Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-августу № 457
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор менен камсыз кылуу жагынан "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук жолдомолорду сатып алуу үчүн каражаттарды социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын бөлүп турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган райондук, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор менен өз учурунда камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |