Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-февралы № 72
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
|
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөрдү белгилейт.
1. Аталган мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 27-беренесин 9-категориядагы айып пул менен толуктоо сунушталууда: жеке адамдар үчүн - 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 2000 эсептик көрсөткүч.
Бирок долбоордун негиздеме-маалым катында айдоочунун салмак-габариттик ченемдерин бузгандыгы үчүн 1000 жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салуу кандай негизде аныкталгандыгы тууралуу маалымат камтылган эмес.
Мындан тышкары бул ченем Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин концепциясына каршы келет, себеби аталган Кодекс менен аныкталган айып өлчөмү Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган максималдуу айып пулдун өлчөмүнө тең же андан ашпашы керек. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде максималдуу айып пулдун өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтү түзөрүн маалымат иретинде кабарлайбыз.
Ушуга байланыштуу, эгерде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде айып пулдардын өлчөмүн жогорулата турган болсок, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине да өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 99 буйругу менен кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында соттук-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Ушуга ылайык Мыйзамдын аталган долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 2 чечимин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2840-VI "Сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн иш жөнүндө" токтомун аткаруу максатында түзүлүп, туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңешинде кароону максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
2. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз чечимдерин аталган мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын сунушталуучу долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Башка укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ал тууралуу маалымат негиздеме-маалым катта көрсөтүлүүсү керек.
Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын талдоонун жыйынтыгында, аталган мыйзам долбоору кабыл алынгандыгына байланыштуу кайра каралууга тийиш чечимдер аныкталбаса, сунушталган Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу зарыл.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 130-беренесине өзгөртүү сунушталууда ага ылайык "айдоочунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген автотранспорт каражаттарынын максималдуу жалпы массасына, октук жүк көтөрүмдүүлүгүнө, өлчөмдөрүнө жана башка линиялык параметрлерине коюлган талаптарын, же кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин, же ири габариттүү, же болбосо оор салмактуу транспорт каражаттарын жана атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өткөөлдөрү аркылуу өткөрүү тартибинин башка эрежелерин бузуусу, ошондой эле транспорт каражатын убактылуу токтотуу үчүн кызмат адамынын багыттоо боюнча талаптарын бузуусу 9-категориядагы айып пул салууга алып келерин" - аныктоо сунушталат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 613 токтому менен "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылганын белгилей кетүү керек.
Аталган мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, атап айтканда, транспорт каражаттарынын белгиленген салмак габариттик көрсөткүчтөрүн сактабагандыгы үчүн айып салуу санкциясы каралган. Аталган мыйзам долбоору азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда.
Мындан тышкары, аталган Кодекстин 130-беренесине сунушталган өзгөртүүлөр бул кодекстин колдонуудагы редакциясынын 130-беренесинин 2-бөлүгүн жарым-жартылай кайталайт.
Аны менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери ченемдик укуктук актыларда камтылат. Демек жоопкерчилик, анын ичинде жазык жоопкерчилиги да, ченемдик укуктук актыларда камтылган конкреттүү талаптарды бузуусу үчүн колдонулуусу зарыл.
Мыйзам долбоорунда камтылып, сунушталып жаткан баяндоо укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдү жаратуусу мүмкүн, себеби ал жобо жалпыланган жана баамдоо мүнөзүндө колдонулат, демек тийиштүү субъекттерге дискрециялык ыйгарым-укуктарды берип, бул же тигил кырдаалды өз баамында талкуулоого жол берет.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 130-беренесин 4-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык айдоочунун транспорттук контроль пункттарындагы өткөрмө эрежелерин сактабоосу үчүн айып салуу каралат. Бирок "айдоочунун транспорттук контроль пункттарындагы өткөрмө эрежелерин" жөнгө салган ченемдик укуктук акт жок экенин айта кетүү керек.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун сунушталган ченемин алып салуу зарыл.
4. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 299-беренесин салмак-габариттик ченемдерин бузууларын чагылдыруу үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонууну караган 5-бөлүк менен толуктоо сунушталууда.
Бирок аталган пунктту төмөндөгү редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "5) фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттары бар автоматтык режимде иштеп турган атайын техникалык каражаттар тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин, Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин бузууларды жазып алуу.".
Бул сунуш ири габариттүү же оор салмактуу транспорт каражаттарын автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өткөөлдөрү аркылуу өткөрүү эрежелерин, анын менчик ээсинин уюштуруучулук формасына карабастан автомобилдик транспорт аркылуу ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу тартибин белгилеп, ири габариттүү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу үчүн колдонулуучу транспорт каражаттарынын техникалык абалына, жабдууларына жана кошумча жабдылышына негизги талаптарды, ошондой эле мындай ташуулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-аракеттерин аныктайт.
5. Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин алтынчы абзац менен толуктоо боюнча өзгөртүү киргизүү сунушталууда, ага ылайык салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо боюнча контроль транспорт каражаттарынын жалпы массасын, октук жүк көтөрүмдүүлүгүн, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн орнотулган жабдууларды пайдалануу менен транспорттук контроль пункттарында жүргүзүлөт. Транспорттук контроль пункттарында автоматташтырылган система бар болгондо, салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо боюнча контроль автоматташтырылган система аркылуу гана жүзөгө ашырылат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинин 7-пунктуна ылайык, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттардын уруксатысыз өтүүсүн табуу жана жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана ченөө үчүн жыйымдарды алуу максатында, транспорттук каражаттардын салмагын жана габаритин контролдоо пунктунда өткөрүү контролу жүзөгө ашырылат. Мындан сырткары азыркы учурда транспорт көзөмөл пункттарында салмак-габариттик контролдоо "Электрондук транспорттук көзөмөл" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде аталган Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыктуу эмес деп эсептейбиз.
Маалымат иретинде айтсак, салмак-габариттик контролдоо жүргүзүүдө автоматташтырылган айып салуу концепциясын (моделин) киргизүү азыркы күндөгү жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык төмөндөгү себептерден улам мүмкүн эмес.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, автомобиль жолдорун пайдалануучулар жүк жана жүргүнчү ташуу учурунда автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын оң абалда сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
Аталган мыйзамдын 18-беренесинин 5 жана 6-бөлүгүнө ылайык, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча максималдык өлчөмдөрү, массасы, октук жүк көтөрүмдүүлүгү жана башка линиялык параметрлери боюнча белгиленген ченемдерден ашпаган транспорт каражаттарына, өзү жүрүүчү машиналарга жана механизмдерге өтүүгө уруксат берилет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, аталган ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык, салмак-габариттик контролдоодо "Коопсуз шаар" долбоорунун концепциясын (моделин) колдонуу мүмкүн эмес. Себеби жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү белгиленген ченемдерден ашып ташыган субъекттердин Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунда андан ары жүрүүсүнө жол берилбейт.
Жогорудагыга кошумча автоматташтырылган айып пулду киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренеси жол бербейт.
Ошентип, эреже бузулган жана жоопкерчиликке тартылуучу жак келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттары менен автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун милдеттүүлүгү "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде да көрсөтүлгөн.
6. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында аталган долбоорду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт деп көрсөтүлгөн. Бирок жалпыга белгилүү болгондой, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда мамлекеттик бюджеттен каражат сарпталган. Ал эми салмак-габариттик ченемдерди сактабагандыгы үчүн автоматташтырылган айып пул салуу системасын киргизүү үчүн керектүү жабдууларды алууга техникалык-экономикалык негиздеме түзүү зарыл, ал эми бул болсо республикалык бюджеттен каржылоону талап кылат.
Андан тышкары Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында учурдагы абалды талдоо, бузуулардын саны жөнүндө статистикалык маалыматтар жана алардын терс таасири камтылган эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат.
Бирок негиздеме-маалым катта коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат камтылган эмес.
Аны менен бирге аталган Мыйзамдын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык талдоо керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзам долбоорун ушул корутундуда жазылган сын пикирлер жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну зарыл деп эсептейт.