Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылынын 26-июнундагы N 380 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 107, 2017-жылдын 20-январындагы № 38, 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 559, 2019-жылдын 26-декабрындагы № 709 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик илимий мекеме - жогорку квалификациялуу илимий кадрларды тартуу менен илимий-изилдөө ишин жүргүзүүчү жана жогорку технологиялуу жабдууларды, илимий жетишкендиктерди пайдалануу менен илимий-техникалык продукцияларды берүүчү мекеме.
2. Мамлекеттик илимий мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын, ошондой эле ушул Типтүү жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик илимий мекеме коомдун жана мамлекеттин жашоосунда илимдин, техниканын ролунун жогорулашын камсыздоо, Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу жана карамагында мамлекеттик илимий мекеме өзүнүн ишин жүргүзө турган мамлекеттик органдын (мындан ары - мамлекеттик орган) өтүнүчү боюнча илимий-техникалык ишти активдештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.
Мамлекеттик илимий мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
4. Мамлекеттик илимий мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аттестацияланууга (аккредитацияланууга) тийиш.
5. Мамлекеттик илимий мекеме финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, финансы-насыялык мекемелерде өз алдынча баланска, алыш-бериш жана башка эсептерге ээ юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн тегерек мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штампы бар.
6. Мамлекеттик илимий мекеме мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарга жана милдеттерге ээ.
2. Максаттары жана милдеттери
7. Мамлекеттик илимий мекеменин максаттары мекеменин ишинин профили боюнча илимий-билим берүүчүлүк, илимий-агартуучулук жана өндүрүштүк ишти жүргүзүү болуп эсептелет.
8. Мамлекеттик илимий мекеме төмөнкү милдеттерди ишке ашырат:
- илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инновациялык технологияларды түзүү жана илим сыйымдуу өндүрүштү колдоо;
- изилдөөчүлөр үчүн жумуш орундарын түзүү жана жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
3. Укуктары жана милдеттенмелери
9. Мамлекеттик илимий мекеме төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн илимий-изилдөө ишинин багытын аныктоого;
- башка уюмдар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
- ассоциацияларга, союздарга, анын ичинде эл аралык ассоциацияларга, союздарга кирүүгө;
- илимий-изилдөөлөрдү каржылоого карата сынактарга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
10. Мамлекеттик илимий мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
- өз ишинин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, мамлекеттик органдын тапшырмаларына карата билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- мамлекеттик илимий мекеменин ишине зарыл болгон башка иш-чараларды ишке ашырууга.
4. Мамлекеттик илимий мекеменин түзүмү
11. Мамлекеттик илимий мекеменин түзүмү окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча Билим берүү жана илим министрлиги, мамлекеттик орган менен макулдашылгандан кийин анын жетекчиси тарабынан бекитилет.
12. Мамлекеттик илимий мекеменин түзүмүнө окумуштуулар кеңеши жана дирекция кирет.
5. Мамлекеттик илимий мекемени башкаруу
13. Мамлекеттик илимий мекемени жетекчи (директор, президент, башкы директор, начальник, төрага) жетектейт.
14. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси кызмат ордуна ведомстволук таандыгына жараша мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар, 70 жаш курактан ашпаган адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындалбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өзүнүн арызынын негизинде;
- окумуштуулар кеңешинин тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрүнүн демилгеси менен кайта чакыртып алууда;
- оорусуна байланыштуу кызматтык милдеттерин аткара албаганда;
- каза болгон учурда;
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде.
16. Мамлекеттик илимий мекеме карамагында болгон мамлекеттик органдын жетекчиси, бул илимий мекеменин жетекчисинин кызмат орду бош болгон учурда, анын милдетин аткарууну жетекчинин орун басарына же башка адамга үч айдан ашпаган мөөнөткө тапшырат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Билим берүү жана илим министрлигинин, мамлекеттик органдын буйруктарын жана нускамаларын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө жобону жетекчиликке алат;
- мамлекеттик илимий мекемени жеке башчылык принциптерде башкарат жана мамлекеттик илимий мекеменин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын турмушка ашыруунун сапатына, финансылык тартиптин сакталышына, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгына, мамлекеттик илимий мекеменин оперативдүү башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын сакталышына, мамлекеттик илимий мекеменин кызматкерлеринин эмгек укуктарынын сакталышына, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына жана аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- мамлекеттик илимий мекеменин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жазаларды колдонот;
- финансы каражаттарын тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- анын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча чечим чыгарат.
Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин орун басарлары Билим берүү жана илим министрлиги, мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча анын жетекчиси тарабынан дайындалат.
18. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин орун басары менен түзүлгөн эмгек келишиминин аяктоо мөөнөтү мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин ыйгарым укуктарынын аяктоо мөөнөтү менен дал келет.
6. Мамлекеттик илимий мекеменин окумуштуулар кеңеши
19. Окумуштуулар кеңеши мамлекеттик илимий мекеменин сунуштоочу коомдук-кесиптик органы болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин сунушу боюнча илимий кызматкерлердин жана адистердин, административдик-башкаруучулук персоналдын жалпы жыйналышында жашыруун добуш берүү аркылуу 3 жылдык мөөнөткө шайланышат. Илимий кызматкерлердин жана адистердин, административдик-башкаруу персоналынын жалпы жыйналышы эгерде, ага эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса чечим чыгарууга укуктуу.
Окумуштуулар кеңешинин курамына мамлекеттик илимий мекемеде иштебеген алдыңкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин, мамлекеттик органдын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
20. Окумуштуулар кеңеши эгерде, отурумга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса чечим чыгарууга укуктуу. Окумуштуулар кеңешинин чечими эгерде, ага добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет.
21. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси эсептелет.
7. Каржылоо жана материалдык камсыздоо булактары
22. Мамлекеттик илимий мекеменин ишин каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттары;
- илимий долбоорлорду жана программаларды аткарууга жеке жана юридикалык жактар тарабынан бөлүнгөн акча каражаты;
- илимий изилдөөлөрдөн, илимий-өндүрүштүк, илимий-билим берүү, басма жана башка иштен түшкөн кирешелер;
- эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, коммерциялык ишканалар, юридикалык жана жеке жактар менен мыйзамдарда белгиленген тартипте эки тараптуу жана көп тараптуу негизде иштөөдөн алынган каражаттар;
- юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде эл аралык юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү жана кайрымдуулуктары;
- банктардын максаттуу төгүмдөрү жана насыялары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
23. Мамлекеттик илимий мекеме мүлктү өзүнүн мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө жоболордо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.
24. Мамлекеттик илимий мекеменин ишин контролдоо мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
8. Мамлекеттик илимий мекеменин ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
25. Мамлекеттик илимий мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
Мамлекеттик илимий мекемени кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу жана мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
26. Мамлекеттик илимий мекеменин документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.