Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 28-декабры № 630
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө маселелерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 17-пунктундагы "14" деген цифралар "13" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:
"171. Конкурска катышуу менен байланышкан чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге барып келүүгө жол кире, турак жайды ижарага алуу, жашап туруу, байланыш каражаттарынын кызматын пайдалануу) конкурстун катышуучулары өз каражаттарынын эсебинен төлөшөт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарындагы жетекчи кызмат орундарын ээлөө үчүн көрсөтүүгө жана ички конкурс өткөрүүгө кадрлар резервин түзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункту "жетекчиси тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "жыл сайын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пунктундагы "жыл сайын жаңыртылып турат" деген сөздөр "кварталына бир жолу толукталып турат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун экинчи абзацы "конкурстун жыйынтыгы боюнча" деген сөздөрдөн кийин "талапкерлигин койгон" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктунун үчүнчү абзацы "ведомстволук бөлүмдөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", мекемелеринин" деген сөз менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 241-пункт менен толукталсын:
"241. Конкурска катышуу менен байланышкан чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге барып келүүгө жол кире, турак жайды ижарага алуу, жашап туруу, байланыш каражаттарынын кызматын пайдалануу) конкурстун катышуучулары өз каражаттарынын эсебинен төлөшөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |