражаттарын эсептөөгө тоскоолдук кылуучу кандайдыр бир элементтерди түшүрүүгө жол берилбейт.
18. Товарлар аларга жана (же) алардын таңгагына санариптик идентификациялоо каражаттарын кайталап колдонууну жок кылуучу ыкма менен санариптик идентификациялоо каражаттарын түшүрүү аркылуу маркаланат.
19. Ушул Убактылуу жобонун жоболорунан четтөө менен маркаланган товарлар маркаланбаган катары каралат.
20. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу товарларды белгилөө үчүн алынган санариптик идентификациялоо каражаттары маркалануучу продукцияны өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалоо үчүн пайдаланылат.
21. Сатып алуучу мурда сатып алган товарда санариптик идентификациялоо каражаттары бузулган же жок болгон учурда товарды кайра кайтарып берүүдө пилоттук долбоорго катышкан салык төлөөчү санариптик идентификациялоонун жаңы каражаты менен маркалоону жүргүзүүгө милдеттүү.
Кайтарылган товарды маркалоо үчүн салык төлөөчү ушул Убактылуу жобонун 2-главасынын талаптарына ылайык товарды сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда эркин формада аты-жөнү жана салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жана кайтарып берүү себеби көрсөтүлүп түзүлгөн, товарды кайтарып берүү жөнүндө актыны тиркөө менен маркалоо кодун алууга милдеттүү.
22. Санариптик идентификациялоо каражатын өткөрүп берүүгө жана башка салык төлөөчүнүн колдонуусуна жол берилбейт.
Башка салык төлөөчүгө берилген санариптик идентификациялоо каражаты колдонулган учурда товар маркаланбаган болуп эсептелет.
5-глава. Санариптик идентификациялоонун пайдаланылбаган каражаттарын кайтаруу
23. Маркалануучу продукцияны өндүрүү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү токтотулган же алар Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чытууну же товарларды алымсыз соода дүкөндөрүндө сатууну караган бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган учурда, пилоттук долбоорго катышкан салык төлөөчү "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" аркылуу кайтарып берүү себептерин жана идентификациялоо каражаттарынын коддорунун реестрин көрсөтүү менен ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесине ылайык формага ылайык санариптик идентификациялоо каражаттарын жараксыз деп таануу жөнүндө өтүнмөнү берүүгө милдеттүү.
24. Техникалык оператор "Товарларды маркалоо" АМС аркылуу санариптик идентификациялоо каражаттарын анык эмес деп таануу жөнүндө өтүнмө берилген учурдан тартып 2 (эки) иш күндүн ичинде санариптик идентификациялоо каражаттарын жараксыз деп таануу жөнүндө чечим чыгарат.
25. Жараксыз деп таанылган санариптик идентификациялоо каражаттары андан ары пайдаланылбайт.
| Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Форма
|
| _______________________________________ _______________________________________ (Ишкердик субъекттин толук аталышы, ИСН) |
20___-ж. "___" ___________ |
| № _____________________ |
"Товарларды маркалоо" долбооруна катышуу тууралуу БИЛДИРҮҮ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын "___" ___________ № ___________ токтомуна ылайык
____________________________________________________________________________________________
(аймактык салык органынын/ведомстволук бажы органынын аталышы)
Кыргыз Республикасында товарлардын айрым түрлөрүн идентификациялоо каражаттары
менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго ("Товарларды маркалоо" долбоору)
катышууга чакырат.
"Товарларды маркалоо" долбоору жөнүндө кошумча маалыматты алуу үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына
(www.sti.gov.kg) кайрылууга же __________________________ (телефон номери) телефонуна чалууга болот.
Аймактык салык органынын/ведомстволук бажы органынын жетекчиси | ________________________ | _______________________________ |
|
| (Колу) | (Аты-жөнү) |
|
| Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Форма
|
| _______________________________________ _______________________________________ (Аймактык салык органынын/ведомстволук бажы органынын аталышы) |
20___-ж. "___" ___________ |
| № ______ |
"Товарларды маркалоо" долбооруна катышуу макулдугун ЫРАСТОО
Кыргыз Республикасында товарлардын айрым түрлөрүн идентификациялоо каражаттары
менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго ("Товарларды маркалоо" долбоору)
катышуу тууралуу 2019-жылдын "___" ______________ № __________________ билдирүүгө карата мен
__________________________________________________________________________________________
(Ишкердик субъектинин аталышы)
"Товарларды маркалоо" долбооруна катышууга даяр экендигимди билдиремин жана
Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу
маркалоо жөнүндө убактылуу жобонун ченемдерин сактоо милдетин аламын.
Ишкердик субъектинин жетекчиси |
| ____________________________________ |
|
|
| (Аты-жөнү, колу) |
|
М.О.
| Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
TRACE STI-001
Форма
МАРКАЛОО КОДДОРУН АЛУУГА ӨТҮНМӨ
I БӨЛҮМ. САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
| 102 |
| ИСН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 103 |
| Салык төлөөчүнүн аты-жөнү/аталышы |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 104 |
| Салык органынын коду жана аталышы |
|
|
|
|
| |||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
|
|
| Иш жүзүндө жайгашкан жери: |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 112 |
| Почта индекси |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 113 |
| Облус, шаар, район, айыл |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 114 |
| Көчө, кичи район, үй, кеңсе, батирдин № |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 115 |
| Байланыш телефондору |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 116 |
| Электрондук почтанын дареги |
| |||||||||||||||
II БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮН МАЗМУНУ
Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобонун 3-главасына ылайык
| 117 |
|
№ | ТЭН ТН коду | Товардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
III БӨЛҮМ. ЛИЦЕНЗИЯЛАРДЫН, ШАЙКЕШТИК СЕРТИФИКАТТАРЫНЫН ЖАНА ШАЙКЕШТИК ЖӨНҮНДӨ ДЕКЛАРАЦИЯЛАРДЫН РЕКВИЗИТТЕРИ
| 118 |
|
№ | Документтин түрү | Серия жана номери | Берилген күнү |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
4 |
|
|
|
5 |
|
|
|
IV БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮ КАТТОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
| 297 |
| _________________________________________________________________________ | ||||||||||||
|
| Жетекчинин/жеке ишкердин электрондук колу | |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 300 |
| Өтүнмө берилген күнү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
| 900 |
| Өтүнмөнүн кириш номери |
|
| ||||||||||
| Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобого 4-тиркеме |
TRACE STI-002
Форма
МАРКАЛОО КОДДОРУН БЕРҮҮГӨ ЧЕЧИМ
I БӨЛҮМ. САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
| 102 |
| ИСН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 103 |
| Салык төлөөчүнүн аты-жөнү/аталышы |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 104 |
| Салык органынын коду жана аталышы |
|
|
|
|
| |||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
|
|
| Иш жүзүндө жайгашкан жери: |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 112 |
| Почта индекси |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 113 |
| Облус, шаар, район, айыл |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 114 |
| Көчө, кичи район, үй, кеңсе, батирдин № |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 115 |
| Байланыш телефондору |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 116 |
| Электрондук почтанын дареги |
| |||||||||||||||
II БӨЛҮМ. ЧЕЧИМДИН МАЗМУНУ
Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобонун 3-главасына ылайык Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен төмөндөгү товарлар үчүн маркалоо коддору түзүлдү:
| 117 | Уруксат берилсин |
|
|
|
| 118 |
|
№ | ТЭИ ТН коду | Товардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Идиштин көлөмү | Маркалоо коддору |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
III БӨЛҮМ. ЛИЦЕНЗИЯЛАРДЫН, ШАЙКЕШТИК СЕРТИФИКАТТАРЫНЫН ЖАНА ШАЙКЕШТИК ЖӨНҮНДӨ ДЕКЛАРАЦИЯЛАРДЫН РЕКВИЗИТТЕРИ
№ | Документтин түрү | Серия жана номери | Берилген датасы | Текшерүүнүн жыйынтыгы |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
| 119 | Баш тартылсын |
| Баш тартуунун себеби: |
|
|
|
IV БӨЛҮМ. ТЕХНИКАЛЫК ОПЕРАТОРДУН МААЛЫМАТЫ
| 297 | _______________________________________________________________________ | |||||||||||||
|
| Техникалык оператордун электрондук кол тамгасы | |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 300 | Чечим кабыл алуу датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |||||||||||
| 900 | Чечимдин чыгыш номери |
|
| |||||||||||
| Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобого 5-тиркеме |
TRACE STI-003
Форма
Санариптик идентификациялоо каражаттарын жараксыз деп таануу жөнүндө ӨТҮНМӨ
I БӨЛҮМ. САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
| 102 |
| ИСН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 103 |
| Салык төлөөчүнүн аты-жөнү/аталышы |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 104 |
| Салык органынын коду жана аталышы |
|
|
|
|
| |||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
|
|
| Иш жүзүндө жайгашкан жери: |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 112 |
| Почта индекси |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 113 |
| Облус, шаар, район, айыл |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 114 |
| Көчө, кичи район, үй, кеңсе, батирдин № |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 115 |
| Байланыш телефондору |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 116 |
| Электрондук почтанын дареги |
| |||||||||||||||
II БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮН МАЗМУНУ
Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобонун 5-главасына ылайык маркалоонун төмөнкү коддорун жараксыз деп таанууну өтүнөм:
| 117 |
|
№ | Берүү жөнүндө чечимдин номери | Берүү жөнүндө чечимдин датасы | Кайтарылган маркалоо коддорунун саны | Маркалоо коддору |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
III БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮ КАТТОО ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
| 297 | _______________________________________________________________________ | |||||||||||||
|
| Жетекчинин/жеке ишкердин электрондук колу | |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 300 | Өтүнмөнү берүү датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |||||||||||
| 900 | Өтүнмөнүн кириш номери |
|
| |||||||||||
| Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобого 6-тиркеме |
TRACE STI-004
Форма
Санариптик идентификациялоо каражаттарын жараксыз деп таануу жөнүндө ЧЕЧИМ
| 102 |
| ИСН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 103 |
| Салык төлөөчүнүн аты-жөнү/аталышы |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 104 |
| Салык органынын коду жана аталышы |
|
|
|
|
| |||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
|
|
| Иш жүзүндө жайгашкан жери: |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 112 |
| Почта индекси |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 113 |
| Облус, шаар, район, айыл |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 114 |
| Көчө, кичи район, үй, кеңсе, батирдин № |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 115 |
| Байланыш телефондору |
| |||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||
| 116 |
| Электрондук почтанын дареги |
| |||||||||||||||
II БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮН МАЗМУНУ
Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобонун 5-главасына ылайык маркалоонун төмөндөгү коддору жараксыз деп таанылды:
| 117 |
|
№ | Берүү жөнүндө чечимдин номери | Берүү жөнүндө чечимдин датасы | Кайтарылган маркалоо коддорунун саны | Маркалоо коду |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
IV БӨЛҮМ. ТЕХНИКАЛЫК ОПЕРАТОРДУН МААЛЫМАТЫ
| 297 | _______________________________________________________________________ | |||||||||||||
|
| Жетекчинин/жеке ишкердин электрондук колу | |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 300 | Чечим кабыл алуу датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |||||||||||
| 900 | Чечимдин чыгыш номери |
|
| |||||||||||