Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 токтому менен бекитилген |
Ординатура жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 798, 2018-жылдын 30-августундагы № 411, 2020-жылдын 3-февралындагы № 54 , 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 580, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Ординатура жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки билим берүүнүн деңгээлинде медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча ординатурада адамдарды даярдоо тартибин регламенттейт.
2. Медициналык жана фармацевттик билим берүүнүн дипломдон кийинки деңгээлинде адистерди даярдоону менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабай саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жалпы координациялайт.
3. Ординатура ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен ординатурадан өтүү каралган медициналык жана фармацевттик адистиктердин тизмесине ылайык жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн дипломдон кийинки окутуунун адистештирилген жана тереңдетилген деңгээли болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ординатуранын милдети билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн жана практикадан өтүп жаткан адистердин теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
- компетенциялардын каталогу - ординатор тандаган адистиги боюнча даярдоо мөөнөтүнүн аягында ээ болууга тийиш болгон жалпы жана кесиптик компетенциялардын тизмеги;
- клиникалык база - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган клиникалык база катары белгилеген саламаттык сактоо уюму, ал медициналык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыздайт жана пациенттерге медициналык-санитардык жардам көрсөтөт;
- практикалык база - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан практикалык база катары аныкталган, фармацевттик кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыздоочу саламаттык сактоо уюму;
- клиникалык насаатчы - ординатордун даярдыгына жооптуу болгон клиникалык/практикалык базанын квалификациялуу медициналык же фармацевттик кызматкери;
- клиникалык жетекчи - ординаторду практикалык даярдоого жооптуу болгон саламаттык сактоонун билим берүү жана илим-изилдөө уюмунун квалификациялуу медициналык адиси;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- үй-бүлөлүк дарыгер - жарандарга алардын жынысына жана жашына, жашаган жерине карабастан баштапкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүү боюнча көп профилдүү атайын даярдыктан өткөн врач;
- бир багыттагы адистиктеги врач - бул медицинанын бир конкреттүү багытына адистешкен жана ушул багыт боюнча сертификаты бар врач;
- адисти дипломдон кийинки медициналык жана фармацевттик билим берүү деңгээлинде даярдоого коюлган талаптар - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен аттестациялоо жана сертификациялоону өткөрүү тартибин, окуунун узактыгын, түзүмүн жана мазмунун аныктаган стандарт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Медициналык жана фармацевттик адистерди дипломдон кийин даярдаган саламаттык сактоо уюмдары, жогорку кесиптик медициналык билим берүү уюмдары (мындан ары - билим берүү уюмдары), илимий-изилдөө уюмдары менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабай ушул Жобону жетекчиликке алууга тийиш.
7. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдар калкка фармацевттик тейлөө жана медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө ординаторлорду даярдоонун жана тартуунун бирдиктүүлүгүн камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ординатурага кабыл алуу тартиби
8. Ординатурага кабыл алуу конкурстук негизде ишке ашырылат. Ординатурага кабыл алуунун тартиби жана конкурсту өткөрүүнүн шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
9. Конкурска жогорку кесиптик медициналык билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында практикалык иш жүргүзгөн врачтар жана фармацевттер катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ординатурага кабыл алуу медициналык жана фармацевттик адистиктердин тизмесине жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен кабыл алуу планына ылайык жүргүзүлөт.
11. Ординатурага тапшырууда төмөнкү документтерди берүү керек:
- арыз;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө диплому;
- интернатураны аяктагандыгы жөнүндө сертификат;
- кадрларды каттоо боюнча жеке барагы;
- ординатордун каттоо карточкасы;
- өмүр баяны;
- 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.
Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчесин өзү көрсөтөт.
Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында ординатурага документтер электрондук түрдө, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен кабыл алынат, кийин ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин түп нускалары берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 580, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11-1. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында ординатурага кирүү сынактарын аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ординатурага окутууга кабыл алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, билим берүү же илимий-изилдөө уюмдары жана ординатордун ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимге ылайык (мындан ары - үч тараптуу келишим) жүргүзүлөт. Үч тараптуу келишимдин типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
13. Чет өлкөдө медициналык жана фармацевттик жогорку билим алган жактарды ординатурага кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Орто, жогорку, кошумча жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү жөнүндө жобого ылайык билим берүү тууралуу документтерди ырастагандан кийин жүргүзүлөт.
3. Ординатурада даярдоону уюштуруу тартиби
14. Ординаторлорду даярдоо билим берүүгө лицензиясы бар билим берүү же илимий-изилдөө уюмдарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган клиникалык база катары аныктаган саламаттык сактоо уюмдарында ишке ашырылат.
15. Ординатурага даярдоо мөөнөтү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ординатурада даярдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен адисти даярдоого коюлган талаптарга ылайык типтүү окуу пландар жана программалар боюнча жүргүзүлөт.
16-1. Билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган адистиктер боюнча ординатурага тапшырууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ординаторду даярдоо билим берүү уюмунун же илимий-изилдөө уюмунун буйругу менен дайындалуучу клиникалык жетекчинин жана клиникалык база болуп эсептелген саламаттык сактоо уюмунан клиникалык насаатчынын жетекчилиги жана контролу алдында жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Клиникалык жетекчинин/насаатчынын иш жүктөмүнүн ченеми 1:4 түзөт (бир клиникалык жетекчи төрт ординаторду тейлейт).
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Ординатураны бүткөндө бүтүрүүчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен ординатуранын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу аттестациялоону өткөрүү тартибине ылайык бирдиктүү жыйынтыктоочу аттестациялоодон өтүшөт.
19-1. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал шарттарында ординатура бүтүрүүчүлөрүнүн ортодогу жана жыйынтыктоочу аттестацияларын аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Жыйынтыктоочу аттестациялоодон өткөн ординаторлорго билим берүү же илимий-изилдөө уюмдары ординатураны бүткөндүгү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү сертификатты берет. Сертификаттын формасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
21. Ординатуранын бүтүрүүчүлөрү сертификатты алгандан кийин адистин идентификациялык номерин берүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталууга тийиш.
22. Жогорку медициналык билими жөнүндө диплом жана интернатураны жана/же ординатураны бүткөндүгүн тууралуу сертификат кесиптик практикалык ишке уруксат берүү үчүн негиз болуп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22-1. Саламаттык сактоо уюмдары бекитилген бюджеттин алкагында дарыгердик кызматтардын бош орундарына ординаторлорду штатка кабыл алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Контракттык негизде окуган ординаторду окуудан чыгарган учурда билим берүү же илимий-изилдөө уюму ординаторду даярдоого иш жүзүндө кетирген чыгымдардын суммасын кармап калгандан кийин берилген төлөмдү кайтарып берет.
24. Ординаторлорду которуу, окуудан чыгаруу жана окууга кайра киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тартипке ылайык ишке ашырылат.
25. Академиялык өргүү ординаторлого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
26. Бюджеттик негизде окууну бүтүргөн ординатуранын бүтүрүүчүлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча иштеп берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Ординатурада даярдоонун сапатына билим берүү, илимий-изилдөө уюмдары жана клиникалык база болуп саналган саламаттык сактоо уюму жооптуу болушат.
28. Кесиптик медициналык ассоциациялар дипломдон кийинки медициналык жана фармацевттик билим берүүгө адистин, фармацевттин компетенцияларынын каталогун, адистерди даярдоонун талаптарын иштеп чыгуу жолу менен катыша алат; дипломдон кийинки билим берүүнүн деңгээлинде даярдоонун сапатына мониторинг жүргүзүүгө катышат.
29. Билим берүү уюмдары иш айкалыштырып, клиникалык насаатчы катары саламаттык сактоо уюмдарынын врачтарын жана фармацевттерин (провизорлорун) ишке тарта алат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Саламаттык сактоо уюмдары бекитилген бюджеттин чегинде клиникалык насаатчы катарында, ошондой эле билим берүү жана илим-изилдөө уюмдарынын ординаторлорду практикалык даярдоо үчүн базалык маянага кошумча төлөө жана үстөк акы белгилеши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Ординатурада даярдыктан өтүү убактысы адистиги боюнча стажына, ошондой эле жалпы эмгек стажына кошулат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Билим берүү жана илимий-изилдөө уюмдары ординатурада даярдоо мезгилинде ординаторлорду облустук жана райондук деңгээлдердеги региондук клиникалык базаларга адисти даярдоо талаптарына ылайык жиберет, ошондой эле ординаторлорду даярдоого мониторинг жүргүзүү жана клиникалык насаатчыларды жеринде окутуу үчүн клиникалык жетекчилердин региондук клиникалык базаларга чыгуусун камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Клиникалык база болуп эсептелген саламаттык сактоо уюмдары пациенттерге кеңири жетүүсүн, даярдануу үчүн тиешелүү шарттарды, сапаттуу клиникалык насаатчылыкты камсыздашы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Дарылоо-профилактикалык ишти жүргүзгөн ординаторлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобого ылайык эмгегине акы алышат.
35. Ординатуранын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- билим берүү, илимий-изилдөө уюмдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттары;
- ординатурага контракттык негизде тапшырган жеке жактардын каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
36. Дипломдон кийинки медициналык жана фармацевттик билим берүүнү каржылоонун тартиби билим берүү, илимий-изилдөө уюмдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда финансы каражаттарын бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.