Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 20-июлу N 390
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген тизмеге ылайык дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз экспорттоого бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 "Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 "Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 "Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 207 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 "Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ТИЗМЕСИ
№ | Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
Дары-дармек каражаттары | ||
1 | Азитромицин | 3004 20 000 2 |
2 | Амикацин | 3004 20 000 1 |
3 | Амоксициллин+клавулан кислотасы | 3004 10 000 5 |
4 | Ампициллин | 3004 10 000 1 |
5 | Ампициллин+сульбактам | 3004 10 000 1, 3004 10 000 8 |
6 | Апиксабан | 3004 90 000 2 |
7 | Аскорбин кислотасы | 3004 50 000 1, 3004 50 000 6 |
8 | Ацетилсалицил кислотасы | 3004 90 000 6 |
9 | Вазопрессин | 3004 90 000 2 |
10 | Ванкомицин | 3004 20 000 2 |
11 | Гепарин | 3004 90 000 2 |
12 | Гидрокортизон | 3004 32 000 9 |
13 | Диазепам | 3004 90 000 2 |
14 | Дипиридамол | 3004 90 000 2 |
15 | Добутамин | 3004 90 000 2 |
16 | Добутамин гидрохлориди | 3004 90 000 2 |
17 | Допамин | 3004 39 000 |
18 | Жаңы тоңдурулган плазма | 3002 12 000 5 |
19 | Ибупрофен | 3004 90 000 2 |
20 | Имипенем | 3004 20 000 2 |
21 | Инъекция түрүндөгү фамотидин | 3004 90 000 2 |
22 | Ипратропий бромиди | 3004 90 000 2 |
23 | Кетамин | 3004 90 000 2 |
24 | Кларитрамицин | 3004 20 000 2 |
25 | Лансопразол | 3004 90 000 2 |
26 | Левофлоксацин | 3004 20 000 2 |
27 | Линезолид | 3004 20 000 2 |
28 | Меропенем | 3004 20 000 2 |
29 | Мидазолам | 3004 90 000 2 |
30 | Морфин | 3004 90 000 2 |
31 | Надропарина | 3004 90 000 2 |
32 | Натрий хлоридинин изотониялык эритмеси (0,9%) | 3004 90 000 2 |
33 | Норэпинефрин | 3004 39 000 |
34 | Омепразол | 3004 90 000 2 |
35 | Пантопразол | 3004 90 000 2 |
36 | Парацетамол | 3004 90 000 2 |
37 | Пипекуроний | 3004 90 000 2 |
38 | Пиперациллин/тазобактам | 3004 10 000 8 |
39 | Преноксдиазин | 3004 90 000 2 |
40 | Пропофол | 3004 90 000 2 |
41 | Ранитидин | 3004 90 000 2 |
42 | Ривараксабан | 3004 90 000 2 |
43 | Рингер эритмеси | 3004 90 000 2 |
44 | Сальбутамол | 3004 90 000 2 |
45 | Суксаметоний | 3004 90 000 2 |
46 | Теофиллин | 3004 49 000 1 |
47 | Фенилэфрин (мезатон) | 3004 90 000 2 |
48 | Фентанил | 3004 90 000 2 |
49 | Цефепим | 3004 20 000 2 |
50 | Цефоперазон | 3004 20 000 2 |
51 | Цефотаксим | 3004 20 000 2 |
52 | Цефтазидим | 3004 20 000 2 |
53 | Цефтриаксон | 3004 20 000 2 |
54 | Ципрофлоксацин | 3004 20 000 2 |
55 | Эноксапарин | 3004 90 000 2 |
56 | Эпинефрин | 3004 39 000 |
Медициналык буюмдар | ||
57 | 3 секциялуу функциялык керебет | 9402 90 000 0 |
58 | BPAP аппараты | 9019 20 000 0 |
59 | CPAP аппараты | 9019 20 000 0 |
60 | Артериялык басымды өлчөө үчүн портативдүү аппарат (тонометр) | 9018 90 100 0 |
61 | Артериялык басымды өлчөө үчүн портативдүү аппарат (электрондук балдар үчүн) | 9018 90 100 0 |
62 | Бактерициддик рециркулятор | 9018 20 000 0 |
63 | Батареялар менен иштеген байланышсыз термометр | 9025 11 200 9, 9025 19 200 0 |
64 | Баштыкча-резервуары менен бет каптар | 9019 20 000 0 |
65 | Би-Фло аппараты | 9018 90 840 9 |
66 | Бобров аппараты | 9018 90 840 9 |
67 | Борбордук веноздук катетерлер | 9018 39 000 0 |
68 | Вирустук оорулардан коргоо жана медициналык максатта колдонуу үчүн багытталган, биологиялык коргоочу костюмдар | 62 |
69 | Газоанализаторлор | 9027 10 900 0, 9018 90 840 9 |
70 | Гведела аба чыгаруучу , стерилденген, бир жолу колдонулуучу (бир канча өлчөмдөрү) | 9018 90 840 9 |
71 | Дат баспаган болоттон тил депрессорлор топтому | 9018 90 840 9 |
72 | Дефибриллятор | 9018 90 840 9 |
73 | Жеңи бар эндотрахеалдык түтүк | 9018 90 840 9 |
74 | Жеңи жок эндотрахеалдык түтүк | 9018 90 840 9 |
75 | Ийнелер үчүн деструктор | 8514 30 000 0 |
76 | Инфузиялар үчүн системалар | 9018 90 500 9 |
77 | Инфузиялык тамчылатуучу толтургуч | 9018 90 500 9 |
78 | Инъекциялык шприцтер, бир жолу колдонууга | 9019 31 100 9 |
79 | Капнограф | 9018 19 100 0 |
80 | Кароочу кол каптар | 3926 20 000 0, 4015 11 000 0 |
81 | Кварц лампасы | 8539 49 000 0 |
82 | Керебетке монитор | 9018 19 100 0 |
83 | Кол менен иштетилүүчү дем алуу аппараты, балдар үчүн | 9019 20 000 0 |
84 | Кол менен иштетилүүчү дем алуу аппараты, чоңдор үчүн | 9019 20 000 0 |
85 | Кол менен иштетилүүчү ИК термометр | 9025 19 200 0 |
86 | Кооптуу вирустук инфекциялар жуктурулган оорулууларды ташуу үчүн бокс | 3926 90 970 9, 9018 90 840 9 |
87 | Коронавирусту аныктоо үчүн топтом | 3822 00 000 0, 3002 19 000 0 |
88 | Көк кан тамыр ичине куюуга штатив | 9018 90 840 9 |
89 | Кычкылтек концентратору | 9019 20 000 0 |
90 | Кычкылтектик дарылоо үчүн бетти толук жабуучу бет кап | 9020 00 000 0 |
91 | Кычкылтектик дарылоо үчүн мурун-кулкун катетерлери | 9018 39 000 0 |
92 | Ларингоскоп | 9018 90 200 0, 9018 90 840 9 |
93 | Лейкопластырь | 3005 10 000 0 |
94 | Марля | 3005 90 310 0 |
95 | Маска, жарым маска, маска-респиратор, респиратор | 6307 90 980 0, 4818 90 900 0, 4818 90 100 0, 3005 90 500 0 |
96 | Медициналык кебез | 3005 90 100 0 |
97 | Медициналык халат, бир жолу колдонууга | 6203 39 900 0, 6211 49 000 9, 6211 32 100 0, 6210 10 980 0, 6211 43 100 0 |
98 | Медицинада колдонулуучу, коргоочу костюмдар же медициналык халаттар | 6203 39 900 0 6210 10 980 0 6211 32 100 0 6211 33 100 0 6211 43 100 0 6211 49 000 9 |
99 | Медициналык коргоочу көз айнектер | 9004 |
100 | Медициналык эмерек (керебет+тумба+стол) | 9402 90 000 0 |
101 | Мобилдүү рентген аппараты | 9022 14 000 0 |
102 | Мурун канюлялары | 9018 39 000 0 |
103 | ӨЖЖ портативдүү аппарат | 9019 20 000 0 |
104 | ӨЖЖ портативдүү аппараты | 9019 20 000 0 |
105 | Плазманы эриткич | 8419 89 981 0 |
106 | Пульсоксиметр | 9018 19 100 0 |
107 | Тепловизор (портативдүү) | 9027 50 000 0 |
108 | Тепловизор (стационардык) | 9027 50 000 0 |
109 | Термометрлер (электр). | 9025 19 200 0 |
110 | Тест сызыктары менен глюкометр | 9027 80 170 0, 9018 90 840 9 |
111 | УД ингалятору | 9019 20 000 0 |
112 | УДИ портативдүү аппараты | 9018 12 000 0 |
113 | Хирургиялык кол каптар | 4015 19 000 0 |
114 | Хирургиялык сордургуч | 9018 90 840 9 |
115 | Шаймандар үчүн медициналык кол арабалар | 9402 90 000 0 |
116 | Шприцтерге ийнелер (кенен жылчыгы менен) | 9018 39 000 0 |
117 | Шприцтик инфузиялык толтургуч | 9018 90 500 9 |
118 | ЭКГ аппараты | 9018 11 000 0 |
Эскертүү:
(*) ТЭИ ТН кодун, ошондой эле дары-дармек жана медициналык каражаттардын аталышын жетекчиликке алуу зарыл;
(**) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо;
(***) ЕАЭБ ТЭИ ТН 03005 90 500 0, 4818 90 100 0, 4818 90 900 жана 6307 90 980 коду менен классификацияланган маскаларды, жарым маскаларды, маска-респираторлорду, респираторлорду экспорттоо:
- ташып чыгарылуучу товардын ар бир партиясына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген экспорттоонун максатка ылайыктуулугу жана мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы жөнүндө, ошондой эле мындай ташып чыгууларды ишке ашырган уюмдар жөнүндө маалыматты камтыган корутундулар;
- товардын Кыргыз Республикасында өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу;
(****) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ЕАЭБ ТЭИ ТН 6307 90 980 0 коду менен классификацияланган маскаларды, жарым маскаларды, маска-респираторлорду, респираторлорду экспорттоого берилген корутундулар жөнүндө маалыматты ар айлык негизде Евразия экономикалык комиссиясына берип турсун.