Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-майы № 273
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салыктык башкарууну өркүндөтүү, соода ишин тартипке келтирүү жана салык төлөбөй экономикалык иш жүргүзүү фактыларына жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринде:
2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 2.3-бөлүк менен толукталсын:
"2.3. Базарлардын жана соода борборлорунун (үйлөрдүн) дирекциясына коюлуучу талаптар
501. Базарлардын жана соода борборлорунун (үйлөрдүн) дирекциясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ишкердик субъект өзүнүн ишкердик ишин жүргүзүүгө негиз болгон ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген документ (салык органдарында каттоонун жана/же патенттин, ошондой эле камсыздандыруу полисинин болуусу) менен айыл чарба продукциясын, тамак-аш продуктуларын, азык-түлүк эмес товарларын сатуу жана/же сактоо үчүн, коомдук тамактануу объекттери, калкка кызмат көрсөтүү үчүн ишкердик субъекттерге жайларды жана соода аянттарын ижарага берүүгө;
- ички иштер органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоо жана укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча контролду жүргүзүүгө;
- ишкердик субъекттер менен түзүлгөн келишимдер (ишкананын аталышы же ишкердин аты-жөнү, ИСНи, келишимдин колдонуу мөөнөтү, берилген соода оруну (контейнер, павильон ж.б.) үчүн ижара акысынын суммасы) жана аларга киргизилген өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, ижарачы жана ижарага берүүчү пайдаланган контролдук-кассалык машиналар бар же жоктугу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аныкталган шифр менен белгиленген жана номерленген соода орундарынын жайгашуу схемасын, лицензиялар бар болсо, анда алар тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен ижарачылардын реестрин жүргүзүүгө. Көрсөтүлгөн маалыматтарды салык кызматы органдарынын суроо-талабы боюнча берүүгө.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 16-июнундагы № 46 (3118) жарыяланды
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |