Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 50 токтомуна) |
Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартиби
1. Ушул Тартип таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү адамдардын акыга жана бекер тапшыруусунун механизмин аныктайт.
2. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар (мындан ары - жактар) таап алган же аларда мыйзамсыз сакталып турган куралды жана ок-дарыларды ыктыярдуу түрдө акы төлөмө же бекер негизде тапшыра алышат.
3. Ыктыярдуу түрдө тапшыруу дегенди адамдын куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү өз каалоосу менен тапшыруусун же алардын турган жерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички иштер маселесин тейлеген аймактык бөлүмдөрүнө билдирүүсүн түшүнүү керек.
4. Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү кабыл алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички иштер маселесин тейлеген аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Таап алынган же өзүндө мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү тапшырууга ниеттенген адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички иштер маселесин тейлеген каалаган аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылуусу керек, анда ал өзүнүн анкеталык маалыматтарын, тапшырылуучу курал-жарактын аталышын, маркасын, калибрин, куралдын номерин, ок-дарылардын, жарылма заттардын жана жардыргыч түзүлүштөрдүн санын жана аларды кайдан алганын (зарыл болсо) билдирет. Арызда ошондой эле курал, ок-дарылар, жарылма заттар жана жардыргыч түзүлүштөр кандай негизде - акы төлөмө же бекер тапшырылып жаткандыгы көрсөтүлөт.
6. Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө тапшырган ар бир факт боюнча ички иштер маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүү, анын ичинде катталган номери жана окгильзатека боюнча текшерүү жүргүзүлөт.
Текшерүү жүргүзүүнүн тартиби ички иштер маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
7. Текшерүүнүн жыйынтыгында куралды акы төлөмө негизде тапшырган адамдын аракеттеринде тапшырылып жаткан куралды колдонуу менен кылмыштын же жоруктун курамынын белгилери аныкталган учурда акчалай сый акы төлөнбөйт.
8. Сый акыны төлөп берүүгө негиз катарында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички иштер маселесин тейлеген аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин буйругу эсептелет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жеке адамдар үчүн:
- жарандын, чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын маалыматтары жана өздүгүн ырастаган документи;
- өткөрүп берилген таап алган же мыйзамсыз сакталган куралдын номерин же анын жоктугун көрсөтүү менен ок-дарылардын, жарылма заттардын жана жардыргыч түзүлүштөрдүн маркаланышын көрсөтүү менен аталышы жана саны;
- сый акынын өлчөмү;
2) юридикалык жактар үчүн:
- юридикалык жактын уставына ылайык анын толук фирмалык аталышы;
- өткөрүп берилген таап алган же мыйзамсыз сакталган куралдын номери же анын жоктугун көрсөтүү менен, ок-дарылардын, ага тете жарылма заттардын жана жардыргыч түзүлүштөрдүн маркаланышын көрсөтүү менен аталышы жана саны;
- сый акынын өлчөмү.
Сый акы жактарга накталай жана накталай эмес түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички иштер маселесин тейлеген тиешелүү аймактык бөлүмү тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык белгиленген өлчөмдө төлөнөт.
9. Эгерде аскердик курал мамлекеттик органдын балансында турса, анда ал тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун жана атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн кабыл алуу (өткөрүп берүү) актысынын негизинде, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен ведомстволор аралык буйруктун негизинде ошол органга өткөрүп берилүүгө тийиш.
|
| Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартибине 1-тиркеме |
Куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө тапшыргандыгы үчүн төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрү
№ | Куралдын жана ок-дарылардын аталышы | Бирөөнүн баасы (сом менен) |
1 | Колго жасалган (жабдыксыз) жана түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү гранатометтерди кошкондо автоматтык гранатометтер | 16000 |
2 | Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү пулемотторду кошкондо пулемоттор | 16000 |
3 | Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү автоматтарды кошкондо АК, АКМ, АКМС, АК-74, АКС-74, АКС-74у тибиндеги автоматтар жана алардын аналогдору | 9600 |
4 | Снайпердик атуу үчүн ылайыкталган узун сайлуу стволдук куралдардын түрлөрүн кошкондо СВД, СВДС, СВДН аскердик снайпердик (көзгө атаар) мылтыктар | 9600 |
5 | Аскердик жана сайлуу аңчылык куралдардан чолок мылтыктарды кошкондо аңчылык карабини | 6400 |
6 | Сменалык, салынма стволдук чолок мылтыктарды кошкондо аңчылык сайсыз мылтыктар | 3200 |
7 | Колго жасалган атылуучу түзүлүштөр (патрон менен атуу үчүн арналган буюм) | 1600 |
8 | Армиялык жарылма заттар (тротил, гексоген жана алардан жасалган буюмдарды кошкондо башка жарылма заттар) | 100 граммы 1600 сом |
9 | Өндүрүшкө арналган жарылма заттар (амонит, угленит жана алардын аналогдору) | 100 граммына 840 сом |
10 | Кол граната (машыгууда колдонгондон башка) | 3200 |
11 | Атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (машыгууда колдонгондон башка) жана сапердук миналар | 3200 |
12 | Сайлуу куралдарга ок-дарылар: 5,45, 7,62 мм жана андан ашык калибрдеги аскердик патрондор; 7,62 мм калибрдеги аңчылык патрондор | 1 даанасына 10 сом |
13 | Сайсыз курал-жарактарга ок-дарылар | 1 даанасына 6 сом |
14 | Газ куралдары, травматикалык аракеттеги октору менен куралдар, өздүк коргонуу куралдары | 3200 |
15 | Атылуучу тапанча же револьвер | 6400 |
16 | Кара дары | 100 граммына 100 сом |