Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 5
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 11-пунктундагы "1502" жана "97" деген цифралар "1507" жана "102" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-январындагы № 8(3080) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |