Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-февралы № 70
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган долбоорду кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 80-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
160-беренесинде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"160. Сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын жана мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарууга жол берилбестик";
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбайт.";
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик сыр менен байланышкан иштер боюнча өндүрүштө коргоочу же өкүл катары катышкан адвокат, өндүрүшүндө иш турган адам тарабынан адвокаттык ишти аткаруусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбестик жөнүндө жана аларды ачыкка чыгаруу учурунда жоопкерчиликке тартылаары тууралуу эскертилет. Муну менен адвокат тарабынан мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоого милдеттенме берилет. Мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар так аныкталууга жана жашыруун эмес материалдардан өзгөчө бөлүнүүгө тийиш.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" 2018-жылдын 22-январы № 4) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
16-беренесинде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган иштер боюнча жазык сот өндүрүшүндө коргоочу же өкүл катары катышкан адвокаттардын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кабарлоо менен текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн, мындай маалыматтарга жетүүсүнө уруксат берилет.";
б) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенме алынат.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 672-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды камтыган материалдарга мамиле жасоонун жана жетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
2) 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "мамлекеттик жашыруун сыр" деген сөздөр "мамлекеттик сыр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 26-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) ага адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишеним көрсөтүлүп билдирилген же белгилүү болгон мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар менен иштөөнүн белгиленген тартибин сактоого;".
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|