Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 54
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
Саламаттык сактоо жаатындагы адистерди даярдоонун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 "Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки медициналык билим берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ординатура жөнүндө жободо:
- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Медициналык тез жардам" адистиги боюнча - 2 жылдан кем эмес;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:
"161. Билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсү ординатурага билим берүү уюмунан алган базалык адистигине тиешелүү болгон гана адистиктер боюнча тапшырууга укуктуу.";
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Ординаторду даярдоо билим берүү уюмунун же илимий-изилдөө уюмунун буйругу менен дайындалуучу клиникалык жетекчинин жана клиникалык база болуп эсептелген саламаттык сактоо уюмунан клиникалык насаатчынын жетекчилиги жана контролу алдында жүргүзүлөт.";
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Ординатурада даярдыктан өтүү убактысы адистиги боюнча стажына, ошондой эле жалпы эмгек стажына кошулат.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 182 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
.3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23(3095) жарыяланды
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |