Загрузка документа…
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарындагы жетекчи кызмат орундарын ээлөө үчүн көрсөтүүгө жана ички конкурс өткөрүүгө кадрлар резервин түзүү тартиби жөнүндө
жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында, прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарын кошпогондо, жетекчилик кызматтарды ээлөө үчүн көрсөтүүгө жана ички конкурс өткөрүүгө кадрлар резервин түзүүнүн укуктук негиздерин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Ички конкурс (мындан ары - конкурс) өткөрүүнүн максаты болуп жетекчи кызмат орундарын коюлган квалификациялык талаптарга, анын ичинде билимине, иш тажрыйбасына, кесиптик билимине, иштиктүү жеке жана моралдык сапаттарына ылайык ээлөөгө көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде турган даярдыгы бар кызматкерлерди тандап алуу саналат.
Конкурс кызматкерлердин жөндөмүнө жана кесиптик даярдыгына жараша укук коргоо органдарында жетекчилик кызмат орунду ээлөөгө бирдей жетүү укугун камсыз кылат.
2. Конкурс, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу кызмат орундарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарындагы бош жетекчи кызмат орундарын ээлөө үчүн көрсөтүүгө кадрлар резервинде турган кызматкерлердин арасында өткөрүлөт.
3. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резерви - башкаруучулук ишке жөндөмдүү болгон, кызмат орундарынын тигил же бул категориясына коюлуучу талаптарга жооп берген, максаттуу квалификациялык даярдыктан өткөн жана жетекчилик кызмат орундарын ээлөөгө сунушталган укук коргоо органдарынын тандалган кызматкерлеринин тобу.
4. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резерви төмөнкүдөй максатта түзүлөт:
- жетекчилик кызмат орундарын ээлөөгө даярдалган кызматкерлердин курамын түзүү;
- кызматкерлерди кызматы боюнча көтөрүүнү пландоо механизмин тартипке келтирүү;
- укук коргоо органдарынын кадрдык потенциалын өркүндөтүү менен сарамжалдуу пайдалануу, укук коргоо органдарынын милдеттери менен функцияларын кесипкөй жана натыйжалуу аткара турган кадрларды андан ары окутуу жана кызматы боюнча көтөрүү;
- жетекчи кадрларды даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- жетекчилик кызмат орундарына квалификациялуу кызматкерлерди дайындоо.
5. Ыйгарым укуктуу жетекчи - укук коргоо органынын жетекчисинин орун басары, укук коргоо органынын аймактык органынын түзүмдүк бөлүмүнүн, укук коргоо органынын түзүмдүк, аймактык органынын жетекчиси (начальниги) же укук коргоо органынын жетекчиси белгилеген тартипте белгилүү функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды берген бөлүмдүн башка жетекчиси (начальниги).
6. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервин түзүү боюнча иштерди уюштуруу укук коргоо органынын кадрдык бөлүмүнө жүктөлөт.
7. Ушул Жобо аскердик кызмат өтөө каралган Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүнүштөрүнө жайылтылбайт.
2. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервин түзүү тартиби
8. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резерви жетекчилик кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарга ылайык келген төмөнкү кызматкерлерден түзүлөт:
- укук коргоо органынын орто жана улук жетекчи курамынын кызмат орундарын ээлеген жана укук коргоо органынын ыйгарым укуктуу жетекчилери тарабынан кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүүгө сунушталган;
- кайра уюштурууга, жоюуга же штаттык санды, кызмат орунду кыскартууга байланышкан уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөргөндө жетекчилик кызмат ордунан бошотулган;
- укук коргоо жетекчисинин же болбосо мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде бул кызмат ордун мурун ээлеген кызматкерди кайра ордуна келтирүүгө байланыштуу жетекчилик кызмат ордунан бошотулган;
- аттестациянын жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссия аларга карата кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечим чыгарган;
- кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүү жөнүндө рапорт берген.
9. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинин тизмеси укук коргоо органынын жетекчиси, ыйгарым укуктуу жетекчиси тарабынан жыл сайын бекитилет жана буйрук түрүндө таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кызматкерлердин кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде болуу мөөнөтү бир жылды түзөт. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинин тизмеси кварталына бир жолу толукталып турат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде турган кызматкердин анкеталык маалыматы, кызмат орду өзгөргөндө беш жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө укук коргоо органынын кадрдык бөлүмүнө билдирүүгө милдеттүү.
12. Кызматкер белгиленген мөөнөтүнөн мурда кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинин курамынан төмөнкү учурларда чыгарылат:
- конкурстун жыйынтыгы боюнча талапкерлигин койгон жетекчилик кызмат ордуна дайындалганда;
- контракттын бузулгандыгына жана токтотулгандыгына байланыштуу укук коргоо органынан кызматтан бошотулганда;
- кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинен чыгаруу тууралуу рапорт бергенде;
- кызматтык тартипти одоно бузгандыгы, укук коргоо органынын беделин кетирүүчү жорук жасагандыгы үчүн тартиптик жоопко тартылганда.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинен кызматкерди чыгарууга байланышкан талаш-тартыштар укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан каралат.
3. Конкурс жана конкурстук комиссия
14. Конкурс кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде турган жана жетекчилик кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген кызматкерлердин арасында төмөнкү жетекчилик кызмат орундарын ээлөө үчүн өткөрүлөт:
- укук коргоо органынын өз алдынча бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын, башкы башкармалыктарынын жетекчисинин (начальнигинин) жана анын орун басарларынын кызмат орундарын;
- укук коргоо органынын түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жетекчисинин (начальнигинин) жана анын орун басарларынын кызмат орундарын;
- укук коргоо органынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн райондук, шаардык жана облустук бөлүмчөлөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын жетекчисинин (начальнигинин) жана анын орун басарларынын кызмат орундарына.
Конкурс жетекчилик бош кызмат орунду ээлөөгө талапкер жалгыз болгон учурда деле өткөрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Конкурс өткөрүү үчүн укук коргоо органында, анын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүндө курамы жетиден кем эмес жана он бирден көп эмес мүчөлөрдөн турган конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт, анын жеке курамы укук коргоо органынын жетекчисинин, ыйгарым укуктуу жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын түзүмү жана курамы:
- комиссиянын төрагасы - укук коргоо органынын жетекчиси аныктаган жетекчинин орун басары, укук коргоо органынын ведомстволук жана аймактык бөлүмүндө - ошондой бөлүмдүн жетекчиси аныктаган жетекчинин орун басары;
- комиссиянын катчысы - укук коргоо органынын кадрдык бөлүмүнүн кызматкери (чечимдерди чыгарууда жана кабыл алууда добушу жок).
Комиссиянын мүчөлөрү:
- укук коргоо органынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси (жетекчинин орун басары);
- укук коргоо органынын кадрдык бөлүмүнүн жетекчиси (жетекчинин орун басары);
- укук коргоо органынын ички иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси (жетекчинин орун басары);
- кызыкдар болгон кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери.
Комиссиянын курамына мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, укук коргоо органынын ардагерлер кеңешинин, жарандык коом институттарынын өкүлдөрү, тийиштүү багыттагы көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.
Аталган жактарды комиссиянын курамына киргизүү жөнүндө чечим укук коргоо органынын жетекчиси, ыйгарым укуктуу жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
16. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү комиссияга жана укук коргоо органынын кадрдык бөлүмүнө жүктөлөт.
17. Укук коргоо органынын тийиштүү жетекчилик кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар укук коргоо органы тарабынан белгиленет.
18. Конкурс бош жетекчилик кызмат орду пайда болгон күндөн тартып беш жумуш күн өткөндөн кийин жарыяланат.
19. Конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кадрдык бөлүмдүн жетекчисинин сунушу боюнча укук коргоо органынын жетекчисинин буйругу түрүндө кабыл алынат.
Укук коргоо органынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүндө конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кадрдык бөлүмдүн жетекчисинин сунушу боюнча ошол бөлүмдөрдүн жетекчилеринин буйругу түрүндө кабыл алынат.
20. Укук коргоо органынын кадрдык бөлүмү конкурс өткөрүү жөнүндө буйрук чыккандан кийин электрондук почта же факсимилдик байланыш (зарыл учурда башка байланыш каражаттары) аркылуу, кийин конкурс өткөрүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн жөнөтүү менен кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде турган кызматкерлерге кабарлайт.
21. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде турган жана конкурска катышуу ниетин билдирген кызматкерлер комиссияга рапорт берет.
22. Комиссиянын жыйыны, эгерде ага курамынын кеминде үчтөн экиси катышса укуктуу деп эсептелет. Келбей калган комиссия мүчөлөрүнүн ордуна катышууга жол берилбейт.
23. Конкурсту даярдоодо жана өткөрүүдө комиссия:
- конкурсту өткөрүү мөөнөтүн жана иш регламентин аныктайт;
- конкурстун катышуучулары менен аңгемелешүү өткөрөт;
- конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун катышуучуларына карата чечим кабыл алат.
24. Конкурсту даярдоодо жана өткөрүүдө укук коргоо органынын кадрдык бөлүмү:
- кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде турган жана бош жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө талапкер кызматкерлерге конкурс өткөрүүнүн шарттары тууралуу маалымдайт;
- конкурстун катышуучуларынын тизмесин түзөт;
- комиссия үчүн конкурстун катышуучуларынын документтерин даярдайт;
- конкурсту өткөрүү орду, күнү жана убактысы тууралуу конкурстун катышуучуларына кабарлайт.
241. Конкурска катышуу менен байланышкан чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге барып келүүгө жол кире, турак жайды ижарага алуу, жашап туруу, байланыш каражаттарынын кызматын пайдалануу) конкурстун катышуучулары өз каражаттарынын эсебинен төлөшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Конкурсту өткөрүү тартиби
25. Конкурсту өткөрүү төмөнкү этаптарды камтыйт:
- конкурстун катышуучуларынын документтерин жана алардын бош жетекчилик кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга шайкеш келүүсүн кароо;
- тестирлөө (компьютердик технологияларды колдонуу менен же жазуу жүзүндө тестирлөө);
- конкурстун катышуучулары менен аңгемелешүү.
26. Тестирлөөнү жүргүзүү үчүн расмий жана мамлекеттик тилдерде түзүлгөн тапшырмалар колдонулат.
Тестирлөө конкурстун катышуучуларынын мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле укук коргоо органынын милдеттерин, функцияларын, укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн тартибин жана шарттарын билүү деңгээлин аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
Тестирлөөнү жүргүзүүнүн жол-жобосу, тапшырмадагы суроолордун саны, алардын татаалдыгынын даражасы, тестирлөөнүн жыйынтыктарын баалоо методикасы, тапшырмаларды аткарууга бөлүнгөн жалпы убакыт, ошондой эле тестирлөөдөн өтүү үчүн босоголук маани (тапшырмадагы суроолордун жалпы санынын туура жоопторунун пайызы) укук коргоо органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
27. Укук коргоо органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- тесттик тапшырмаларды даярдоо үчүн окуу жайлардын, Кыргыз Республикасында тестирлөө жүргүзүүгө расмий лицензиясы бар жана аккредитациялоодон өткөн Тестирлөө борборлорунун адистерин келишимдик негизде тартууга;
- укук коргоо органдарынын окуу жайларынын, окуу борборлорунун базасында, ошондой эле Кыргыз Республикасында тестирлөө жүргүзүүгө расмий лицензиясы бар жана аккредитациялоодон өткөн Тестирлөө борборлорунда компьютердик тестирлөөнү жүргүзүүгө.
28. Конкурстун катышуучуларынын алган баллынын саны жазуу жүзүндөгү тестирлөө жол-жобосу бүткөндөн кийин бир жумуш күндүн ичинде аныкталат.
Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы автоматтык түрдө аныкталат.
29. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босоголук мааниден төмөн баа алган конкурстун катышуучулары аңгемелешүүгө киргизилбейт.
30. Тестирлөөнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет жана укук коргоо органынын кадрдык бөлүмүндө бир жылга чейинки мөөнөткө сакталат. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин тийиштүү акт түзүү менен жок кылынат.
31. Аңгемелешүү конкурстун катышуучуларынын жеке жана кесиптик сапаттарын жана алардын келечектеги иши жөнүндө көз карашын, жеке мотивациясын аныктоо максатында жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү конкурстун катышуучусуна кесиптик жана кызматтык иш темасы, бош жетекчилик кызмат орду боюнча суроолорду берет, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге кесиптик жарамдуулугун мезгилдүү текшерүүдөн өтүүнүн жыйынтыктары эске алынат.
Бир эле бош жетекчилик кызмат ордуна талапкер болгон конкурстун катышуучуларына бирдей суроолор берилет.
32. Аңгемелешүү конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
33. Аңгемелешүүнү жүргүзүүдө видео жазуу жүргүзүлөт. Конкурстун катышуучусунун өтүнүчү боюнча сурам кылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ага тиешелүү болгон бөлүгүнүн видео жазуусунун көчүрмөсү берилет.
Аңгемелешүүлөрдүн видео жазуусу укук коргоо органынын (аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнүн) кадрдык бөлүмүндө бир жыл бою сакталат, көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин жок кылуу тууралуу акт түзүү менен жок кылынууга тийиш.
34. Комиссиянын чечими жыйналышка катышып жаткан комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү "макул" же болбосо "каршы" деп добуш берет, муну менен бирге жооптун "калыс" деген вариантына жол берилбейт.
Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча комиссия төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
- бош жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө сунушталат;
- бош жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө сунушталбайт.
35. Чечим кабыл алууда көп добуш алган конкурстун катышуучусу конкурстук тандоодон өттү болуп эсептелинет.
Эгерде конкурстун катышуучулары бирдей добуш алса, комиссиянын төрагасы чечим кабыл алат, мында адистиги боюнча эмгек стажы (тажрыйбасы) көбүрөөк конкурстун катышуучусуна артыкчылык берилет.
36. Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечими конкурстун катышуучусунун катышуусуз кабыл алынат. Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыктары ал аяктагандан кийин конкурстун катышуучуларына түздөн-түз жарыяланат.
37. Конкурстун жыйынтыктары протокол түрүндө таризделет, ага комиссиянын төрагасы, катчысы жана жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коёт.
38. Кадрдык бөлүмдүн кызматкерлери протоколдун көчүрмөсүн алгандан кийин жетекчилик бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстан ийгиликтүү өткөн кызматкерди дайындоо жөнүндө буйруктун долбоорун укук коргоо органынын жетекчисине, ыйгарым укуктуу жетекчисине киргизүүгө милдеттүү.
5. Корутунду жоболор
39. Кызматкер өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыктары менен макул болбогон учурда конкурс бүткөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө укук коргоо органынын жетекчисине рапорт берүүгө укуктуу.
40. Кызматкер укук коргоо органынын жетекчисинин чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыш соттук тартипте чечилет.