Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-февралы № 71
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары кошумча баяндамачы болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "администрациялык укук бузуучулуктун" деген сөздөр "бузуучулуктун" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 24-статьясынын 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автомототранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабоо жана өз убагында эсепке албоо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.";
3) 28-статьясынын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы жана 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 31-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке, ошондой эле тартип жана жазык жоопкерчилигине алып келет.".
2-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясынын 20-пунктундагы "администрациялык жоопкерчилигинин жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) 53-статьясынын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"укук белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бербегендиги же өз убагында жибербегендиги үчүн жооптуу кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жоопкерчилик, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тартип жоопкерчилигин тартат;".
3-берене.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж. № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
47-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ички жер которуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарбагандыгы жана бузгандыгы үчүн кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылышат, ошондой эле жарандык мыйзамдарга ылайык жарандык-укуктук жоопкерчилик тартышат.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
|