Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры № 690
Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388, 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514, 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын жана механизмин сыноодон өткөрүү жана товарларды милдеттүү түрдө маркалоого киргизүүгө өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Альфа Телеком" жабык акционердик коому менен бирдикте (макулдашуу боюнча), 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө товарлардын айрым түрлөрүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду киргизүүгө даярдоо иштерин жүргүзүшсүн жана товарларды маркалоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын толуктап иштеп чыгууну камсыз кылышсын.
2. 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 30-июнуна чейин пилоттук (эксперименттик) режимде товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо (мындан ары - пилоттук долбоор) киргизилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388, 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514, 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды ыктыярдуу түрдө маркалоо жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн тизмеги (мындан ары - Тизме), 2-тиркемеге ылайык.
4. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы - пилоттук долбоорду өткөрүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдар экендиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы - Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан ташып киргизилген маркаланган товарларда идентификация каражаттарынын болушун эсепке алууну жана контролдоону ишке ашыруу үчүн жооптуу орган экендиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы - Евразия экономикалык бирлигине мүчө болбогон мамлекеттердин аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып киргизилүүчү маркаланган товарларда идентификациялык каражаттардын болушун эсепке алуу жана контролдоого жооптуу орган экендиги;
- "Альфа Телеком" жабык акционердик коому (макулдашуу боюнча) - пилоттук долбоорду өткөрүү мезгилинде товарларды маркалоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын толуктап иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана коштоо үчүн жооптуу улуттук техникалык оператор экендиги.
5. Убактылуу жободо аныкталган тартипте пилоттук долбоорго катышууну каалаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоого тийиш болгон товарлардын айрым түрлөрүн өндүргөн, импорттоо/ташып киргизүү, сатуу менен алектенген тышкы экономикалык иштин субъекттери жана катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- Убактылуу жобого ылайык, санариптик идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, импорттолуучу/ташып киргизилүүчү, сатылуучу товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоого;
- пилоттук долбоорду өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалабастан сатууга.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте:
- товарларды маркалоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүүгө байланыштуу уюштуруу-методологиялык маселелерди чечсин;
- товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун маалыматтык системасын толуктап иштеп чыккандан кийин салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин жүргүзсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2021-жылдын 30-июнуна чейин колдонулат
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388, 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 , 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-январындагы № 1(3073) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514, 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Товарлардын аталыштары | Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН) |
1 | Алкоголдук продукция: |
|
Арак | 220860 | |
Ликер-арак ичимдиктери | 220830 220870 220890 | |
Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар | 220840 220850 | |
Шараптар | 220410 жана 220430 кошпогондо, 2204, 2205, 2206 | |
Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 | |
Шуулдама шараптар, шампанды кошкондо | 220410 | |
Алкоголу аз ичимдиктер | 220890 | |
2 | Тамекилер (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула) | 2402 2403 |
|
|
|
3 | (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
|