Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 27
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
|
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган редакцияда легализациялык кампаниянын укуктук негизи бузулууда, мында салыктык башкаруу жол-жобосунан баш тартуунун анык коркунучу бар.
Ошону менен бирге буга чейинки жана боло турган легализациялык кампаниянын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгүнө реалдуу түшпөй калууларга байланыштуу бул Мыйзамдын долбооруна терс позициябызды билдиребиз. Аталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда салык базасында так эместиктер пайда болот, башкача айтканда салык салуу объектин сатууда анын сатып алынган наркы менен салык салуу объектинин реалдуу рыноктук наркынын ортосундагы туура эмес нарктык айырма келип чыгаарын белгилеп кетүү зарыл.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте буга чейин катталбаган мүлк декларациялоо объекти болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 416-беренесине ылайык кыймылсыз мүлк объектисин сатып алуу-сатуу келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык кыймылсыз мүлккө менчик укугу милдеттүү катталууга тийиш.
Демек "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында декларациялоо объекти болуп жогоруда аталган ченемдик актыларда белгиленген тартипте катталбаган мүлк каралууда.
Башкача айтканда, аталган Мыйзамдын 2-беренесинин бешинчи абзацына сунушталган чечмелөө Мыйзамда колдонулган "декларациялоо объекти" аныктамасынын чегинен тышкары болууда.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык ченемдик укуктук актыларды расмий чечмелөөдө аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
Ошондой эле белгилеп кетүүчү нерсе, аталган Мыйзамдын долбоорунун сунушталган редакциясын кабыл алууда салыктык башкаруудан качуунун мыйзамдуу ыкмасы пайда болот, бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык түшүүлөргө түздөн-түз таасирин тийгизет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп белгилейт.