Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 694 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 47
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
| "Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору" мекемеси (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) ведомстволук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Борбор мекеме түрүндөгү уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, финансылык өз алдынчалыкка ээ, Күжүрмөн Туусу жана Борбордун жана өзү карамагына кирген органдын аталышы жазылган мөөрү бар.
4. Борбордун түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан бекитилет.
5. Борбордун толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору";
расмий тилде: "Республиканский учебный центр Министерства внутренних дел Кыргызской Республики имени генерал-майора милиции Шабирова Жапара Шабировича".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "РОБ";
расмий тилде: "РУЦ".
6. Борбордун юридикалык дареги: 720046, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Месароша көчөсү, 3.
7. Борбордун ыкчам башкаруу укугунда белгиленген тартипте бекитип берилген имараттары, курулуштары, жабдуулары, шаймандары, башка материалдык баалуулуктары жана каражаттары мамлекеттик менчик болуп саналат.
8. Борбор өз ишин ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) бөлүмдөрү жана башка укук коргоо органдары, мамлекеттик бийлик органдары, жеке жана юридикалык жактар менен кызматташуу аркылуу жүргүзөт, ошондой эле белгиленген тартипте чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташат.
2. Борбордун милдеттери жана функциялары
9. Борбор төмөнкү негизги милдеттерди аткарат:
- Кыргыз Республикасынын ИИОнун катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматтарына жаңыдан кирип жаткан адамдарды (мындан ары - талапкерлер) баштапкы атайын кесиптик окутуу (мындан ары - баштапкы даярдоо);
- Кыргыз Республикасынын ИИОнун катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын кызматкерлерин (мындан ары - угуучулар) кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
10. Борбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык билим берүү процессин уюштуруу жана ишке ашыруу;
- оң тажрыйбаны, окутуунун заманбап инновациялык түрлөрүн жана методдорун ишке киргизүүнүн негизинде окутуу-тарбиялоо процессин үзгүлтүксүз өркүндөтүү, аны ИИОнун алдында коюлган милдеттерди чечүүгө максималдуу практикалык багытталышын камсыз кылуу;
- окуу китептерин, окуу куралдарын, лекцияларды, тематикалык жыйнактарды, илимий эмгектерди жана конференциялардын материалдарын даярдоого жана басып чыгарууга катышуу;
- инсандын ар тараптуу өнүгүүсү жана анын жөндөмүн ар тараптан ачып көрсөтүү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү;
- окуу-материалдык базаны жана финансы-чарбалык ишти чыңдоо;
- Борбордун өздүк курамынын ыкчам-кызматтык милдеттерди аткарууда күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу, ИИОнун тиешелүү бөлүмдөрү жана кызматтары менен өз ара кызматташуу;
- курстарды, семинарларды, тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү;
- ИИОнун катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу.
3. Борбордун ишин уюштуруу. Борбордун кеңештери жана коомдук уюмдары
11. Борбордун ишин анын начальниги жетектейт, ал жогорку юридикалык билими жана ички иштер органдарында педагогикалык, практикалык 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адистердин арасынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
12. Борбордун катардагы, кенже, орто, улук жетектөөчү жана жалданма курамдагы кызмат орундарына кадрларды тандоо жана дайындоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан бекиткен кызмат орундарынын тизмесине ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Борбордун өздүк курамына эмгек акы төлөөнүн, кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттелет.
14. Борбордун начальниги:
- жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана Борбордун ишин өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү максатында Борборду жетектейт жана ишин уюштурат;
- Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- начальниктин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Борбордун башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Борбордун окуу процессин уюштуруу жөнүндө нускаманы бекитет, өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка актыларды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ылайык Борбордун катардагы жана жетекчилик курамына атайын наамдарды ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Борбордун кызматкерлерине, талапкерлерине, угуучуларына жана жарандык персоналына тартиптик жаза берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана чет өлкөлүк органдары менен кызматташууда Борбордун атынан чыгат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чет өлкөлөрдүн окуу жайлары жана илимий-изилдөө мекемелери менен окуу-методикалык, илимий жана маданий-билим берүү байланыштарын түзөт;
- кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөө, өздүк курамдын кесиптик, идеялык, укуктук, адеп-ахлактык жана дене-тарбиялык тарбиялоо боюнча иштерин жетектейт;
- Борбордун Педагогикалык кеңешин жетектейт;
- Борбордун түзүмүнө жана Штатына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине сунуштарды келтирет;
- Борбордун кызматтык милдеттерин аткарууга күжүрмөн даярдыгын, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар учурунда да күжүрмөн даярдыгын туруктуу кармап турат;
- окуу, илимий-изилдөө, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана өнүктүрүү, финансы-чарбалык ишти өркүндөтүү боюнча иш-чараларды уюштурат;
- талапкерлердин жана угуучулардын Борбордо окуу учурундагы формалык кийиминин түрүн жана кийип жүрүү тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
15. Борбордун окуу, методикалык, тарбиялык, чарбалык жана башка багыттагы ишин Борбордун начальниги бекиткен функциялык милдеттерине ылайык Борбордун начальнигинин орун басарлары түздөн-түз жетектейт.
16. Борборду башкаруунун коллегиялуу формасын өнүктүрүү, квалификациялуу адистерди даярдоодо жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетүү үчүн окутуучулардын, кызматкерлердин, талапкерлердин жана коомдук уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүү максатында Борбордо педагогикалык кеңеш түзүлөт. Педагогикалык кеңештин ишинин негизги багыттары, анын ыйгарым укуктары, курамы жана иш регламенти Борбор тарабынан аныкталат.
17. Окуу-методикалык иштерди координациялоо үчүн Борбордо окуу-методикалык кеңеш түзүлөт.
18. Окуу-методикалык, илимий-изилдөө, илимий-маалыматтык, маданий-тарбиялык, жана спорттук-массалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана өркүндөтүү, ошондой эле социалдык-тиричилик маселелерин чечүү максатында Борбордо илимий, спорттук, ыктыярдуу жана башка коомдук уюмдар түзүлүшү мүмкүн.
4. Окуу-методикалык жана тарбиялык иштерди уюштуруу
19. Окуу, методикалык жана тарбиялык иштер ИИМдин жана БИМдин ведомстволук актыларынын, Борбордун окуу процессин уюштуруу жөнүндө нускаманын, окуу пландарынын жана программалардын негизинде уюштурулат жана ишке ашырылат.
20. Окутуунун мазмуну өзүнө жалпы билим берүүнү, юридикалык жана атайын даярдыкты камтыйт.
21. Баштапкы (алгачкы) даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарынын программалары, аларга коюлган квалификациялык талаптарга ылайык талапкерлер менен угуучулар билимди, ыкманы жана көндүмдөрдү алууга багытталган ар бир категория үчүн болушу жана практика менен теориянын байланыш принциби боюнча иштелип чыгышы керек.
Баштапкы (алгачкы) даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларынын узактыгы (мөөнөтү), түзүмү жана мааниси, кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техникаларды колдонууга байланыштуу шартта жасоочу аракеттерге кесиптик жарактуулугу боюнча текшерүүдөн өткөрүү тартиби жана контролдоо формалары Борбор тарабынан аныкталат.
22. Талапкерлер болуп Борборго баштапкы даярдыктан өтүү үчүн жиберилген Кыргыз Республикасынын ИИОнун катардагы жана кенже жетектөөчү курам кызматтарына жаңыдан кирип жаткан адамдар эсептелет.
23. Талапкерлерди окууга кабыл алуу Борбордун начальнигинин буйругу менен жүзөгө ашырылат. Борбор ар бир талапкер менен тараптардын укуктары жана милдеттери тууралуу келишим түзөт.
24. Талапкерлер Борбордон төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
- комиссиялык кайра тапшыруу учурунда канааттандырарлык эмес баа алганда;
- контрактта көрсөтүлгөн шарттарды бузганда.
Талапкерлерди окуудан кетирүү Борбордун начальнигинин буйругу менен таризделет.
25. Борбордо төмөнкү окуу сабактарынын негизги түрлөрү белгиленген:
- лекциялар, анын ичинде сырттан чакырылгандардын лекциясы;
- семинарлар;
- практикалык сабактар, анын ичинде көчмө сабактар;
- башка түрлөрү.
Курстарды аяктаганда, зачетторду жана экзамендерди өткөрүү аркылуу билими текшерилет.
Эскертүүсү: Берилген тиркеменин 25-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 25-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
26. Борбордун начальниги тарабынан бекитилген графикке ылайык талапкерлердин арасынан ички тартипти сактоо, административдик имаратты, жанаша аймактарды, куралдарды жана ок-дарыларды кайтаруу үчүн суткалык кезмет дайындалат.
Суткалык кезмет белгиленген тартипте тамак-аш менен камсыздалат.
27. Борбордогу тарбиялык иш болуп окуп жаткандарга кесиптик жана адеп-ахлактык сапаттарды калыптандыруу боюнча максаттуу иш саналат.
28. Окутуунун программасын ийгиликтүү өздөштүргөн жана сынактардын бардык формаларын тапшырган талапкерлер жана угуучулар тиешелүү курсту бүткөндүгүн тастыктаган, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк же сертификат алышат.
5. Борбордун финансы-чарбалык иштери
29. Борборду каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздалат жана өз алдынча балансы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгында бюджеттик жана атайын эсептери бар.
30. Борбор зарыл болгон учурларда мыйзамда белгиленген тартипте бюджеттен тышкары (атайын) каражаттарды тартууга укуктуу.
31. Борбор өзүнүн материалдык базасын, ошондой өздүк курам үчүн социалдык шарттарды жакшыртуу максатында уюмдар жана мекемелер менен өз ара пайдалуу байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт.
6. Борбордун ишин токтотуу
32. Борбордун иши кайра түзүү же жоюу жолу менен токтотулат.
33. Борборду кайра түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
34. Борбордун иш процессинде түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.