Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 73
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Үйбүлө кодексине, Балдар жөнүндө кодексине, "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундулары тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов жана Д.Ш.Исаева тарабынан демилгеленген "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов жана Д.Ш.Исаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Үйбүлө кодексине, Балдар жөнүндө кодексине, "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
|
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов жана Д.Ш.Исаева тарабынан демилгеленген "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде жарандык абалдын актыларын каттоонун бирдиктүү системасынын укуктук негиздерин белгилейт.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 6-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан жүргүзүлөт".
Ушуну менен бирге, Мыйзам долбоорунун текстинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жарандык абалдын актыларын каттоону жүзөгө ашыруу каралган жоболор камтылган.
Мында, сунушталган Мыйзам долбооруна ылайык жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан, ошондой эле аймагында ыйгарым укуктуу органдын аймактык органы болбогон административдик-аймактык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жүзөгө ашыра тургандыгы каралганына байланыштуу, Мыйзам долбоорун жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдарга тиешелүү боло турган органдардын тизмегин караган жобо менен толуктоо максатка ылайык деп эсептейбиз.
Баяндалганды эске алуу менен, Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууну, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө тиешелүү күбөлүккө кол коюшун караган жоболорду жарандык абалдын актыларын каттоону калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин атынан жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо органдары тарабынан жүзөгө ашыруу жөнүндө жоболорго алмаштыруу зарыл деп эсептейбиз.
Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилик), анын канцеляриясы (бөлүмү), туруктуу өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси же Кыргыз Республикасынын визалык пункту.
Мында, жүктөлгөн милдеттерине жараша туруктуу өкүлчүлүктөр жана визалык пункттар жарандык абалдын актылардын мамлекеттик каттоо боюнча иштерди жүзөгө ашырышпайт.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүн аныктап көрсөтүү сунушталат. Ошондой эле Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча бул бөлүмдүн функциялары каралган.
Ошол эле учурда, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарына жараша аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда алар жөнүндө жоболорду бекитүү жолу менен бөлүштүрө тургандыгын белгилейбиз.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына таандык болгон кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдардын негизинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келбейт деп эсептейбиз, бул мамлекеттик бийликтин бөлүнүү принциптерин бузууга, Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын чектөөгө алып келет.
3. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүндө жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо "ЖААЖ" АМС аркылуу электрондук түрдө жана кагаз түрүндө жүргүзүлө тургандыгы каралган.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун ушул беренесинин 5-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо бул Мыйзамга ылайык "ЖААЖ" АМС аркылуу чет өлкөдөгү мекемелер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Мында, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери үчүн кагаз түрүндө жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо мүмкүнчүлүгү каралган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун жоболорун бирдей баяндоо максатында долбоорду тиешелүү жоболор менен толуктоону сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүндө жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону "ЖААЖ" АМС аркылуу электрондук түрдө жана кагаз түрүндө жүргүзүү, ага арыз ээси жана жарандык абалдын актысын жазууну жүргүзгөн аймактык бөлүмдүн кызматкери кол коюу, ошондой эле белгиленген тартипте маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу жана "ЖААЖ" АМСга санкцияланбаган кирүү үчүн жоопкерчиликти ыйгарым укуктуу органга жүктөө сунушталат.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык укуктук ченемдерди баяндоодо өтө эле жалпылаштырылган же өтө эле майдаланган туюнтмалар колдонулбашы керек.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында сунушталуучу Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы өтө эле майдаланган болуп саналгандыгына байланыштуу даярдалгандыгы көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам алдындагы актыларында кийин караштыруу менен Мыйзам долбоорунан "ЖААЖ" АМС жөнүндө майдаланган жоболорду алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгү жана 11-беренесинин 2-бөлүгү боюнча ушундай эле сунуштар берилет.
Мындан тышкары, "ЖААЖ" АМСнын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелер сунушталган Мыйзам долбоорунун предмети болуп саналбай тургандыгын белгилейбиз.
5. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 9-бөлүгүндө арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоого берилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат деп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 77 жана 78-пункттарына ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди жасоого жол берилбейт. Мыйзам долбоорундагы бланкеттик аныктамалар мыйзамдардын тармагына, мыйзам актынын түрүнө, жөнгө салуу чөйрөсүнө, айрым эрежелерге шилтеме келтириши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу долбоордо шилтеме кылынган ченемдик укуктук актыларды талдап чыгуу жана алардын жөнгө салуу тармагын же чөйрөсүн көрсөтүү зарыл.
Мыйзам долбоорунун 36-беренесинин 4-бөлүгү жана 40-беренесинин 2-бөлүгү боюнча ушундай эле сын пикирлер берилет.
6. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 10-бөлүгүндө жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат деп белгиленген.
Мындан сырткары, Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 5-бөлүгүндө дагы жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанган күбөлүктү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктоо каралгандыгын белгилейбиз.
Андыктан, Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 5-бөлүгүн ченемдердин кайталанышын четтетүү максатында алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 2-бөлүгү жана 12-беренеси боюнча ушундай эле сын пикирлер берилет.
Мындан тышкары, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо процессин жана жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүүнү натыйжалуу уюштуруу максатында Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 10-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"10. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун жана жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүүнүн тартиби жана уюштурулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
7. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 4-бөлүгүндө жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктар ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган мамлекеттик мекемелерге жана/же мамлекеттик ишканаларга берилиши мүмкүн экендигин белгилөө сунушталат.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болуучу милдеттерди аткарууга багытталган мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжасы.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 85-беренесине ылайык өз ишмердигинин негизги максаты катары пайда табууну көздөгөн (коммерциялык) же мындай максат катары пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн (коммерциялык эмес) уюмдар юридикалык жактар боло алат. Коммерциялык уюмдар катары саналган юридикалык жактар чарбачылык шериктештиктердин жана коомдордун, кооперативдердин, дыйкан (фермердик) чарбаларынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын түрүндө түзүлө алат.
Мындан тышкары жогоруда аталган Кодекстин 158 жана 159-беренелерине ылайык мамлекеттик ишканалар чарба жүргүзүү укугуна негизденген мамлекеттик ишкана жана оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик ишкана болуп бөлүнөт.
Чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкана катары мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналган жана бул ишканага ээлик кылуу ишкердигин жүзөгө ашыруу укугу бекитилген юридикалык жак таанылат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде болгон мүлктүн базасында өзүнө бекитилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу ишкана түзүлүшү мүмкүн.
Ошентип, Мыйзам долбоорунун жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде ыйгарым укуктар ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган мамлекеттик ишканаларга берилиши мүмкүн экендигин аныктоо тууралуу сунушталган жобосу "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келбейт.
8. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 2-бөлүгүндө жарандык абалдын актыларын түзүү үчүн арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтердин тизмеси, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту каралган.
Мында Мыйзам долбоорунун жогоруда аталган беренесинин жоболоруна ылайык бул бөлүктө аталган бардык документтерди берүү зарылдыгы түшүнүлөт.
Ушуга байланыштуу долбоордун аталган беренесинде тизмеленген документтердин бирин гана берүү зарылдыгын тактап көрсөтүүнү сунуштайбыз.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо бекитилген.
Аталган Жобо менен улуттук паспорттордун төмөнкүдөй типтери аныкталган:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунда улуттук паспорттордун кайсынысы жарандык абалдын актыларын түзүү үчүн жарандын ким экендигин ырастоочу документ болуп санала тургандыгын аныктоону сунуштайбыз.
9. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 4-бөлүгүндө ата-энелерде алардын ким экендигин ырастоочу документтер болбогон учурларда баланын туулган фактысын каттоо Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылаарын белгилөө сунушталат.
Ушуну менен бирге, жогоруда аталган ченем шилтеме Мыйзам долбоорунун туура эмес түзүмдүк элементине шилтеме келтиргендигин белгилейбиз. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 4-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгү, 14-беренесинин экинчи абзацы, 22-беренесинин 1-бөлүгү боюнча ушундай эле сын пикирлер берилет.
10. Долбоордун 17-беренесинин 1-бөлүгүндө кош фамилия берүүгө тыюу салуу сунушталууда.
Бирок долбоордун негиздеме-маалым катында сунуш кылынган тыюу салуу боюнча маалымат камтылган эмес.
Ошондуктан, мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катын тиешелүү маалымат менен толуктоону сунуш кылабыз.
11. Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 7-бөлүгүндө ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы атасынын же чоң атасынын аты боюнча "-ов", "-ев" "-ова" "-ева" мүчөлөрүн кошуу менен жазылышы мүмкүн экендиги каралган.
Кыргыздын улуттук салттары боюнча: эркек балдар үчүн "уулу" жана кыз балдар үчүн "кызы" же мындай кошумчасыз жазылат.
Ошону менен бирге "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык ата-эненин каалоосу боюнча балдардын фамилиясы атасынын же чоң атасынын аты боюнча же кыргыз улуттук салттарын сактоо менен коюлушу мүмкүн.
Ошентип, Мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясы өзүнүн маңызына жараша кыргыздын улуттук салттары боюнча эркек балдар үчүн "уулу" жана кыз балдар үчүн "кызы" деген же мындай кошумчасыз фамилиялардын толук тизмегин белгилөөдө.
Бирок укук колдонуу практикасында кыргыз улутундагы адамдардын арасында "тегин" деген сөздү кошуу учурлары же атасынын аты боюнча алынган фамилиялар кезигет.
Ушуга байланыштуу, кыргыздын улуттук салттарына ылайык фамилиялардын толук тизмегин белгилөө боюнча маселелерди өз ара макулдашылган чечим кабыл алуу үчүн илимий жана коомдук чөйрөлөрдүн катышуусу менен кеңейтилген талкууга чыгаруу зарыл деп эсептейбиз.
12. 22-беренесинин 5-бөлүгүндө аймактык бөлүмдүн никеге турууну мамлекеттик каттоодон баш тартышы никелешүүнү каалаган адамдар (алардын бири) тарабынан административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн экендигин белгилөө сунушталат.
Бирок "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык административдик акт, администрациялык органдын аракети же аракетсиздиги административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми кийин - сот тартибинде даттанылат.
13. Мыйзам долбоорунун 34-беренесинин аталышына ылайык бул беренеде жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздерди кароо сунуш кылынган.
Ал эми Мыйзам долбоорунун 34-беренесинин 3-бөлүгүндө баланы же кызды асырап алуу, ошондой эле аталыкты белгилөө тартибин жөнгө салуу сунушталат.
Бирок бул маселелер Мыйзам долбоорунун сунушталган беренесинде каралуучу предмет болуп саналбайт.
14. Мыйзам долбоорунун 34-беренесин "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 5-бөлүгүн эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз, ага ылайык жарандык абалдын актыларын жазуу органдары аскерге милдеттүүнүн жана чакырылуучунун фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү жана жери өзгөргөнү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аскерге милдеттүү жана чакырылуучу каза болгону катталган жагдайлар жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына үч күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
15. Мыйзам долбоорунун 35-беренесинин 2-бөлүгүндө эгер жарандык абал актысынын жазуусу Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актысын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген эрежелер эске алынбастан жүргүзүлсө жарандык абал актыларынын жазуусуна оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутунду аймактык бөлүм тарабынан түзүлө тургандыгын белгилөө сунушталат.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин редакциясына ылайык каралып жаткан Мыйзам долбоору менен жарандык абалдын актыларын каттоонун бирдиктүү системасынын укуктук негиздери белгиленген.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 2-бөлүгүндө жарандык абалдын актыларын каттоону караган Кыргыз Республикасынын кайсы мыйзамдары жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактоону сунуш кылабыз.
16. Мыйзам долбоорунун 10-главасында корутунду жоболорду кароо сунушталган, атап айтканда сунушталып жаткан Мыйзам долбоорун бузуу үчүн аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө жоболор каралган 40-берене киргизилген.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 11-пунктуна ылайык мыйзам долбоорлорунун корутунду жоболору түрүндө ченемдик укуктук актынын күчүнө кирүү тартиби жана мамлекеттик органдарга берилүүчү тапшырмалар баяндала тургандыгын белгилейбиз.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 12-беренесине жана Нускаманын 35-пунктуна ылайык, мыйзам долбоорунун беренелери - мыйзам долбоорунун ченемдик буйрумду камтыган негизги структуралык элементи экендигин белгилөө зарыл.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 41 жана 42-беренелерин корутунду жоболор каралган бир беренеге бириктирүү зарылдыгын белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун редакциясына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда аны ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам алдындагы актыларды кабыл алышы зарыл.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катына ылайык Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган тиешелүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгышы зарыл болот.
Ошого байланыштуу Мыйзам долбоорунун 42-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы каралгандыгын белгилөө зарыл.
Бирок, Мыйзам долбоорунун 42-беренесинин 1-бөлүгү менен Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Мында көрсөтүлгөн карама-каршылыктар убакыттын ичиндеги боштуктун пайда болушуна алып келиши ыктымал жана бул мезгилдин аралыгында коомдук мамилелер жөнгө салынбай калышы мүмкүн экендигин белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн алты айга чейин узартууну сунуштайбыз.
17. Мыйзам долбоорунун текстинде колдонулган түшүнүктөрдү туура баяндоо максатында "мыйзамдаштыруу" деген сөздү "консулдук мыйзамдаштыруу" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзам долбоорун ушул корутундуда айтылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 73 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Үйбүлө кодексине, Балдар жөнүндө кодексине, "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов жана Д.Ш.Исаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Үйбүлө кодексине, Балдар жөнүндө кодексине, "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 82-беренесинин 2-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абал актыларын жазуу органдары тарабынан эки окшош нускада, бири автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу электрондук түрдө, башкасы кагаз түрүндө жүргүзүлөт. Ушул жазуулардын негизинде жарандарга күбөлүктөрдү берүү жүргүзүлөт.
Бирок, сунушталган "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жарандык абал актыларын жазуу органдарынын тизмесин камтыбагандыгын белгилейбиз.
2. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2 жана 3-пункттарында Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 63-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацын ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы атасынын же чоң атасынын аты боюнча "-ов", "-ев" "-ова" "-ева" мүчөлөрүн кошуу менен жазылышы мүмкүн деген редакцияда баяндоо сунушталууда.
Кыргыздын улуттук салттары боюнча: эркек балдар үчүн "уулу" жана кыз балдар үчүн "кызы" же мындай кошумчасыз жазылат.
Бирок Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин колдонуудагы редакциясына ылайык ата-эненин каалоосу боюнча балдардын фамилиясы атасынын же чоң атасынын аты боюнча же кыргыз улуттук салттарын сактоо менен коюлушу мүмкүн.
Ошентип, Мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясы өзүнүн маңызына жараша кыргыздын улуттук салттары боюнча эркек балдар үчүн "уулу" жана кыз балдар үчүн "кызы" деген же мындай кошумчасыз фамилиялардын толук тизмегин белгилейт. Мындан тышкары, практикада "тегин" деген сөздү кошуу учурлары жана атасынын аты боюнча алынган фамилиялар кезигет.
Ушуга байланыштуу, кыргыздын улуттук салттарына ылайык фамилиялардын толук тизмегин белгилөө боюнча маселелерди өз ара макулдашылган чечим кабыл алуу үчүн илимий жана коомдук чөйрөлөрдүн катышуусу менен кеңейтилген талкууга чыгаруу зарыл деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзам долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.