Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 709
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий мекемелеринде башкаруу ишин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын институттарынын жетекчилерин же башка илим-изилдөө мекемелеринин жетекчилерин кызмат ордуна бекитүү жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставына ылайык ишке ашырылат.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жободо:
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси кызмат ордуна ведомстволук таандыгына жараша мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар, 70 жаш курактан ашпаган адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындалбайт.";
- 16-пунктундагы "жетекчинин орун басарына же башка адамга" деген сөздөр "мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Карамагында мамлекеттик илимий мекемелер болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
- өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-январындагы № 1 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |