Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 токтомуна) |
Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын камсыздандыруу запасын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 77-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү катары чегерүүлөрдүн эсебинен базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан түзүлүүчү камсыздандыруу запасынын багытын, түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Камсыздандыруу запасын түзүү жана анын өлчөмү
2. Камсыздандыруу запасы деп милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү боюнча түшкөн каражаттардын эсебинен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинде финансы каражаттарын резервге алуу түшүнүлөт, алар жыл ичинде жаратылыш кырсыгы, кыйроолор, террордук актылар жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланышкан милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларынын финансылык камсыздоосу менен кризистик кырдаалдар келип чыккан учурга, сот органдарынын чечимдери боюнча төлөп берүү зарыл болгондо, ошондой эле республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелер өз убагында бөлүнбөй, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин кирешеси жетишсиз болгондо же милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча пландалган каражаттардын көлөмү түшпөй калган учурга резервделет.
3. Камсыздандыруу запасынын каражаттары эркин каражаттар болуп эсептелбейт жана аны пайдаланган учурда жыл ичинде кайра калыбына келтирилбейт.
4. Камсыздандыруу запасы Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге карата бюджети жөнүндө мыйзамына (мындан ары - бюджет жөнүндө мыйзам) ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгашалык милдеттенмелерин аткаруу үчүн арналган.
5. Камсыздандыруу запасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин чыгашаларынын курамында аны жыл ичинде пайдалануу үчүн түзүлөт.
6. Камсыздандыруу запасынын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджети жөнүндө мыйзамы менен жыл сайын бекитилет. Камсыздандыруу запасынын өлчөмүнүн цифралык мааниси бюджет жөнүндө мыйзамдын тиркемесинде чыгашалардын ведомстволук классификациясы боюнча чагылдырылат.
7. Камсыздандыруу запасы милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү катары алынган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программалары боюнча медициналык, профилактикалык, фармацевттик жана башка кызмат көрсөтүүчүлөр менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн багытталган каражаттардын жалпы көлөмүнөн бир айлык каржылоодон кем эмес көлөмдө түзүлөт.
8. Камсыздандыруу запасынын каражаттары бюджеттик жылдын ичинде пайдалангандыгына жараша кайра калыбына келтирилбейт.
3. Бюджеттик жылдын ичинде камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу
9. Камсыздандыруу запасынын каражаттары резервге алынат жана Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде ачылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өзүнчө өздүк эсебинде эсепке алынат.
10. Бюджет жөнүндө мыйзам менен белгиленген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгашалар боюнча милдеттенмелерин финансылык камсыздоого камсыздандыруу запасынан каражаттарды пайдалануу жөнүндө чечим республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелер өз убагында бөлүнбөй, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин кирешелери жетишсиз болгондо же милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча пландалган каражаттардын көлөмү түшпөгөн учурда кабыл алынат.
11. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимди кабыл алуу учурдагы бюджеттик жылда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинен кирешелердин болжолдуу түшүүсү жана болжолдуу төлөмдөр жөнүндө маалыматты эске алуу менен ишке ашырылат.
12. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу формасында таризделет, ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана кызмат адамдары кол коёт. Буйрукта камсыздандыруу запасынын каражаттарынын эсебинен финансылык жактан камсыздала турган чыгашалык милдеттенмелердин тизмеси көрсөтүлөт.
13. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу жөнүндө буйруктун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетти аткарууга жооптуу түзүмдүк бөлүмү казыналык жол-жоболорду колдонуунун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өздүк эсебинен чыгымдоо операцияларын жүргүзөт.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгарылган камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу жөнүндө буйруктар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетти аткарууга жооптуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан буйруктарды каттоонун электрондук журналында эсепке алынат.
15. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу чыгымдардын багыттары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгарылган буйрукка жана ушул Тартипке ылайык ишке ашырылат.
4. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдаланууну эсепке алуу жана отчеттуулук
16. Камсыздандыруу запасы боюнча өздүк эсептеги операцияларды эсепке алуу жана финансылык отчетторун түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү эсепке алуунун жана отчеттуулуктун бирдиктүү эрежелери жана жол-жоболору боюнча ишке ашырылат.