Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 57
Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 90, 2020-жылдын 12-мартындагы № 147, 15 апреля 2020 года № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген тизмедеги дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды экспорттоого убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясын белгиленген тартипте кабарласын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз экспорттоого бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек жана медициналык каражаттардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 90, 2020-жылдын 12-мартындагы № 147, 15 апреля 2020 года № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Дары-дармек жана медициналык каражаттардын аталышы | ТЭИ ТН коду |
1 | Ацетилсалицил кислотасы | 3004 90 000 2 |
2 | Парацетамол | 3004 90 000 2 |
3 | Ибупрофен | 3004 90 000 2 |
4 | Азитромицин 250 мг, 500 мг, 200 мг/5 мл, 15 мл, 100 мг/5 мл | 3004 20 000 2 |
5 | Амоксициллин+Клавулановалык кислотасы 156,25 мг/5 мл, 100 мл, 312,5 мг/5 мл, 100 мл, 625 мг, 1000 мг | 3004 10 000 5 |
6 | Моксифлоксацин 250 мл, 400 мл | 3004 90 000 2 |
7 | Имипенем 1 г | 3004 90 000 2 |
8 | Клиндамицин 300 мг, 150 мг, 100 мг, 10 мг/мл | 3004 20 000 1 |
9 | Рокситромицин 50 мг, 150 мг | 3004 20 000 2 |
10 | Цефазолин 0,5 г, 1 г | 3004 20 000 2 |
11 | Цефепим 1 г | 3004 20 000 2 |
12 | Цефотаксим 1 г | 3004 20 000 1 |
13 | Цефтриаксон 1 г/10 мл, 0,5 г, 1 г | 3004 20 000 2 |
14 | Цефтриаксон+Сульбактам 0,75 г, 1,5 г | 3004 90 000 2 |
15 | Цефтриаксон+Тазобактам 1125 мг | 3004 90 000 9 |
16 | Цефуроксим 125 мг/5 мл, 50 мл, 0,75 мг, 1,5 мг, 250 мг, 500 мг, 700 мг | 3004 20 000 2 |
17 | Левофлоксацин (таблетка, эритме, көз/кулак тамчылары түрүндө) | 3004 90 000 2 |
18 | Дофамин | 3004 90 000 2 |
19 | Фуросемид | 3004 90 000 2 |
20 | Норэпинефрин | 3004 39 000 1 |
21 | Эпинефрин | 3004 90 000 2 |
22 | Натрия хлорид | 3004 90 000 2 |
23 | Фамотидин же Омепразол инъекция түрүндө | 3004 90 000 2 |
24 | Рингера эритмеси | 3004 90 000 9 |
25 | Бир жолу колдонулуучу иньекция шприци 1 мл, 2,5 мл, 5 мл, 10 мл, 20 мл | 9018 31 100 9 |
26 | Суюктук куюу үчүн түзүлүш | 9018 90 500 1 |
27 | Медициналык бет кап (маска) | 3005 90 500 0 6307 90 980 0 |
28 | Хирургиялык операцияларды жүргүзүүдө бейтаптар жана медициналык персонал пайдаланган бир жолку халаттар | 6210 10 920 0 |
29 | Медицина үчүн пайдаланган коргоочу костюмдар же медициналык халаттар | 6203 39 900 0 6210 10 980 0 6211 32 100 0 6211 33 100 0 6211 43 100 0 6211 49 000 9 |
30 | Медициналык максатта пайдалануу жана вирустук оорулардан коргоо үчүн арналган биологиялык коргоочу костюмдар | 62ден |
31 | Дем алуучу башка жабдуулар жана газ маскалары, механикалык бөлүктөрү жана алмаштыруучу чыпкалары жок коргоочу маскалардан тышкары. Респиратордук маскалар | 9020 00 000 0 |
32 | Медициналык коргоочу көз айнектер | 9004төн |
*эскертүү: ЕАЭБ ТЭИ ТН кодун жана дары-дармек, медициналык каражаттардын аталышын жетекчиликке алуу зарыл;
**Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо;
"*** 6307 90 980 0 ЕАЭБ ТЭИ ТН коду менен классификацияланган коргоочу маскалар жана медициналык эмес багыттагы респираторлор ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине төмөнкүлөрдүн негизинде экспорттолот:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин экспорттолуучу товар медициналык максатта колдонулбай тургандыгы жана медициналык буюм болуп саналбай тургандыгы жөнүндө расмий маалыматынын;
- товар Кыргыз Республикасынан чыгарылгандыгы жөнүндө сертификаттын.