Загрузка документа…
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 токтомуна) |
|
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартиби
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 28 января 2022 года № 30)
1. Ушул Тартип (мындан ары - Тартип) менен мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо эрежелери белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы (мындан ары - Президенттин Администрациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын (мындан ары - ЕАЭБ органдары) жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча документтерди (материалдарды) алгандан кийин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 98 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын иш регламентинин 21 жана 68-пункттарына ылайык эки жумуш күндүн ичинде (кошумча маселелер боюнча келип түшкөн күндөн кечиктирбестен) жооптуу мамлекеттик органдардын матрицасын түзөт жана материалдарды төмөнкүлөргө жөнөтөт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине - ЕАЭБ органдарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позицияларынын долбоорун, ошондой эле Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына сүйлөөчү сөздөрдүн тезистерин түзүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине - өз компетенциясынын чегинде ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камтыган башка эл аралык-укуктук актыларга шайкеш келүүсүн кароо, андан ары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине позициясын берүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине - өз компетенциясынын чегинде ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкеш келүүсүн кароо, андан ары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине позициясын берүү үчүн;
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибинин 1-тиркемесине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бекитип берилген иш чөйрөлөр боюнча ыйгарым укуктуу органдарга - ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштамаларынын) долбоорлору, анын ичинде алардын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камтыган эл аралык-укуктук актыларга шайкеш келүүсү боюнча позицияларды, ошондой эле ЕАЭБ органдарынын чечиминин долбоорунда белгилөөгө сунушталгандан башка эрежелерди камтыган Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын тизмесин даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине киргизүү үчүн;
- кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга - ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлорун, андан ары кароонун жыйынтыгын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берүү менен, анын ичинде алардын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камтыган эл аралык - укуктук актыларга шайкеш келүүсүн, ошондой эле ЕАЭБ органдарынын чечиминин долбоорунда белгилөөгө сунушталгандан башка эрежелерди камтыган Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын тизмесин кароо үчүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эгерде ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоору ишкердик субъекттеринин ишине таасир көрсөтсө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чечимдин мындай долбоорун тиешелүү чөйрөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен талкуулашат.
Бизнес-коомчулук менен талкуулоо жана коомдук талкуулоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен чечимдин долбоорун жеткире иштеп чыгуу стадиясында жүргүзүлөт.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жиберилет жана ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формадагы позицияда көрсөтүлөт.
Жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлорун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен талкуулабаганы үчүн жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар зарыл болгон учурда ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлорун башка кызыкдар болгон мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
5. ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча позицияларды түзүүгө жооптуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын пикирлерин эске алуу менен позициясын даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине төмөндө белгиленген мөөнөттө киргизет:
- Жогорку Евразия экономикалык кеңештин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча - 3 (үч) жумуш күндүн ичинде;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча - 10 (он) жумуш күндүн ичинде.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоору боюнча позицияларды жалпылайт жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Кеңештин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындары болор күнгө чейин 5 (беш) жумуш күн мурда күн тартиби боюнча Президенттин Администрациясына макулдашууга жиберет;
2) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартиби маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик органдар менен макулдашуу кеңешмелерин өткөрөт;
3) ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартиби маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Президенттин Администрациясына мамлекеттик органдар менен макулдашуу кеңешмелерин өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет;
4) зарыл болгон учурда айрым маселелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кароо үчүн Президенттин Администрациясына сунуш киргизет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Евразия экономикалык бирлигинин ишин тейлеген орун басарынын (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү) деңгээлиндеги макулдашуучу ведомстволор аралык жыйындардын жыйынтыгы боюнча, Президенттин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмү 2 (эки) жумуш күндүн ичинде тиешелүү протоколду түзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Президенттин Администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашылган ЕАЭБ органдарынын жыйындары боло турган күнгө чейин үч жумуш күн мурда позициясын Евразия экономикалык комиссиясына жиберет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча позиция берилбесе, ошондой эле маселени бизнес-коомчулукта талкуулоо жөнүндө маалымат жок болсо, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бул тууралуу Президенттин Администрациясына кабарлайт. ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) аткарылышы үчүн жоопкерчилик жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
7. ЕАЭБ маселелерин координациялоочу Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Евразия экономикалык бирлигинин ишин тейлеген орун басары (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү) менен макулдашуу боюнча:
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарына документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибине 2-тиркемеге ылайык ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелерди Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кароого жиберет;
- даярдалган документтерге (материалдарга) оңдоолорду киргизет жана киргизилген өзгөртүүлөрдү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашат;
- ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын акыркы позициясын түзүү үчүн макулдашылган материалдарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарына Жогорку Евразия экономикалык кеңештин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын боло турган жыйындарына 3 (үч) жумуш күн калганда берет;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер болсо, ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартиби маселеси боюнча ушул мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу кеңешмесин өткөрөт.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибине 2-тиркемеде көрсөтүлгөн Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча жүйөлүү позициясын Президенттин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнө төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жиберүүгө тийиш:
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча - 5 (беш) жумуш күндүн ичинде;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча - 10 (он) жумуш күндүн ичинде.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Евразия экономикалык бирлигинин маселесин жетектөөчү (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөсү) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен ЕАЭБ органынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлору боюнча жалпыланган позицияларды алгандан кийин:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда талаш маселелер боюнча кайчы пикирлер пайда болсо акыркы чечимди чыгарат;
- ЕАЭБ органынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлору боюнча позицияларды макулдашат;
- зарылчылыгына жараша ЕАЭБ органынын жыйынынын күн тартибиндеги маселелер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери менен кеңешмелерди өткөрөт;
зарылдыгына жараша ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлору боюнча позицияларды Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашат же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынынын кароосуна киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Президенттин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмү:
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн даярдалган документтерди (материалдарды) Президенттин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет;
- Евразия өкмөттөр аралык экономикалык кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн даярдалган документтерди (материалдарды) Президенттин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн даярдалган документтерди (материалдарды) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ЕАЭБ маселелерин тейлеген орун басарына (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсүнө) берет;
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жалпыланган позицияларын макулдашат жана ЕАЭБ органдарынын боло турган жыйынына төрт жумуш күн калганга чейин макулдашылган позицияны андан ары Евразия экономикалык комиссиясына жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
| Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибине 1-тиркеме |
Позиция
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жыйындын күн тартибинин пунктунун номери көрсөтүлөт.
2. Жыйындын күн тартибине ылайык маселенин аталышы көрсөтүлөт.
3. Маселенин мааниси кыскача баяндалат.
4. Чечимдин (буйруктун, сунуштун) долбоору менен сунуштала турган маселе көрсөтүлөт.
5. Эгерде маселе болсо - бул маселе боюнча ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин алдын ала позициялары көрсөтүлөт (эксперттердин деңгээлинде иштеп чыгууда айтылган позицияларды көрсөтүү зарыл).
6. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын позициясы, ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин позициялары негиздемеси менен көрсөтүлөт.
7. Аталган маселенин тиешелүү тармактагы ишкер субъекттердин өкүлдөрү менен макулдашылганы/макулдашылбаганы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
8. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
* Позицияга башка кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын позициялары тиркелет (жооптуу мамлекеттик органдардын матрицасына ылайык).
ЕАЭБ органдарынын жыйындары башталганга чейин 1 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна келип түшкөн документтер (материалдар), ошондой эле кызматтык пайдалануу үчүн документтер (материалдар) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын позициясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөкөйлөтүлгөн түрдө берилиши мүмкүн.
ЕАЭБ органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кароосуна кошумча келип түшкөн документтер (материалдар) боюнча мамлекеттик органдын позициясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөкөйлөтүлгөн түрдө ыкчам тартипте берилет.
|
| "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибине 2-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө ишинин багыты боюнча бекитип берилген ИШ ЧӨЙРӨЛӨР
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттери | Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү |
1 | Интеграцияны өнүктүрүү департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
2 | Макроэкономикалык саясат департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмү |
3 | Статистика департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
4 | Ишкердик ишти өнүктүрүү департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
5 | Финансылык саясат департаменти | Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
6 | Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаменти | Социалдык блокту тейлеген башкы эксперт |
7 | Өнөр жай саясаты департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
8 | Агроөнөр жай саясаты департаменти | Агроөнөр жай комплекси блогун тейлеген башкы эксперт |
9 | Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
10 | Ички рынокту коргоо департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
11 | Соода саясаты департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
12 | Техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
13 | Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаменти | Агроөнөр жай комплекси блогун тейлеген башкы эксперт, Социалдык блокту тейлеген башкы эксперт |
14 | Бажы инфратүзүмү департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
15 | Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу тажрыйбасы департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
16 | Транспорт жана инфратүзүм департаменти | Транспорт жана инфратүзүм блогун тейлеген башкы эксперт |
17 | Энергетика департаменти | ОЭК тейлеген башкы эксперт |
18 | Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
19 | Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
20 | Маалыматтык технологиялар департаменти | Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм |
21 | Ички рыноктордун иштөө департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт ОЭК тейлеген башкы эксперт, Транспорт жана инфратүзүм блогун тейлеген башкы эксперт, Агроонөр жай комплекси блогун тейлеген башкы эксперт, Социалдык блокту тейлеген башкы эксперт |