Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 11
Балдар үчүн социалдык тейлөөнүн психоневрологиялык стационардык мекемелеринде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10. Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде окутууга жана интеллектуалдык өнүктүрүүгө тийиш 50 же андан ашык бала болгон учурда медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү түзүлөт.
Медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү ушул токтомдун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн медициналык персонал тарабынан тейленет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 236 "Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-февралындагы № 12(3084) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |