Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 49
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 448-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда конструкциясы боюнча кол салууга же активдүү коргонууга жана тирүү жанга же башка бутага тийгизүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөр менен буюмдар курал деп түшүнүлөт.
Ок атуучу курал - конструкциясы боюнча дары же башка жарылуучу заттар бөлүнгөндө пайда болуучу газдын энергиясынын эсебинен багытталган кыймылга келип ыргытылуучу элемент менен аралыктан бутаны механикалык кыйрата турган курал.
Атылбоочу курал - бул адамдын каруу күчүнүн же механикалык түзүлүштүн багытталган кыймылынын эсебинен аралыктан ыргытылуучу элементти же түздөн-түз контакт болгондо адамдын булчуң күчүн пайдалануу жолу менен бутаны кыйрата турган курал.
Пневматикалык курал - кысылган газ түрүндөгү зат чыгаруучу энергиянын эсебинен бир багытка кыймылга келип, ыргытылуучу элемент менен бутаны кыйрата турган курал.
Газ куралы - жаш агызуучу жана кычыштыруучу заттарды колдонуу менен бутаны кыйратуу үчүн жасалган курал. Колдонууга уруксат берилген кычыштыруучу жана жаш агызуучу заттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Ок-дарылар - ыргытылуучу элемент менен бутанын түздөн-түз кыйрашына жана тиешелүү куралдын түрүнүн атылышына конструкциясы боюнча ылайыкталган бир жолу колдонулуучу түзүлүштөр.
Курал соодасы - бул курал чыгаруу, сатуу, бирөөгө берүү, сатып алуу, оңдоо, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү, ташуу, пайдалануу, коллекция же экспонат кылуу, алып коюу жана жок кылуу, экспорттоо жана импорттоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына куралдын бирден нускаларын алып кирүү.
Курал чыгаруу - бул куралды изилдөө, иштеп чыгуу, сыноо, жасап чыгаруу, ошондой эле көркөм жасалгалоо жана оңдоо, ок-дарыларды, патрондорду жасап чыгаруу.
Кыйратуу күчү чектелген ок атуучу курал - дарынын же башка дүрмөттүн энергиясынын эсебинен багыттоочу кыймылга келген, травматикалык таасир этүүчү патрону бар ыргытма шаймандын аралыкта тирүү бутаны механикалык кыйратуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган кыска найлуу курал жана найсыз курал.
Патрон - гильзанын жардамы аркылуу иштетүү каражаттарын, ыргытма дүрмөтүн жана ыргытуучу шайманын бир бүтүнгө бириктирген, куралдан атуу үчүн арналган түзүлүш.
Травмалык таасир этүүчү патрон - гильзанын жардамы аркылуу иштетүү каражаттарын, травмалык таасир этүүчү ыргытма дүрмөтүн жана ыргытуучу шайманын бир бүтүнгө бириктирген, сайсыз ок атуучу куралдан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш.
Газ менен таасир этүүчү патрон - гильзанын жардамы аркылуу жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен октолгон иштетүү каражаттарын бир бүтүнгө бириктирген, газ куралынан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш.
Жарык-үн белги берүүчү патрон - гильзанын жардамы аркылуу иштетүү каражаттарын жана жарык-үн таасирин бир бүтүнгө бириктирген, ок атуучу куралдан, кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан, газ же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш.
Белги берүүчү патрон - гильзанын жардамы аркылуу жарык, түтүн же үн чыгаруу үчүн иштетүү каражаттарын, ыргытма дүрмөтүн жана ыргытма шайманын бир бүтүнгө бириктирген, ок атуучу куралдан же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш.
Эзелки (антиквардык) курал - жасалган кезинен 100 жыл өткөн ок атуучу жана пневматикалык курал, ошондой эле жасалган кезинен 50 жыл өткөн атылбоочу курал.
Илимий же көркөм (маданий) баалуулугу бар курал - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун негизинде аталган категорияга кирген куралдын сейрек кездешүүчү нускасы.
Эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөсү - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм кооздолушун так же масштабдуу чагылдыруу шартында эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы же чиймеси боюнча жасалган, антиквардык же башка түрдөгү куралдын түп нуска бөлүктөрүн камтыбаган курал.
Эзелки (антиквардык) куралдын репликасы - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм түзүлүшүн чыгармачылык менен өзгөртүп эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы, чиймеси же сүрөттөп берүү боюнча жасалган, көркөм чыгармачылыктын жана декоративдик-колдонмо искусствонун үлгүсү катарында маданий баалуулукту элестеткен курал.
Атуудан чыгарылган курал - атуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу жагынан өзгөртүүлөр киргизилген жана жарык-үн белги берүүчү патрон (оксуз атуучу курал) менен атууну имитациялоо мүмкүндүгү менен же атууну имитациялоо мүмкүндүгүсүз (окуу куралы) маданий жана билим берүү ишин жүргүзүүдө колдонууга же куралдын бөлүктөрүнүн жана механизмдеринин өз ара аракеттенүү процессин окутууга (куралма курал) арналган ок атуучу курал.
Оксуз патрондор - гильзада тешиги бар, материалдык дүрмөтү алып салынган жана иштетүү каражаттары пайдаланылган ок атуучу куралдын патрондору.
Ок атуучу куралдын негизги бөлүктөрү - най, затвор, барабан, рамка, най кутусу.
Согуучу механизм - куралдын патронду иштетүүчү каражатын ишке келтирүүнү камсыз кылган механизми.
Согуучу механизмдин ургучу - патронду иштетүүчү каражатка сокку берүүчү согуучу механизмдин деталы.";
2) 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Чарбалык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы жасалгалар катарында сертификатталган жасалгалар, конструкциясы боюнча куралга окшош спорттук снаряддар куралга кирбейт.";
3) 3-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Жарандык курал
Жарандар тарабынан өзүн-өзү коргоо максатында пайдалануу үчүн, спортко катышуу жана аңчылыкка чыгуу үчүн арналган курал жарандык куралга кирет.
Жарандык курал төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1) өзүн-өзү коргоо куралы:
а) сайсыз, анын ичинде травмалык таасир этүүчү патрондор менен атылуучу курал;
б) газ, жарык-үн менен жана травмалык таасир этүүчү патрондор менен атылуучу найсыз курал;
в) кыйратуучу таасири чектелген атылуучу курал: тапанча, револьвер, травмалык таасир этүүчү, газ менен таасир этүүчү, жарык-үн менен таасир этүүчү патрондору менен атылуучу найсыз түзүлүштөр;
г) мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келген чыгуу параметрлери бар электршок түзүлүштөрү жана учкун чыгаргычтар;
2) спорттук курал:
а) ок атуучу сайлуу;
б) ок атуучу сайсыз;
в) атылбоочу курал;
г) найдын оозунан чыгуу кубаты 3 Джоулдан ашкан пневматикалык;
3) аңчылык курал:
а) ок атуучу сайлуу;
б) ок атуучу сайсыз, анын ичинде сайлуу жагынын узундугу 140 мм ашпаган;
в) ок атуучу комбинациялуу;
г) найдын оозунан чыгуу кубаты 25 Джоулдан ашпаган пневматикалык;
д) атылбоочу курал;
4) сигналдык курал;
5) маданий жана окутуу максатында колдонулган курал:
а) маданий баалуулугу бар курал;
б) эзелки (антиквардык) курал;
в) эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөсү;
г) эзелки (антиквардык) куралдын репликасы;
д) атуудан чыгарылган курал.";
4) 4-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматтык куралга найынын узундугу 400 миллиметрден ашык сайсыз ок атуучу жана найдын оозунан чыгуу кубаты 300 Джоулдан ашпаган сайлуу найы кыска курал, ошондой эле найдын оозунан чыгуу кубаты 150 Джоулдан ашпаган кыйратуучу таасири чектелген атуучу куралдар кирет.
Кызматтык сайлуу кыска найлуу курал кол менен атылуучу куралдан патрондорунун түрү жана өлчөмдөрү боюнча айырмаланууга тийиш.";
5) 7-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коллекцияларды түзүү жана көрсөтмөгө коюу үчүн арналган илимий же көркөмдүк (маданий) баалуулугу бар курал, эски (антиквардык) курал, эски (антиквардык) куралдын көчүрмөсү, эски (антиквардык) куралдын репликасы коллекциялык курал болуп таанылат. Коллекциялык курал милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.";
6) 8-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Жарандык жана кызматтык куралды соодалоого белгиленген чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарандык жана кызматтык курал катары:
а) ок кутусунун (тегеренүүчү окчонтоюнун) сыйымдуулугу 10 патрондон көбүрөөк (спорттук максатка колдонулган куралдан тышкары), найынын же тулкусунун узундугу 500 миллиметрден кемирээк жана куралдын жалпы узундугу 800 миллиметрден ашыгыраак, ошондой эле заводдук конструкциясы анын узундугун ар кандай бөлүктөр менен комплекттөө аркылуу же жыйналма кундактын жардамы менен 800 миллиметрге чейин өзгөртүлүшү каралган узун сайлуу атылуучу куралды;
б) башка буюмдарга окшоштурулган атылуучу куралды;
в) сайлуу атылуучу куралдын патрондоруна эсептелип жасалган сайсыз атылуучу куралды;
г) спорттук ыргытылуучу элементтерди кошпогондо, чокморлорду, кастеттерди, сурикендерди, бумерангдарды жана башка курал катарында уруучу-жанчуучу жана ыргытып уруу үчүн атайын ылайыкташтырылган буюмдарды;
д) калканычтарды тешүүчү, күйгүзүүчү, жарылуучу же от куйруктуу октору бар патрондорду, ошондой эле кыйратуусу чектелген атуучу куралдар жана газ куралдар үчүн чачма салынган патрондорду;
е) радиоактивдүү нурлануу жана биологиялык залалга алып келүүчү куралдарды жана башка буюмдарды;
ё) ууландыруучу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдонууга тыюу салынган башка заттар менен дүрмөттөлгөн газ куралын жана анын ок-дарыларын;
ж) техникалык мүнөздөмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык келбеген куралды жана алардын ок-дарыларын;
з) мамлекеттик стандарттар менен белгиленген чоңдуктардан ашкан чыгуу параметрлери бар электршок түзүлүштөрүн жана учкун чыгаргычтарын;
и) кнопканы же рычагды басканда мизи автоматтык түрдө туткадан чыккан жана тийиштүү түзүлүш менен бир орунга келтирилген, же болбосо салмак күчүнүн же тез кыймылдын эсебинен чыккан жана мизи 90 мм ашык узундукта автоматтык түрдө бир орунга келтирилген атылбоочу миздүү куралды;
к) кыйратуу аракети электр магниттик, жарыктык, жылуулук, инфраүндүү же ультраүндүү нурланууну пайдаланууга негизделген жана техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамга ылайык белгиленген чоңдуктардан ашкан чыгуу параметрлери бар куралдарды жана башка буюмдарды;
л) кезеги менен ок атууга мүмкүндүк берген жарандык жана кызматтык ок атуучу куралды;
м) кыска найлуу кызматтык куралды жана 10дон ашык патрон баткан магазини (барабаны) бар кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралды;
н) найдын оозунан чыгуу кубаты 91 Джоулдан ашык болгон кыйратуу күчү чектелген жарандык атылуучу куралды жана найдын оозунан чыгуу кубаты 150 Джоулдан ашык болгон, кыйратуу күчү чектелген кызматтык ок атуучу куралды;
о) колго жасалган согуштук ок атуучу куралдан, кызматтык сайлуу куралдан жана сайсыз ок атуучу куралдан, жарандык сайлуу куралдан жана узун найлуу сайсыз ок атуучу куралдан атуу үчүн колдонулган патрондор менен атуу мүмкүндүгү бар кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралды;
2) айбанаттар дүйнөсүнүн объекттеринин кыймылын чектөөгө жана аларга дары куюуга байланышкан илимий изилдөө жана алдын алуу иштерин өткөрүү үчүн жааларды жана арбалеттерди сактоону жана пайдаланууну кошпогондо, сайлуу найы бар ок атуучу спорттук куралды же болбосо найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Джоулдан ашык, калибри 4,5 миллиметр пневматикалык спорттук куралды, же калибри 4,5 миллиметрден чоңураак пневматикалык спорттук куралды, ошондой эле спорттук атылбоочу миздүү жана ыргытма куралды спорт объекттеринен сырткары сактоого жана пайдаланууга;
3) жарандык жана кызматтык куралга үнсүз атуу үчүн шаймандарды жана түн ичинде көрүү үчүн мээлеткич (мээлеткич комплекстерин) жайгаштырууга жана, пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү аңчылык үчүн мээлеткичтерди албаганда, аларды сатууга;
4) куралды почта аркылуу жөнөтүүгө;
5) чогулуштарды өткөрүүдө жарандардын курал алып жүрүүсүнө, алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында курал алып жүрүүсүнө, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, алкоголдук продукцияны сатуучу коомдук тамактануу уюмдарынын аймактарында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүсүнө;
6) ок атуучу же атылбоочу куралды ташуу же жеткирүү учурларын албаганда, өзүн-өзү коргоо максатында жарандын атылуучу куралды жана атылбоочу куралды алып жүрүүсүнө;
7) комиссиялык куралды жана ок-дарыларды ички иштер органдарынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз адистештирилген дүкөндөрдөн сырткарыда сатууга;
8) спорттук уюмдарда ок атуучу куралды колдонуу менен байланышкан спорттун түрү менен алектенген же билим берүү уюмдарында ок атуу даярдыгынан өтүп жаткан адамдарга патрондорду өткөрүп берүүнү эске албаганда, ушул Мыйзамдын негизинде мындай жарандык куралга ээ болбогон адамдарга жарандык куралдын патрондорун сатууга же өткөрүп берүүгө;
9) ушул Мыйзамдын негизинде жарандык куралга ээ болбогон адамдар тарабынан жарандык куралдын патрондорун сактоого;
10) конструкциясын же көркөмдүк кооздугун бузган методдорду жана технологияларды колдонуу менен маданий жактан баалуу куралды жок кылууга, же жараксыз абалга келтирүүгө;
11) жеке коопсуздугун камсыз кылуу, башка жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, алардын жеке менчигин сактоо, жүктөрдү коштоп жүрүү максатында жана башка максаттарда, эгерде бул белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралбаса, чет элдик жарандардын куралдын бардык түрлөрүн, типтерин жана моделдерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды колдонуусуна;
12) коллекциялык куралды патрондору менен биргеликте, оксуз патронду эске албаганда, көргөзмөгө чыгарууга;
13) жеке номери жок жарандык жана кызматтык куралдарды (антиквардыкты эске албаганда) сатууга;
14) тийиштүү сертификаты жок куралды жана анын патрондорун сатууга;
15) куралды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген юридикалык жактарга жана жарандарга куралды сатууга, ал эми анын патрондорун аталган куралды сактоого же алып жүрүүгө жана сактоого берилген уруксат кагазын көрсөтпөгөн юридикалык жактарга жана жарандарга сатууга;
16) жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соода-сатык кылууга лицензиясы бар юридикалык жактарга, спорттук, мергенчилик жана балык уулоонун керек-жарактарын жана куралдын камдык бөлүктөрүн эске албаганда, бир соода-сатык залына куралдарды жана товарлардын башка түрүн бириктирип сатууга;
17) ушул Мыйзамда жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, юридикалык жактарга жана жарандарга таап алган же аларга берилген ок атуучу куралды менчик ээси болбой туруп сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Мындай курал ички иштер органдарына тапшырылышы керек;
18) билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо коомдук тамактануу уюмдарынын аймагында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда жарандык, кызматтык куралдарды жана алардын ок-дарыларын сатууга.";
7) 9-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарды сертификациялоо боюнча иштерди уюштуруу белгиленген тартипте аккредиттеген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
б) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 10-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Курал колдонууга уруксат берүү үчүн окуудан өтүү тартиби
Курал сатып алууга уруксатты биринчи жолу алып жаткан адамдар, же спорт менен алектенүү же кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн курал колдонууга уруксат талап кылынса, окуудан жана куралды коопсуз пайдалануу эрежелерин билүүгө тийиштүү текшерүүдөн өтүшү керек.
Куралды коопсуз пайдалануу эрежелери, окуу программасы жана текшерүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
9) 14-беренесинде:
а) 5-бөлүгүндөгү "Даярдоонун программасынын мазмуну жана текшерүүдөн өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат." деген сүйлөм алып салынсын;
б) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айлана-чөйрөнү коргоо максатында пайдаланылуучу белги берүүчү курал лицензиясыз сатылып алынат жана катталбайт.";
10) 15-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын курал сатып алуу укугу
Кыргыз Республикасынын 20 жашка толгон жарандары жашаган жери боюнча ички иштер органдарында ушул Мыйзамдын 10-статьясынын талаптарын эске алуу менен куралдын конкреттүү түрүн сатып алууга уруксат алгандан кийин өзүн-өзү коргоо, спорттук жана аңчылык куралын, белги берүүчү куралын жана атылбоочу куралды сатып алууга укуктуу жана эки жумалык мөөнөттө жашаган жери боюнча ички иштер органдарында аны каттоодон өткөрүүгө тийиш.
Уруксат Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча ички иштер органдары тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет жана ошол эле мезгилде ал куралды (өзүн-өзү коргоо үчүн сатып алган ок атуучу куралдан тышкары) сактоого жана алып жүрүүгө уруксат болуп эсептелет.
Уруксатка бештен ашык эмес куралды каттоого жол берилет.
Куралдын түрлөрү коллекциянын объектиси болгон учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан сатып алынган аңчылык ок атуучу сайлуу куралдын жана аңчылык ок атуучу сайсыз куралдын жалпы саны экиден ашпашы керек.
Уруксат берүүнүн мөөнөтү лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү мыйзамда каралган тартипте узартылат.
Мамлекеттик аңчылык кылуу күбөлүгү же спорттук ок атуу уюмдарында мүчө экендигин ырастаган документи бар Кыргыз Республикасынын жарандары спорттук жана аңчылык ок атуучу сайсыз куралды, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген учурларда аңчылык жана спорт менен алектенүү үчүн пневматикалык куралды сатып алууга укуктуу.
Жеке менчигинде беш жылдан кем эмес убакытта аңчылык ок атуучу сайсыз куралы болгон Кыргыз Республикасынын жарандары аңчылык ок атуучу сайлуу куралды сатып алууга укуктуу.
Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттары менен механикалык чачкычтар, аэрозолдук жана башка түзүлүштөр, электршок түзүлүштөрү жана учкун чыгаргычтар, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Джоулдан ашпаган жана калибри 4,5 миллиметрге чейин болгон пневматикалык курал катталбайт жана Кыргыз Республикасынын жарандары аларды уруксатсыз сатып алууга укуктуу.
Аңчылык ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө ички иштер органдарынан уруксат алган Кыргыз Республикасынын жарандары же куралды коллекция кылуу менен алектенген жарандар атылбоочу куралды сатып алууга укуктуу.
Конструкциялык жактан куралга окшош, найдын оозунан чыгуу кубаты 3 Джоулдан ашпаган буюмдар, пневматикалык мылтыктар, тапанчалар жана револьверлер, калибри 6 миллиметрден ашпаган белги берүүчү куралдар жана алардын патрондору, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча ок атуучу жана газ куралы катары пайдаланууга болбой турган атуудан чыгарылган курал уруксатсыз сатылып алынат жана катталбайт.
Куралды сатып алууга уруксат Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына берилбейт:
1) ушул Мыйзам белгилеген жашка толо электерге;
2) курал алууга каршы келген себептердин жоктугу жөнүндө медициналык корутунду бербегендерге. Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү оорулардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт;
3) соттолгондугу алынбаган же жоюлбагандарга;
4) кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы үчүн жаза өтөп жүргөндөргө;
5) жыл ичинде коомдук тартипти кайталап бузгандарга;
6) үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгынын фактысы боюнча сот актысы болгондорго;
7) туруктуу жашаган жери жокторго;
8) куралды коопсуз пайдалануу эрежелерин билүүсүн текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документтерди жана ушул Мыйзамда аталган башка документтерди ички иштер органдарына бербегендерге.";
11) 16-беренесинин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 19-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Куралды жана анын патрондорун Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынан алып кетүү
Колдо алып жүрүүчү согуштук ок атуучу, жарандык жана кызматтык куралды, анын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынан алып кетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.";
13) 20-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндөгү:
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сатып алуучуга берилген уруксатта сатыла турган ок атуучу куралын, газ куралын, кыйратуусу чектелген ок атуучу куралды, белги берүүчү куралды, атылбоочу миздүү куралды каттоого;";
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сатылган кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле кыйратуусу чектелген куралдан атылган окторду жана гильзаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик ок жана гильза сактоочу жайына берүүгө.";
б) 3-5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 24-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 25-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Лицензия, уруксат берүүдө төлөмдөрдү алуунун тартиби жана аларды колдонуу мөөнөтүн узартуу
Лицензияларды, уруксатты жана алардын дубликаттарын берүү жана алардын мөөнөтүн узартуу үчүн юридикалык жактардан жана жарандардан мамлекеттик алым салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.";
16) 26-беренесинин үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аңчылары аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарын сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын анык уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук уюмдун мүчөсү болуп эсептелген спортчулар аларга таандык болбогон куралды анын ээси болуп саналган спорттук уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу менен убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук жана аңчылык куралдарды пайдалануунун башка эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
17) 27-беренесинин 3-бөлүгүндөгү ", ошондой эле куралдын түрдүк эсеби" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти